Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  Прочее  /  Кырыгыз тили жана адабияты предметинен жыйынтыктоочу текшеруунун материалы. 2-вариант

Кырыгыз тили жана адабияты предметинен жыйынтыктоочу текшеруунун материалы. 2-вариант

Avatar
27.05.2020. Тест. Родной язык и литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
ФЮКтун 2-курстары учун жыйынтыктоочу текшеруунун материалдары. Ар бир вариант жалпы 30 суроодон туруп, 20 суроонун ар бир туура жообуна 1балл, 10 суроонун туура жоопторуна 2 баллдан бааланып, жалпы 40 баллды топтошот

Список вопросов теста

Вопрос 1

Чакчыл катышкан сүйлөмдү белгиле

Варианты ответов
  • Асан эшикти ачты.
  • Анара бизге күлүмсүрөй карады
  • Студенттер музейге барышты.
  • Бул китепти мен дагы окуганмын
Вопрос 2

Эмоционалдуу-экспрессивдүү сөздөргө кайсылар кирет?

Варианты ответов
  • салыштыруу, аллегория
  • апыртуу, ирония, шилтеме, тырмакча
  • кашаа, абзац, метафора, метонимия
  • метафора, метонимия, салыштыруу, эпитет
Вопрос 3

Тил  илимине байланыштуу терминдерди тап                                                                                                          

Варианты ответов
  • теңдеме, тамыр
  • сөз айкашы, тыбыш
  • поэзия, роман
  • чыңалуу, токтун күчү
Вопрос 4

Сүрөттөөдө кайсы сөз түркүмү көбүрөөк колдонулат?

Варианты ответов
  • зат атооч
  • сын атооч
  • этиш
  • ат атооч
Вопрос 5

Күңгөй (зат) - күнгө караган бет, күндү караган жак, тарап (көбүнчө тоо жөнүндө)-

кайсы сөздүккө тиешелүү?

Варианты ответов
  • түшүндүрмө
  • терминологиялык
  • котормо
  • орфографиялык
Вопрос 6

Басаңдатма даража кайсы мүчөлдөрдүн жардамы менен уюшулат?

Варианты ответов
  • –нын, -лар, -ныкы, -төр, -дан
  • –ган, -дыр, -ыраак, -ылжым, -ла
  • –ыш, -гылт, -гыч, -гылтым, -ылжын
  • –мак, -дан, -та, -ыптыр, -дан
Вопрос 7

Туура жазылган сан атоочту белгиле?

Варианты ответов
  • 50-жашта
  • 1996-жыл
  • 1 май
  • XX-кылым
Вопрос 8

Сүйлөмдөгү кептин түрүн белгиле. Биз дем алыш күнү Чуңкурчак жайлоосуна бардык.

Варианты ответов
  • баяндоо
  • сүрөттөө
  • ой жүгүртүү
  • баяндоо жана сүрөттөө
Вопрос 9

Чу, чойт, чиге-деген сөздөр сырдык сөздүн кайсы түрү?

Варианты ответов
  • сезимдик
  • эрктик
  • турмуш-тиричиликтик
  • айбанатка карата
Вопрос 10

. «Айыл-чарбасын реформалоонун кийинки этабына элибиз зор демилге менен киришти» -

бул сүйлөм стилдин кайсы түрүнө мүнөздүү?

Варианты ответов
  • сүйлөшүү
  • илимий
  • иш кагаздар
  • публицистикалык
Вопрос 11

Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилерин аныкта.

Варианты ответов
  • компоненттүү, составы туруктуу, образдуу, өтмө мааниде
  • түз мааниде, сөз айкашы, компоненттүү
  • компоненттери түз мааниде, составы туруктуу
  • өтмө маанидеги жеке сөз
Вопрос 12

Публицистикалык стилге мүнөздүү сүйлөм:

Варианты ответов
  • Тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы лексика деп аталат
  • Биз өз өлкөбүздүн патриоту болууга тийишпиз
  • Эртең, 30-октябрда куратордук чогулуш болот
  • Айда аба жок, ошондуктан, анда тиричилик жок
Вопрос 13

Аккомодация деген эмне?

 

Варианты ответов
  • үндүү, үнсүз тыбыштардын окшоштугу
  • үндүү, үнсүз тыбыштардын өзгөрүшү
  • үндүү, үнсүз тыбыштардын ыңгайлашуусу
  • үндүү, үнсүз тыбыштардын окшошпой калуусу
Вопрос 14

Эмне үчүн мага жай айы жагат? Анткени бул эң ысык, кооз мезгил.

Сүйлөмгө мүнөздүү кептин түрү:

Варианты ответов
  • сүрөттөө
  • баяндоо
  • ой жүгүртүү
  • көркөм стиль
Вопрос 15

Убакыт өлчөмүн билдирген нумератив сөздөрдүн катарын  белгиле.

Варианты ответов
  • ийненин көзүндөй, кап, чай кайнам.
  • көз ирмемче, чай кайнам, аш бышым.
  • тамчы, муштумдай, десте.
  • үйүр, таң атканча, аркан бою
Вопрос 16

Метонимияга түшүнүк бер

Варианты ответов
  • бир нерсени, көрүнүштү ага мейкиндик, мезгилдик жактан катышы бар экинчи нерсе аркылуу атоо
  • сүрөттөлүп жаткан нерсени, көрүнүштү кичирейтип көрсөтүү
  • нерсенин, көрүншүтүн белгилерин апыртып көрсөтүү
  • адамдын же предметтин кайсы бир белгисин, өзгөчөлүгүн баса белгилеп көрсөтүү
Вопрос 17

Морфологиялык жол менен жасалган сөздөр:

Варианты ответов
  • бала-бакыр. көл-шал, оро-пара
  • начальник, факультет, бөлүм
  • кылмышкер, укук коргоочу, аскердик
  • кылмыш-жаза, салык-укуктук, тергөө.
Вопрос 18

Күн тартибинде коюлган маселелер ирети менен талкууланат жана ар бир маселе

үч бөлүк боюнча каралат

 Протоколдо булар кайсы бөлүмдөн орун алат?

Варианты ответов
  • протоколдун киришүү бөлүмүнөн
  • протоколдун сөзгө чыкты бөлүмүнөн
  • протоколдун угулду бөлүмүнөн
  • протоколдун негизги бөлүмүнөн
Вопрос 19

Сын атооч баяндоочтун милдетин аткарган сүйлөм:

Варианты ответов
  • Көгүлтүр Ысык-Көл кышта салкын, жайда жылуу
  • Акылдууга айтсаң билет, акылсызга айтсаң күлөт
  • Кузмич ата казак тилин жакшы биле турган
  • Ошентип, көңүлсүз күндөр өтүп жатты
Вопрос 20

Этиштин өзгөчө  формаларына мисал белгиле.

 

Варианты ответов
  • шаңшыды
  • тур
  • кыйна
  • сүйүнүү
Вопрос 21

Тактооч бышыктоочтук милдет аткарган сүйлөмдү белгиле.

Варианты ответов
  • Акыл Айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет
  • Алтын отто, адам эмгекте билинет
  • Андан бери көп өттү
  • Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.
Вопрос 22

Тексттеги ойдун башталышына мисалды белгиле:

Варианты ответов
  • Эртеси Бекташ шаарга жөнөдү
  • Сен мунун эмнесин түшүнбөй турасың?
  • Ошол күнү таң азанда Асанкул телефон чалды
  • Илгери-илгери бир абышка- кемпир болуптур
Вопрос 23

Толук үндөшүүгө баш ийген сөздөрдүн катарын аныкта.

 

Варианты ответов
  • тигүүчү, мурун, көмөкөй, арабакеч
  • көбүнчө, балалуу, витамин, булак
  • билимдүү, акылдуу, дарыгер, адам
  • тамга, коломто, балта, шериктештик
Вопрос 24

.”Жазма булактардын алдыңкы катарында 1069-жылы 70-жылдары Жусуп Баласагын жазган “Кутадгу билиг”чыгармасы турат. Жусуп  Баласагын шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын жаштык мезгили жана алган билими жөнүндө жетишерлик маалымат жок.”(Решат Генч.Карахандар мамлекетинин бийлик түзүлүшү. Бишкек, 2004, 17б.)

Варианты ответов
  • көркөм стиль
  • илимий стиль
  • сүйлөшүү стиль
  • публицистикалык стиль
Вопрос 25

Тыныш белгиси туура коюлган киринди сөз катышкан сүйлөмдү тап.

Варианты ответов
  • Кокуй, Манас, колго тийген олжону кайра берген оңобу?
  • Малдын кадырын, айрыкча жылкынын кадырын, тоолук эл жакшы билет эмеспи
  • Буга жалпы карапайым эл эмес, айрым адистер, маселен, биз да анча түшүнө албайбыз
  • Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет.
Вопрос 26

Түшүндүрмө мүчөсүз сүйлөмдү тап

Варианты ответов
  • Бүбүсара бийчи менен алгач ошондо тааныштым
  • Сенин атаң инженер-механик болуп иштейби?
  • Биз, студент тер, терең билим алышыбыз керек
  • Кыргызстандын көп улуттуу эли ынтымактуу жашоодо
Вопрос 27

Диссимиляция — бул …

Варианты ответов
  • жанаша келген үнсүздөрдүн бири-биринин таасири менен окшошпой, башка тыбышка өтүп кетиши
  • үндүү, үнсүз тыбыштардын бири-бирине ыңгайлашуусу
  • үндүү тыбыштардын үндөшүп өзгөрүшү
  • жанаша келген үнсүздөрдүн бири-биринин таасири менен окшошүп өзгөрүшү
Вопрос 28

Көркөм стилге мүнөздүү сүйлөм:

Варианты ответов
  • Карай турган жагыңа, карагай чыксын бутактап
  • Көңүл буруңуздар, Сиздер түз эфирден көрүп жатасыздар.
  • Бул справка, тиешелүү жерге көрсөтүү үчүн берилди.
  • - Кыргызстанга эмне себептен келдиң? -Максатым бар.
Вопрос 29

–ынды, -ма,  -ык мүчөлөрүнун түрүн белгиле.

Варианты ответов
  • зат атоочтон сын атооч жасоочу
  • этиштен этиш жасоочу
  • этиштен тактооч жасоочу
  • этиштен зат атооч жасоочу
Вопрос 30

Зат атоочтун таандык болуп айтылышы эмнени билдирет?

Варианты ответов
  • сөз ким тарабынан айтылып жаткандыгын билдирет
  • сөзкимге карата айтылгандыгынаныктайт
  • заттын, окуянын, кубулуштардын атын атайт
  • заттын кимге тиешелүү экендигин билдирет
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт