Менделеевдин мезгилдик системасы
Автор скрыт
30.01.2025.
Тест. Физика, 9 класс
Бул тема боюнча 15 суроо түзүлгөн. Суроолорго туура жана так жооп бергенге аракеттенебиз.
Система оценки:
5* балльная
Список вопросов теста
Вопрос 1
Атомдун ядросунда эмне бар?
Варианты ответов
- нейтрондор жана протондор
- протондор жана электрондор
- электрондор жана нейтрондор
Вопрос 2
Кайсы бөлүкчө атомдун химиялык касиетин аныктайт?
Варианты ответов
- нейтрон
- протон
- электрон
- ядро
Вопрос 3
Эң жеңил элемент кайсы?
Варианты ответов
- гелий
- кычкылтек
- суутек
- литий
Вопрос 4
Электрондор атомдун кайсы бөлүгүндө жайгашкан?
Варианты ответов
- ядронун ичинде
- орбиталарда
- протондордун арасында
- нейтрондун жанында
Вопрос 5
Элементтердин мезгилдик системасындагы мезгилдери эмнени түшүндүрөт?
Варианты ответов
- атомдун сырткы орбитасындагы электрондордун санын
- канча орбитада электрондордун жайгашканын
- атомдогу жалпы электрондордун санын
Вопрос 6
Алтындын катар номери канча?
Варианты ответов
- 79
- 88
- 97
Вопрос 7
Элементтердин системасындагы группа эмнени билгизет?
Варианты ответов
- атомдун сырткы орбитасындагы электрондун санын
- канча катмарда электрондордун жайгашканын
- атомдогу жалпы электрондордун санын
Вопрос 8
Бордун экинчи постулаты боюнча атом качан нур чыгарат?
Варианты ответов
- атомдордо электрондор жогорку энергетикалык деңгээлден төмөнкү энергетикалык деңгээлге өтүүдө
- атомдордо электрондор төмөнкү энергетикалык деңгээлден жогорку энергетикалык деңгээлге өтүүдө
- электрондор ядронун айланасында айлануусунда
Вопрос 9
Бордун биринчи постулаты кандай айтылат?
Варианты ответов
- атомдордо электрондор өзгөчө стационардык абалда гана болот. Бул абалда атом нур жутпайт жана нурду чыгарбайт.
- атом бир стационардык абалдан экинчисине өтүүдө электр-магниттик энергиянын квантын жутат же чыгарат
- Атом дайыма нурданып турат
Вопрос 10
Бордун экинчи постулаты кандай айтылат?
Варианты ответов
- атомдордо электрондор өзгөчө стационардык абалда гана болушу мүмкүн. Бул абалдарда атом нурданбайт
- атом бир стационардык абалдан экинчиге өтүүдө электр-магниттик энергиянын квантын жутат же чыгарат,
- атом дайыма нурданып турат
Вопрос 11
Элементтердин атомдук массасы эмнени түшүндүрө?
Варианты ответов
- ядродогу протон менен электрондордун санынын суммасы
- ядродогу нейтрон менен протондун санынын суммасы
- атомдогу электрон менен нейтрондун санынын суммасы
Вопрос 12
Гелийдин атомунда канча протон жана канча нейтрон бар?
Варианты ответов
- эки протон жана эки нейтрон
- бир протон жана үч нейтрон
- үч протон жана бир нейтрон
Вопрос 13
Постулат деген эмне?
Варианты ответов
- өтө терең терең ой жүгүртүүнүн негизинде формулировкаланган жобо
- эксперименте далилденген жобо
- экөө тең туура
Вопрос 14
Томсондун атомдун модели кандай аталган?
Варианты ответов
- кекстеги жүзүм
- планетардык
- тегерек формада
Вопрос 15
Ак жарыктын призма аркылуу өткөндө түстөргө ажырашы кандай кубулуш болот?
Варианты ответов
- дифракция
- интерференция
- дисперсия
Получите комплекты видеоуроков + онлайн версии
Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по физике 9 класс
0
100
Нравится
0


