Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  10 класс  /  Механикадагы сакталуу закондору - 1

Механикадагы сакталуу закондору - 1

Avatar
28.12.2023. Тест. Физика, 10 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Нерсенин импульсу. Кыймыл санынын сакталуу закону. Механикалык жумуш. Кубаттуулук темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://www.okuma.kg/books.php?id=5 дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Массасы 5 кг болгон нерсеге 2 секунд бою 10 Н күч аракет этет. Нерсенин баштапкы ылдамдыгы 3 м/с. Күчтүн таасиринен кийин нерсенин импульсу ... барабар.

Варианты ответов
  • 20 Н\(\cdot c\)

  • 25 Н\(\cdot c\)

  • 30 Н\(\cdot c\)

  • 35 Н\(\cdot c\)

  • 40 Н\(\cdot c\)

Вопрос 2

Импульстун сакталуу закону .....  аткарылат.

Варианты ответов
  • аракеттенишүүнүн натыйжасында нерселер өз ара кагылышса
  • жарыктын ылдамдыгына салыштырмалуу кичине ылдамдыктар үчүн
  • туюк системаларда
  • Жердин тартылуу талаасындагы нерселер үчүн
  • туюк эмес системаларда
Вопрос 3

Массасы 100 г болгон катуу шарча 20 м бийиктиктен горизонталдык плитага түшүп, андан абсолюттук серпилгичтүү түрдө кайра ыргыды. Плита алган импульсту  аныктагыла.

Варианты ответов
  • 0,7 кгм/с
  • 1,4 кгм/с
  • 0
  • 2 кгм/с
  • 4 кгм/с
Вопрос 4

Жалпы массасы 40 т   болгон токтоп турган платформада орнотулган замбирек горизонталдуу багытта жолду бойлото катары менен эки жолу атат. Снаряддын массасы 20 кг, ылдамдыгы 1000 м/с. Платформанын ылдамдыгы экинчи аткандан кийин эмнеге барабар?

Варианты ответов
  • 1,15 м/с
  • 1,10 м/c
  • 0,999 м/c
  • 0,909 м/c
  • 1 м/c
Вопрос 5

Эгерде бир эле чоңдуктагы күчтүн аракети менен нерсе мурдагыдан эки эсе чоң жолду басып өтсө, анда аткарылган механикалык жумуштун чоңдугу кандайча өзгөрөт?

Варианты ответов
  • жумуштун чоңдугу 2 эсе өсөт
  • жумуштун чоңдугу өзгөрүлбөйт
  • жумуштун чоңдугу 4 эсе өсөт
  • жумуштун чоңдугу 2 эсе кичирейет
  • жумуштун чоңдугу 4 эсе кичирейет
Вопрос 6

Массасы 4 кг болгон эркин түшүүчү телонун ылдамдыгы убакыттын кандайдыр бир интервалында       2 м/с дан 8 м/с га чейин чоңоет. Ушул аралыктагы оордук күчүнүн жумушун тапкыла?

Варианты ответов
  • 100 Дж
  • 110 Дж
  • 130 Дж
  • 120 Дж
  • 1200 Дж
Вопрос 7

Кыймылдагы нерсеге аракет эткен кайсы күч жумуш аткарбайт?

Варианты ответов
  • которулуш векторуна карама-каршы багытталган күч
  • которулуш вектору боюнча багытталган күч
  • которулуш векторуна перпендикуляр багытталган күч
  • бардык күчтөр жумуш аткарат
Вопрос 8

Массасы 500 кг болгон  жүктү кран 5 м бийиктикке бир калыпта көтөрдү. Кран кандай жумуш аткарды?

Варианты ответов
  • 25 Дж
  • 250 Дж
  • 2500 Дж
  • 15000 Дж
  • 25000 Дж
Вопрос 9

Шаркыратманын бийиктиги 50 м. Андан ар бир 5 минутада 360 м3 суу агып түшүп турат. Шаркыратманын кубаттуулугун тапкыла.                    (\(\rho\) =1000 кг/м3)

Варианты ответов
  • 660 кВт
  • 620 кВт
  • 600 кВт
  • 560 кВт
  • 580 кВт
Вопрос 10

Массасы 100 кг болгон  нерсе 25 м бийиктикке 2 м/с2 ылдамдануу менен көтөрүлөт. Нерсени көтөрүүдө кандай жумуш аткарылат?

Варианты ответов
  • 25 кДж
  • 30 кДж
  • 5 кДж
  • 20 кДж
  • 10 кДж
Вопрос 11

Тело 3 күчтүн аракети менен горизонталдык багытта кыймылдайт. Ушул күчтөрдүн ичинен кайсынысы чоң жумуш аткарат?

Варианты ответов
  • F1

  • F2

  • F3

  • бардык күчтөр бирдей жумуш аткарышат
  • F1 жана F2

Вопрос 12

Кайсы учурда автоунаанын кыймылдаткычы чоң жумуш аткарат? 

1) ордунан жылып ылдамдыгын 36 км/саатка жеткирүү үчүн;

2) ылдамдыгын 36 км/сааттан 72 км/саатка өрчүтүү үчүн;

Варианты ответов
  • биринчи учурда
  • экинчи учурда
  • жумуш бирдей
  • жообу автоунаанын массасынан көз каранды
Вопрос 13

Тепловоз массасы 2000 тонна  болгон поездди 54 км/саат ылдамдык менен горизонталдуу жол боюнча бир калыпта жылдырат. Эгерде сүрүлүү коэффиценти 0,005 болсо, 1 мин ичинде тепловоз кандай жумуш аткарат?

Варианты ответов
  • 5\(\cdot10^5\) Дж

  • 9\(\cdot10^7\) Дж

  • 7\(\cdot10^7\) Дж

  • 6\(\cdot10^4\) Дж

  • 4\(\cdot10^3\) Дж

Вопрос 14

Көтөрүүчү кран массасы 2 тонна  болгон жүктү бир калыпта көтөрөт. Крандын кыймылдаткычынын кубаттуулугу 7,4 кВт. Крандын ПАК 60% болсо, анын жүктү көтөрүү ылдамдыгын аныктагыла.

Варианты ответов
  • 0,37 м/с
  • 0,22 м/с
  • 0,11 м/с
  • 0,18 м/с
  • 0,29 м/с
Вопрос 15

Массасы 3 кг болгон нерсе, тынч абалынан чыгып, 4 м/с2 ылдамдануу менен 5 с бою кыймылдады. Аткарылган жумуштун чоңдугун аныктагыла.

Варианты ответов
  • 200 Дж
  • 600 Дж
  • 300 Дж
  • 400 Дж
  • 500 Дж
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт