Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  Прочее  /  Кыргыз тили жана адабияты предметинен 2-курстар учун 1-аралык текшеруунун материалдары 3- вариант

Кыргыз тили жана адабияты предметинен 2-курстар учун 1-аралык текшеруунун материалдары 3- вариант

Avatar
27.10.2020. Тест. Родной язык и литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
ФЮКтун 2-курстарына кыргыз тили жана адабияты предметинен 1-аралык текшеруунун материалы. Тест 20 суроодон туруп, ар бир туура жооп 0,5 балл менен бааланат

Список вопросов теста

Вопрос 1

Тогуз коргоолдун оюн тактасы эмнеден турат?

Варианты ответов
  • борбордон, 5 чүкөдөн, 9 үйдөн турат
  • 9 уядан, эки чийинден, борбордон турат
  • 18 уядан, эки казынадан турат
  • эки казына, 9 уядан, чийинден турат
Вопрос 2

Боз үйдүн мыктысы-

Варианты ответов
  • ордо үй
  • ак өргөө
  • сый өргөө
  • конок үй
Вопрос 3

Сөздүктөрдү изилдөөчү грамматиканын бөлүгү-

 

Варианты ответов
  • этимология
  • синонимия
  • лексикография
  • топонимия
Вопрос 4

Төрт түлүк малдын ичинен эмне үчүн жылкыны жогору баалашкан?

Варианты ответов
  • ат абдан кымбат болгон
  • жоокерди өлүмдөн аман алып калган
  • тулпарды минип, бээ байлап, кымыз ичишкен
  • ат чабыш оюндарын өткөрүшкөн
Вопрос 5

Ордо оюнунда чийиндин диаметри канча болот?

Варианты ответов
  • 14 метр.
  • 5 метр.
  • 2 метр.
  • 20 метр
Вопрос 6

Махмуд Кашгари ким болгон?

Варианты ответов
  • окумуштуу-филолог, этнограф
  • акын-жазуучу, филолог, философ
  • географ, астролог, архитектор
  • жазуучу, философ, окумуштуу
Вопрос 7

Лексикалык диалектилик сөздөрдү тап.

Варианты ответов
  • барик,оводо, арип, дара
  • закча, жаңгак, илим
  • жүде, дыкат, жакшы
  • горо, тукум, уйку
Вопрос 8

Бүркүттү тапка келтирүүдө кайсы жаныбардын эти көбүрөөк пайдалуу?

Варианты ответов
  • иттин
  • карышкырдын
  • жылкынын
  • түлкүнүн
Вопрос 9

Чакчыл катышкан сүйлөмдү белгиле

Варианты ответов
  • Асан эшикти ачты
  • Анара бизге күлүмсүрөй карады
  • Студенттер музейге барышты
  • Бул китепти мен дагы окуганмын
Вопрос 10

Төмөнкүлөрдүн ичинен Ж. Баласагынга таандык эмгекти белгиле.

Варианты ответов
  • “Түркий тилдер сөз жыйнагы”
  • “Улуу сөз”
  • “Бабурнаме”
  • “Кут алчу билим”
Вопрос 11

Сүйлөшүү стилинин түрлөрү:

Варианты ответов
  • турмуш-тиричилик диалогу
  • адабий сүйлөшүү кеби жана ашыктык катар
  • адабий сүйлөшүү кеби жана жөнөкөй сүйлөшүү кеби
  • дискуссия, диспут, монолог
Вопрос 12

Даталуу күндөрдүн аты туура эмес жазылган сүйлөмдү белгиле?

Варианты ответов
  • Эки тизгин, бир чылбырды бирөөгөоңойлүк менен бере коюшпайт
  • Жаңы жыл майрамы жакындап калды
  • 7-ноябрь – басма сөз күнү
  • 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү
Вопрос 13

Кыймыл атоочтордун сүйлөмдө аткарган милдети

Варианты ответов
  • аныкточ, баяндооч, тактооч
  • толуктооч, бышыктооч, ээ
  • чакчыл, атооч, баяндооч
  • этиш, баяндооч
Вопрос 14

Адабий тил менен диалектилердин байланышы

Варианты ответов
  • байланышы жок
  • диалектилер бир аймактын адабий тилин түзөт
  • адабий тилдин өсүшүнө диалектилер шарт түзөт, ошондуктан бири-бири менен байланышта каралат
  • бирөө жалпы тил, бирөө аймактын тили болгондуктан эки башка
Вопрос 15

“Сынган кылыч” романында нукура тарыхый инсандар катары кимдер сүрөттөлүшөт

Варианты ответов
  • Кудаяр хан, Шерали хан,Абил бий, Кулкиши, Айзаада
  • Мусулманкул, Нүзүп, Черняев, Бекназар, Сарыбай, Домбу
  • Абдылда бек, Шерали хан, Эшим, Темирберди
  • Кудаяр хан, Шералихан, Мусулсанкул, Абдылда бек, Черняев
Вопрос 16

Сүйлөмдөрдөгү тыныш белгилеринин коюлуш принциптери:

Варианты ответов
  • сүйлөмдүн маанисине карата
  • сүйлөмдүн маанисине, грамматикалык түзүлүшүнө жана речтин интонациясынын негизинде
  • жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдүн түзүлүшүнө жараша
  • сүйлөмдөрдүн бөлүнүшүнө карата
Вопрос 17

Эл ичинде “Саяпкер – тулпар үчүн” деген сөз эмне себептен айтылып калган деп ойлойсуң?

 

Варианты ответов
  • Саяпкер тулпар үчүн туулгандыктан
  • Саяпкер тулпар таптагандыктан
  • Саяпкер тулпар тандай билгендиктен
  • Саяпкер тулпарды сындагандыктан
Вопрос 18

“Тегерете карасам тегиричи жок экен, кыдырата карасам кылдыроочу жок экен” деген сөз кол өнөрчүлүктүн кайсы түрүнө тиешелүү?

Варианты ответов
  • Боз үйгө
  • ээр чабууга
  • чаначка
  • бешик жасоого
Вопрос 19

А. Токомбаевдин “Мезгил учат” повестиндеги башкы каарман Жапардын образы кайсы сүрөтчүнүн прототиби?

Варианты ответов
  • С. Чуйков
  • Ж. Кожокме
  • Г. Айтиев
  • С. Асылбеков
Вопрос 20

Айта албайт, сары ала деген эки сөз арасында үндүү тыбыштын айтылышы жана жазылышы

Варианты ответов
  • өзгөртүүсүз айтылат жана өзгөртүүсүз жазылат
  • түшүрүлүп жазылат
  • биринчи сөздүн аягындагы үндүү түшүрүлүп айтылат, бирок жазууда үндүү тыбыш түшүрүлбөй эки бөлөк жазылат
  • кошмок сөздөр бириктирилип жазылса деле, үндүү түшүрүлбөй жазылат
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт