Ош мамлекеттик университети, кыргыз адабияты кафедрасы
Список вопросов теста
Вопрос 1
Каныкей күндүзүндө тынч албай, түн ичинде уйку албай, оозу менен сүт берип, колу менен эт берип, кырк кез ордун түбүндө баккан Манастын жаныбары:
Варианты ответов
- Акшумкар
- Кумайык
- Желмаян
- Кабылан
Вопрос 2
Көпкө бузулбай турган, алыскы жолго арналып жасалган кыргыз элинин байыркы тамак ашынын бири түрү :
Варианты ответов
- күлазык
- күчала
- талкан
- атала
Вопрос 3
Манас баатыр жөнүндө кабар берген эң алгачкы кол жазма:
Варианты ответов
- “Кысса - и Сайкал”
- “Жамагат тарыхи”
- “Мажму ат - таварих”
- “Зилзала”
Вопрос 4
“ Мажму ат - таварихти” эң алгачкылардан болуп изилдеген кыргыз окумуштуусу?
Варианты ответов
- Г. Жамгырчиева
- З. Мамытбеков
- К. Калчакеев
- С. Мусаев
Вопрос 5
Миртемир “Манас” эпосун кайсы тилге которгон :
Варианты ответов
- казакчага
- тажикче
- өзбекче
- кыргызча
Вопрос 6
“Манас” эпосунан “Көкөтөйдүн ашы” бөлүмүн жазып алган казак окумуштуусу:
Варианты ответов
- М. Ауэзов
- А. Маргулан
- В. Радлов
- Ч. Валиханов
Вопрос 7
Ч. Валиханов “Манас” эпосунун кайсы эпизодун жазып алган?
Варианты ответов
- “Көктөйдүн ашы”
- "Каныкейге үйлөнүшү”
- “Чоң казат”
- “Кичи казат”
Вопрос 8
“ Манас” эпосунан үзүндүлөрдү эң алгачкылардан болуп жазып алган венгер окумуштуусу:
Варианты ответов
- А. Маргулан
- Д. Алмаши
- А. Аслам
- А. Хатто
Вопрос 9
Манастын ата - бабалары:
Варианты ответов
- Адигине, Тагай, Ногой, Жакып
- Каракан, Угузкан, Ногой, Жакып
- Долон, Адигине, Ногой, Жакып
- Түрк, Кыргыз, Ногой, Жакып
Вопрос 10
“Манас” эпосундагы кыргыз элинин душмандары:
Варианты ответов
- Жапан, Кытай, Калмак
- Инди, Кытай, Калмак
- Кытай, Кара Кытай, Калмак
- Кызылбаш, Кара Кытай, Калмак
Вопрос 11
“ Манас” эпосундагы Ногойдун балдары, Жакыптын бир туугандары:
Варианты ответов
- Долон, Адигине, Тагай
- Орозду, Үсөн, Тейитбек
- Бай, Үсөн, Эсенкан
- Орозду,Үсөн, Бай
Вопрос 12
Манастын атын эмне үчүн Чоң жинди деп коюшат?
Варианты ответов
- Элдин суук көзү тийбесин деп
- Манас аттуу бала төрөлөт дегендиктен
- Жанда жок баатыр болгондуктан
- Атына заты жарашкандыктан
Вопрос 13
Жалгыз көздүү Адамдүк дөөнү атып өлтүргөн Манастын чоросу:
Варианты ответов
- Кутубий
- Акай мерген
- Жайнак мерген
- Кожожаш
Вопрос 14
Алоокенин ордосундагы жан - жаныбарларды баккан жеринин аталышы:
Варианты ответов
- ак үй
- зоопарк
- гүлкана
- ажайыпкана
Вопрос 15
Алооке хандык жүргүзгөн аймак:
Варианты ответов
- Анжиян
- Нарын
- Бадакшан
- Казарман
Вопрос 16
Үрбү кыргыздын кайсы уруусунун башчысы:
Варианты ответов
- катаган
- нойгут
- кыпчак
- эштек
Вопрос 17
Алманбеттин Көкчөдөн Манаска келишинин себеби:
Варианты ответов
- Казак билермандарынын кастыгы
- Көкчөнүн аялы Акеркечти сүйүп калуусу
- Өзү ойлогондой эркин жүрө албашы
- Манастын баатырдыгын, эрдигин угуусу
Вопрос 18
Манас колуктусун көрүү үчүн барганда эмне үчүн Каныкей Манасты жарадар кылат?
Варианты ответов
- Жаман сөз айткандыгы үчүн
- Уруксатсыз үстүнө киргендиги үчүн
- Көрүндүгүн бербегендиги үчүн
- Мас болуп киргендиги үчүн
Вопрос 19
“Теңири Манас” китебинин автору:
Варианты ответов
- К. Жусупов
- С. Мусаев
- А. Жакыпбеков
- С. Байгазиев
Вопрос 20
Букарды камаганда жекеге чыккан, Каныкейге туруштук бере албай качкан чоро:
Варианты ответов
- Нескара
- Чубак
- Ажыбай
- Атемир
Вопрос 21
Алманбеттен чалгындын жолун талашып чыр чыгарган чоро:
Варианты ответов
- Сыргак
- Шууту
- Чубак
- Кайгыл
Вопрос 22
Бир кытайга тең келбей, чалгынга чыкпай оорукта калдың деп Чубакты күүлөгөн кырк чоронун бири:
Варианты ответов
- Чалыбай
- Кыргылчал
- Шууту
- Тазбаймат
Вопрос 23
Сагымбайдын вариантынын кайсы эпизодунда Манастын чоролору кайра-кайра кайталанып толук саналат?
Варианты ответов
- Көкөтөйдүн ашында
- Ошпурга койчу жүргөндө
- Каныкейге күйөөлөп барганда
- Кичи казатта
Вопрос 24
Манастын 40 чоросу кайсы манасчынын вариантында толук саналат?
Варианты ответов
- Чоюкенин
- Акылбектин
- Балыктын
- Сагымбайдын
Вопрос 25
Манас Акунхан менен кандай куда болот?
Варианты ответов
- Бел куда
- Бешик куда
- Сойко салат
- Кайчы куда
Вопрос 26
Көкчө кайсы элдин ханы болот?
Варианты ответов
- Оогандын
- Казактын
- Катагандын
- Түркмөндүн
Вопрос 27
Менин көзүм өткөн соң,
Кылыч менен кырдырып,
Кымыз менен жуудуруп,
Чарайна менен чаптатып
Булгаары менен каптатып.
Бул саптар лирикалык ырлардын кайсы жанрына таандык?
Варианты ответов
- Керээз жанры
- Жоктоо
- Санат
- Насыят
Вопрос 28
Көкөтөйдүн ашындагы” төгөрөктүн төр бурчуна кабар берген чабарман кабарчы :
Варианты ответов
- Жаш Айдар
- Нескара
- Үрбү
- Жамгырчы
Вопрос 29
Саякбайдын вариантында Бокмурун кимдин баласы:
Варианты ответов
- Көк Дөөнүн
- Төштүктүн
- Дубананын
- Айкожонун
Вопрос 30
Көкөтөйдүн ашында” эт уурдаган баатыр:
Варианты ответов
- Коңурбай
- Нескара
- Кожой
- Жолой


