Меню
Тесты
Тесты  /  Прочее  /  Прочее  /  Макроэкономикалык статистика предмети боюнча тест

Макроэкономикалык статистика предмети боюнча тест

Avatar
30.12.2020. Тест. Прочее, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Экинчи модульдун аралыктык текшерүүсүн жүргүзүү үчүн түзүлгөн тест

Список вопросов теста

Вопрос 1

Улуттук эсеп системасы деген эмне?

Варианты ответов
  • Ишканалардын экономикасын тескөө үчүн түзүлгөн эсеп системасы
  • Мамлекеттин экономикасын тескөө үчүн түзүлгөн, рынок экономикасынын өз ара байланышта болгон көрсөткүчтөрүн камтып, мамлекеттик органдар экономиканы анализдөө үчүн жана тескөө үчүн колдонулуучу көрсөткүчтөрдүн системасы
  • Үй-чарбаларынын экономикасын тескөө үчүн колдонулуучу эсеп системасы
  • Туура жооп жок
Вопрос 2

Кыргыз Республикасынын улуттук эсеп системасы кайсы уюм тарабынан кабыл алынган системанын негизинде түзүлгөн?

Варианты ответов
  • БУУ
  • ОБСЕ
  • ЮСАИД
  • Евросоюз
Вопрос 3

Кыргыз Республикасынын улуттук эсеп системасы кандай негизги эсептерден турат?

Варианты ответов
  • Жалпы операциялардын эсеби жана топтоонун эсеби
  • Аралык операциялардын эсеби жана топтоонун эсеби
  • Учурдук операциялардын эсеби жана топтоонун эсеби
  • Топтоонун эсеби жана өндүрүш эсеби
Вопрос 4

Дүнүйөнүн улуттук эсеп системасы акыркы жолу качан жана кайсы уюм тарабынан кабыл алынган?

Варианты ответов
  • 1993-жылы БУУ
  • 1968-жылы ОБСЕ
  • 1993-жылы Евросоюз
  • 1993-жылы КМШ
Вопрос 5

Негизги фондго кандай каражаттар кирет?

Варианты ответов
  • Имараттар, станоктор, транспорт каражаттары, инструменттер
  • Запастар, сырьелор, товарлар
  • Дебитордук жана кредитордук карыздар
  • Туура жооп жок
Вопрос 6

Негизги фондду анализдөөдө кандай коэффициенттер колдонулат?

Варианты ответов
  • Келүү коэфф., кетүү коэфф., абсолюттук өсүү коэфф., чыгаруу коэфф.
  • Жаңылануу коэфф., жаңылануунун мөөнөтүнүн коэфф., чыгаруунун коэфф., өсүүнүн коэфф., жарамдуулук коэфф., жешилүү коэфф.
  • Бөлүү коэфф., ликвиддүүлүк коэфф., туруктуулук коэфф.
  • Бардыгы туура
Вопрос 7

Калктын жашоо деңгээлин аныктоодо кандай кирешелердин көрсөткүчтөрү колдонулат?

Варианты ответов
  • Калктын жашоо деңгээлин аныктоодо кандай кирешелердин көрсөткүчтөрү колдонулат?
  • Орточо киреше, модалдык киреше. медианалык киреше, фонддун коэффициенти, Джинин кирешелердин концентрациясынын коэффициенти
  • Фонддук киреше, жаңылануу киреше, өсүү коэффициенти, модалдык киреше
  • Туура жооп жок
Вопрос 8

Модалдык киреше деген эмне?

Варианты ответов
  • Калктын арасындагы кирешелердин тең жарымынан болуп турган киреше
  • Калктын арасында эң көп кездешүүчү киреше
  • Калктын арасында эң аз кездешүүчү киреше
  • Калктын арасындагы орточо киреше
Вопрос 9

Фонддун коэффициенти деген эмне?

Варианты ответов
  • Калктын эң бай 10%инин орточо кирешесинин калктын эң кедей 10%инин орточо кирешесинин катышы
  • Калктын эң бай 10%инин орточо кирешесинин калктын орточо 10%инин кирешесинин катышы
  • Калктын эң кедей 10%инин орточо кирешесинин калктын эң бай 10%инин орточо кирешесинин катышы
  • Бардыгы туура
Вопрос 10

Медианалык киреше деген эмне?

Варианты ответов
  • Калктын арасынада эң көп кездешүүчү киреше
  • Калктын арасындагы кирешелердин тең жарымынан бөлүп турган киреше
  • Калктын арасында эң аз кездешүүчү киреше
  • Калктын арасындагы орточо киреше
Вопрос 11

Джинин кирешенин концентрациясынын коэффициенти эмнени билдирет?

Варианты ответов
  • Калктын эң бай катмарынын үлүшүн көрсөтөт
  • Калктын кирешесинин көп бөлүгү кичине бир топтун колуна чогулгандыгынын деңгээлин көрсөтүп турат
  • Калктын орточо кирешесин көрсөтөт
  • Туура жооп жок
Вопрос 12

Улуттук эсеп системасында кайсы илимдин принциптеринин бири колдонулат?

Варианты ответов
  • экономикалык теориянын
  • бухгалтердик эсептин
  • менеджменттин
  • статистиканын
Вопрос 13

Калктын жарымы ушул кирешеден төмөнкү кирешеге ээ болуп, ал эми экинчи жарымы жогору кирешеге ээ болсо, мындай көрсөткүчтүн деңгээли эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • медианалык киреше
  • модалдык киреше
  • ранжирленген киреше
  • туура жооп жок
Вопрос 14

Төмөндөгү коэффициенттердин кайсынысы негизги фондду анализдөөдө колдонулат?

Варианты ответов
  • Жаңылануу коэффициенти
  • Чыгаруу коэффициенти
  • Өсүү коэффициенти
  • Бардык жооптор туура
Вопрос 15

Улуттук эсеп системасы мамлекеттик башкаруу органдары үчүн эмнеге керек?

Варианты ответов
  • миграцияны анализдөө үчүн
  • рынок экономикасын анализдөө жана тескөө үчүн
  • коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн
  • туура жооп жок
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт