Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  10 класс  /  Механика бөлүмү боюнча тест

Механика бөлүмү боюнча тест

Avatar
04.06.2022. Тест. Физика, 10 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Базалык деңгээлде, оң баа алуу үчүн 10 тапшырмадан 8 тапшырмага туура жооп беришиңер керек. Эгерде базалык деңгээлдеги тапшырмаларды аткарган болсоң, анда өз билимиңди көрсөтүү жана “4” деген баа алуу үчүн кара тамга белгиленген 4 тапшырманын ичинен каалаган 3 тапшырманы тандайсын. Эгер өз билимиңди жогорку деңгээлде көрсөтүп, эң жогорку “5” деген баа алууну кааласаң, кара тамга менен белгиленген 2 тапшырманын ичинен дагы 1 тапшырманы тандайсын

Список вопросов теста

Вопрос 1

1. Төмөндөгү берилген физикалык чоңдуктардын кайсынысынын бирдиги м/с?

Варианты ответов
  • күч
  • импульс
  • жумуш
  • ылдамдык
  • ылдамдануу
Вопрос 2

Телонун кыймылынын эки түрүн карап көрөлү:

А. Метро поезди түз сызык боюнча жүрөт. Ал ар бир станцияга келип, бирдей убакыт аралыгында андан ары кететбббббббб.

Б. Спутник Жердин айланасында айланууда бирдей убакытта, бирдей аралыкты басып өтөт.

Телонун кыймылы кайсыл учурда бир калыптагы кыймыл болот?

Варианты ответов
  • эки учурда тең
  • эки учурда тең болбойт
  • А да гана
  • Б да
Вопрос 3

Төмөндөгү физикалык чоңдуктардын кайсынысы вектордук чоңдук болуп саналат?

Варианты ответов
  • масса
  • тыгыздык
  • жол
  • ылдамдык
  • температура
Вопрос 4

Жолдун түз бөлүгүндө автомобиль ылдамдыгын азайтып, токтойт. Ылдамдануу векторунун багыты ... .

Варианты ответов
  • нөлгө барабар
  • автомобилдин багытына каршы багытталган
  • вертикалдуу жогору көздөй багытталган
  • автомобилдин багыты боюнча багытталган
  • вертикалдуу төмөн көздөй багытталган
Вопрос 5

Нерсе радиусу 1м болгон айлананы толук айланып чыкты. Нерсенин басып өткөн жолу эмнеге барабар?

Варианты ответов
  • 0,5 м
  • 1 м
  • 0 м
  • 6,28 м
  • 3,14 м
Вопрос 6

Катер суунун агымы боюнча жээкке салыштырмалуу  10 км/саат ылдамдык менен сүзөт, ал эми агымдын багытына каршы 6 км/саат ылдамдык менен сүзөт. Суунун агымынын ылдамдыгы эмнеге барабар?

Варианты ответов
  • 2 км/саат
  • 4 км/саат
  • 6 км/саат
  • 10 км/саат
  • 16 км/саат
Вопрос 7

 

Баштапкы ылдамдыгы 8 м/с, массасы 2 кг болгон телону токтотуш үчүн кандай  жумуш аткарыш керек?

 

Варианты ответов
  • 64 Дж
  • 60 Дж
  • 16 Дж
  • 4 Дж
  • 2 Дж
Вопрос 8

Кайсы учурда автоунаанын кыймылдаткычы чоң жумуш аткарат?

1) ордунан жылып ылдамдыгын 36 км/саатка жеткирүү үчүн;

2) ылдамдыгын 36 км/сааттан 72 км/саатка өрчүтүү үчүн;

Варианты ответов
  • биринчи учурда
  • экинчи учурда
  • жумуш бирдей
  • жообу автоунаанын массасынан көз каранды
Вопрос 9

Нерсени кандайдыр бир бийиктиктен коё бергенде, ал 11 с убакыт ичинде түштү. Нерсе кандай бийиктиктен түшкөн?

Варианты ответов
  • 1000 м
  • 605 м
  • 300 м
  • 175 м
  • 110 м
Вопрос 10

 

Нерсенин ылдамдануусу 5 м/с2, массасы 3 кг. Ага таасир эткен күчтүн чоңдугу эмнеге барабар?

 

Варианты ответов
  • 15 Н
  • 10 Н
  • 5 Н
  • 1 Н
  • 2 Н
Вопрос 11

Сааттын минуталык жебесинин бурчтук ылдамдыгы саат жебесинин

бурчтук ылдамдыгынан ... чоңураак.

Варианты ответов
  • 36 эсе
  • 12 эсе
  • 24 эсе
  • 60 эсе
  • 10 эсе
Вопрос 12

Бала 1 мүнөттүн ичинде карга 45 жолу каркылдаганын байкаган. Термелүүнүн мезгилин жана жыштыгын аныктагыла.

Варианты ответов
  • 3/4 с. жана 4/3 Гц
  • 4/3 с. жана 3/4 Гц
  • 3/4 с. жана 3/4 Гц
  • 3/6 с. жана 3/6 Гц
  • 3/9 с. жана 3/9 Гц
Вопрос 13

Шаркыратманын түбүнө агып түшкө кезде суунун ылдамдыгы 19,6 м/с болсо, шаркыратманын бийиктиги эмнеге барабар?

Варианты ответов
  • 196,0 м
  • 98,8 м
  • 19,6 м
  • 1,96 м
  • 9,81 м
Вопрос 14

Кайсы бир планетада 40 м бийиктиктен таштап жиберилген нерсе планетанын бетине 4 с ичинде түштү. Ал планетада эркин түшүүнүн ылдамдануусу ... м/с2 ка барабар.

Варианты ответов
  • 10
  • 2
  • 4
  • 2,5
  • 5
Вопрос 15

 

Кумурска жөргөлөп 12 см өткөндөн кийин дубалга жетти, анан дубалдын бети менен тик 9 см аралыкка көтөрүлдү. Кумурсканын которулушун тап.

 

Варианты ответов
  • 15 см
  • 12 см
  • 10 см
  • 9 см
  • 21 см
Вопрос 16

Нерсе тик өйдө көздөй ϑ0 =49 м/с  ылдамдык менен ыргытылды. Кандай бийиктикте анын кинетикалык  энергиясы потенциалдык энергиясына барабар болот?

Варианты ответов
  • 600 м
  • 61 м
  • 30 м
  • 10 м
  • 5 м
Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по физике 10 класс
0
1022

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт