Манастаануу предмети боюнча тесттик тапшырмалар
Список вопросов теста
Вопрос 1
Магиялык укмуштуу өнөр, билимди Алманбет кимден үйрөнөт?
Варианты ответов
- сыйкырчыдан
- дубанадан
- ажыдаардан
- арстандан
Вопрос 2
Саякбайдын варианты боюнча Манас өлгөндө кайып болгон Манаска таандык жаныбарлар:
Варианты ответов
- Тайбуурул, Акшумкар, Желмаян, Кумайык
- Чалкуйрук, Буудайык, Каранар, Кумайык
- Телтору, Буудайык, Каранар, Кумайык
- Арчатору, Акшумкар, Желмаян, Жолборс
Вопрос 3
Манастын аялдарын тапкыла:
Варианты ответов
- Карабөрк, Акылай, Каныкей
- Акылай, Сайкал, Каныкей
- Карабөрк, Акеркеч, Каныкей
- Акылай, Чачыкей, Каныкей
Вопрос 4
Акылай кимдин кызы?
Варианты ответов
- Кайыпдаңдын
- Шоорукхандын
- Темирхандын
- Акунхандын
Вопрос 5
Манастын акыреттик жары:
Варианты ответов
- Карабөрк
- Акылай
- Каныкей
- Сайкал
Вопрос 6
Алгара кимдин тулпары?
Варианты ответов
- Алманбеттин
- Чубактын
- Коңурбайдын
- Жолойдун
Вопрос 7
Керек жерде күндү жайлап, кышка айланткан байыркы өнөр:
Варианты ответов
- эсепчилик
- жылдыз саноочулук
- астролог
- жайчылык
Вопрос 8
Керек жерде күндү жайлап, жайды кышка айланткан байыркы өнөрдүн ээси ким:
Варианты ответов
- Чубак
- Көкчө
- Алманбет
- Сыргак
Вопрос 9
Алманбеттин трагедиясы:
Варианты ответов
- баласынын жоктугу
- аялынын начардыгы
- эли-жеринен алыстыгы
- татыктуу өнөргө ээ эместиги
Вопрос 10
Манастын төрөлгөн жери:
Варианты ответов
- Алтай
- Талас
- Каркыра
- Бээжин
Вопрос 11
“Тазбаймат кимди унутту” ?
Варианты ответов
- Манасты
- Коңурбайды
- Бакайды
- Алманбетти
Вопрос 12
"Көкөтөйдүн ашы" өткөн жер:
Варианты ответов
- Алтай
- Алай
- Каркыра
- Талас
Вопрос 13
"Манас" эпосундагы кыргыздардын элдик медицинасында колдонулган байыркы аспапты тапкыла:
Варианты ответов
- кырма дары
- шак-шак
- тинтүүр
- кыпчуур
Вопрос 14
Манастын "үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган", “аркада жүрсө сан колдой, алдыда жүрсө, ак жолтой" кеңешчиси, насаатчысы:
Варианты ответов
- Үрбү
- Алманбет
- Чубак
- Бакай
Вопрос 15
Төмөнкү сапаттардын кайсынысы Бакайга таандык?
Варианты ответов
- Алдыда жүрсө ак жолтой, Аркада жүрсө сан колдой
- Алтымыш алпты бир союп, Кан жыттанган..
- Асман менен күнүңдүн Тирөөсүнөн бүткөндөй
- Асты жагын караса, Алты миң эрдин сүрү бар
Вопрос 16
"Көкөтөйдүн ашында" күрөшкөн кыргыз, калмак балбандары:
Варианты ответов
- Бакай менен Нескара
- Манас менен Коңурбай
- Кошой менен Жолой
- Эр Агыш менен Ороңгу
Вопрос 17
Көктөйдүн ашында" Кошой менен Жолой улуттук оюндардын кайсыл түрүнө чыгышкан?
Варианты ответов
- эр сайыш
- эр эңиш
- күрөш
- көкбөрү
Вопрос 18
Чыйырдынын өзүнүн аты:
Варианты ответов
- Бакдөөлөт
- Акергеч
- Шакан
- Шекер
Вопрос 19
"Карсактын изинен жаңылбас", белгиленген жолдон, багыттан адашпаган, ар нерсени өз учурунда туура түшүнгөн 40 чоронун бири :
Варианты ответов
- "Төлгө билген Төлгөчү"
- "Агыдай далы көрүүчү"
- “Үзүктөй калпак Эр Шууту"
- "Атка жеңил Эр Сыргак"
Вопрос 20
Манасты билдирбөө максатында жашыруун коюлган аты:
Варианты ответов
- Жарманас
- Билерик
- Канкор
- Чоң Жинди
Вопрос 21
Көкөтөй тартууга берилген 41 кыздын бирин алат, бирок ал кары ада болгондуктан кыздын атасын ыраазы кылыш үчүн кыргыздардагы кандай
салтты баштайт?
Варианты ответов
- Отуз күн оюн, кырк күн тоюн кылууну
- Жакшы сөз айтып, бата тилөөнү
- Кыз алса калыңга мал берүүнү
- Кыңшылатып кыз берүүнү
Вопрос 22
Төрөлөөрдө бир ай бою кар жаап, төрөлгөндө жер силкинген, улуту
калмак Манастын кырк чоросунун бири:
Варианты ответов
- Кыргылчал
- Чубак
- Алманбет
- Тазбаймат
Вопрос 23
С. Орозбаковдун варианты боюнча Алманбеттин атасы:
Варианты ответов
- Эсенкан
- Шоорук
- Соорондук
- Нескара
Вопрос 24
С. Каралаевдин варианты боюнча Алманбеттин атасы:
Варианты ответов
- Алооке
- Эсенкан
- Кайыпдаң
- Азизкан
Вопрос 25
Алманбеттин Көкчөдөн Манаска келишинин себеби:
Варианты ответов
- Казак билермандарынын кастыгы
- Көкчөнүн аялы Акеркечти сүйүп калуусу
- Өзү ойлогондой эркин жүрө албашы
- Манастын баатырдыгын, эрдигин угуусу
Вопрос 26
Атемир кызын бергиси келбей Жакыпты качыруу үчүн эмнени сурайт?
Варианты ответов
- Манастын тулпары Аккуланы
- Калмак элине кан көтөрүүнү
- Аткарууга кыйын болгон калыңды
- Манастын төөсү Желмаянды
Вопрос 27
Манас колуктусун көрүү үчүн барганда эмне үчүн Каныкей Манасты жаралайт?
Варианты ответов
- Жаман сөз айткандыгы үчүн
- Уруксатсыз үстүнө киргендиги үчүн
- Көрүндүгүн бербегендиги үчүн
- Мас болуп киргендиги үчүн
Вопрос 28
Көрүнүктүү жазуучу А. Жакыпбековдун Манаска арналган китеби:
Варианты ответов
- “Манастын уулу Семетей”
- “Айкөл Манас”
- “Бабалардан калган сөз”
- “Теңири Манас”
Вопрос 29
Анжиян, Кашкарды чаап алып, Букарды камаган чоро:
Варианты ответов
- Нескара
- Чубак
- Ажыбай
- Атемир
Вопрос 30
Колуктусун алганы келген Манас эмне үчүн Каныкейдин кабыргасын сындыра тээп албай кетет?
Варианты ответов
- Эки күн, эки түн ачка калгандыгы үчүн
- Кумайыктын куйругун күйдүрүп койгондугу үчүн
- Акуланы отко койбогондугу үчүн
- Жакшы тосуп албагандыгы үчүн


