Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  11 класс  /  Магнит талаасы. Электромагниттик индукция - 1

Магнит талаасы. Электромагниттик индукция - 1

Avatar
12.11.2023. Тест. Физика, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Токтордун өз ара аракеттенишүүсү. Магнит талаасы. Магнит талаасынын индукциясы темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

I1 тогу бар өткөргүчтүн магнит талаасы тарабынан I2 тогу бар өткөргүчкө таасир эткен күчтүн багытын тапкыла. Эки ток тең бизден ары көздөй багытталган жана өткөргүчтөр сүрөттүн тегиздигине перпендикуляр жайгашкан (сүрөттү кара).

Варианты ответов
  • ылдый
  • өйдө
  • бизден ары
  • оңго
  • солго
Вопрос 2

I1 тогу бар өткөргүчтүн магнит талаасы тарабынан I2 тогу бар өткөргүчкө таасир эткен күчтүн багытын тапкыла. I1 тогу бизден ары, ал эми I2 тогу бизди көздөй бери багытталган (сүрөттү кара). Өткөргүчтөр сүрөттүн тегиздигине перпендикуляр жайгашкан.

Варианты ответов
  • ылдый
  • өйдө
  • ары
  • оңго
  • солго
Вопрос 3

I1 тогу бар өткөргүчүнүн магнит талаасы тарабынан I2 тогу бар өткөргүчүнө таасир эткен күчтүн багытын тапкыла (сүрөттү кара). Токтор өз ара кандайча аракет этишет?

Варианты ответов
  • күч өйдө багытталган, токтор түртүлүшөт
  • күч бизден ары багытталган, токтор өз ара аракет этишпейт
  • күч өйдө багытталган, токтор тартылышат
  • күч ылдый багытталган, токтор түртүлүшөт
  • күч бизди көздөй бери багытталган, токтор өз ара аракет этишпейт
Вопрос 4

Тогу бар узун өткөргүчтүн магнит талаасынын        А чекитиндеги (сүрөттү кара) багытын тапкыла. Өткөргүч чийменин тегиздигинде жайгашкан.

Варианты ответов
  • бизден ары
  • бери
  • өйдө
  • ылдый
  • талаанын багыты токтун багыты менен дал келет
Вопрос 5

Тогу бар узун өткөргүчтүн магнит талаасынын        А чекитиндеги (сүрөттү кара) багытын тапкыла. Ток бизди көздөй (бери) багытталган.

Варианты ответов
  • ылдый
  • өйдө
  • бизден ары
  • бери
  • талаанын багыты токтун багыты менен дал келет
Вопрос 6

Узун өткөргүчтүн ортосу айлана түрүндө ийилген жана өткөргүчтүн калган бөлүгү  бул айланага жаныма сыяктуу жайгашкан (сүрөттү кара). Айлананын борборундагы натыйжалоочу магнит талаасынын багытын тапкыла.

 

Варианты ответов
  • ылдый
  • өйдө
  • бери
  • бизден ары
  • талаанын багыты токтун багыты менен дал келет
Вопрос 7

I1 жана I2 токтору бар жарыш жайгашкан узун өткөргүчтөрдүн магнит талаасынын 1,2,3,4 чекиттериндеги (сүрөттү кара) багытын тапкыла жана туура аныктамаларды көрсөткүлө. Өткөргүчтөр сүрөттүн тегиздигине перпендикуляр  жайгашкан.  I1 тогу бизден ары, ал эми I2 тогу бери, бизди көздөй  багытталган,  I1 >   I2   жана  I1 = 2I2 .

Варианты ответов
  • 1 чекитинде талаа өйдө багытталган
  • 2 чекитинде талаа ылдый багытталган
  • 3 чекитинде талаа ылдый багытталган
  • 4 чекитинде талаа өйдө багытталган
  • 2 чекитинде талаа өйдө багытталган
Вопрос 8

Тегерек токтун магнит талаасынын 1,2,3,4 чекиттериндеги (сүрөттү кара) багытын тапкыла жана туура аныктамаларды көрсөткүлө

Варианты ответов
  • 1 чекитинде талаа бери багытталган
  • 2 чекитинде талаа бизден ары багытталган
  • 3 чекитинде талаа бери багытталган
  • 4 чекитинде талаа бизден ары багытталган
  • 4 чекитинде талаа бери багытталган
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт