Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча 1-аралык текшеруунун материалдары 1-вариант
Список вопросов теста
Вопрос 1
Туура жазылган географиялык татаал энчилүү аттарды белгиле?
Варианты ответов
- Сарычелек, Джалал-Абад, Нарын
- Торайгыр, Балгарт, Кызылкыя
- Ат-Башы, Чоң-Алай, Самаркан
- Кара-Шоро, Арслан-Баб
Вопрос 2
Сан атоочтор маанисине карай кандай болуп бөлүнөт?
Варианты ответов
- жекелик жана көптүк, чамалама сан атоочтор
- жөнөкөй жана татаал, эсептик, иреттик сан атоочтор
- эсептик, иреттик, жамдама, бөлчөк, чамалама, топ сан атоочтор
- топ сан атооч, күчөтмө, жамдама сан атооч
Вопрос 3
Курманжан датканы Алай ханышасы деп кимдер аташкан?
Варианты ответов
- Орус падышачылыгы тарабынан
- Кокон хандыгы тарабынан
- Бухара эмири тарабынан
- Алай бийлери тарабынан
Вопрос 4
Күлүктөр көктө сызчудай
Тизгинди чоюп жөнөсө
Бири шумкар, бири куудай
Оюн деп чиркин ушуну айт
Кайсы оюн жөнүндө?
Варианты ответов
- көк бөрү
- улак тартыш
- кыз куумай
- эр сайыш
Вопрос 5
Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын билдирген сөз түркүмү.
Варианты ответов
- зат атооч
- этиш
- тактооч
- сын атооч
Вопрос 6
Топ сан атооч катышкан сүйлөмдү тап?
Варианты ответов
- окууга төрт эле күн калды
- 1959-жылдын 2-январы космосту изилдөөчү даңктуу күн болуп калды
- Ал эми 1959-жылдын 4-октябрында болсо үчүнчү космос ракетасы учурулду.
- беш-бештен чогулуп иштедик
Вопрос 7
Боз үйдүн жасалышы эмнелерден турат?
Варианты ответов
- түндүк, уук, кереге, босого таяк
- үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшиктен
- кырчоо, эшик боо, уук тизгичтен
- жыгач, өрө кийиз, чий, боо-чуудан
Вопрос 8
Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилерин аныкта.
Варианты ответов
- компоненттүү, составы туруктуу, образдуу, өтмө мааниде
- түз мааниде, сөз айкашы, компоненттүү
- компоненттери түз мааниде, составы туруктуу
- өтмө маанидеги жеке сөз
Вопрос 9
Фразеологизм:
Варианты ответов
- Илгери-илгери бир абышка-кемпир болгон экен.
- Кара жерге кар жааса, карды көр да этин көр.
- Анын эки көзү төрт болуп турган чагы.
- Сыр сандыгында сыры толтура
Вопрос 10
Эттин ынак сорпосуна кымыз, айран, суу, курут кошулуп жасалуучу суусундуктар?
Варианты ответов
- жуурат, максым, ала дөң
- ала дөң, жарма
- аксерке, ала дөң, кара дөң
- аксерке, чалап, бозо
Вопрос 11
Нумератив сөз катышкан сүйлөмдү белгиле
Варианты ответов
- Ал шылкыйып, атты жетелеп, алдыга түштү;
- Бассам-турсам оюмдан кетпеген ошол күн менин чачымды агартты;
- Токойго кеткен иним бир чай кайнам убакыт өтүп-өтпөй жетип келди;
- Эшим улага ченге сыңар тизелей калды.
Вопрос 12
Тоо…Бектур Асанаалынын ата …. тууганы болот. Сүйлөмдөрдөгү көп чекиттердин ордуна келүүчү сөз жасоочу мүчөлөр
Варианты ответов
- –сынын, -ганы
- –сына, -ган
- -лык, -лаш
- Жөндөмө мүчөсү
Вопрос 13
Кыргыздардын малдары семирип, айран, кымыз көп болгондо ар бир байлар мал союп, кымыз жыйып, айыл-айыл болуп чакырышып өткөрүлөт.
Кайсы майрам жөнүндө сөз болуп жатат?
Варианты ответов
- Үлүш
- Нооруз
- Чечкор
- Аш берүү
Вопрос 14
–ча, -дай, -лаган, -лап мүчөлөрү менен кайсы сан атооч уюшулат?
Варианты ответов
- иреттик сан атооч
- бөлчөк сан атооч
- жамдама сан атооч
- чамалама сан атооч
Вопрос 15
1. ...
2. Калыңыраак, керектүү
3. Төрт бурч кесилет, ачылат, жабылат
4. Төрт боонун үчөө кырчоого байланган
5. Боз үйдүн эң керектүү кийизи.
Синквейнден 1-саптагы зат атоочту тап.
Варианты ответов
- кереге жабуу
- түндүк жабуу
- уук жабуу
- эшик жабуу
Вопрос 16
Интонация илептүү сүйлөмдү уюштура алабы?
Варианты ответов
- суроо интонациясы уюштурат
- баш мүчөлөрдүн орун тартиби уюштурат
- илептүү сүйлөмдө интонация роль ойнобойт
- илептүү сүйлөмдөрдө интонациянын ролу чоң
Вопрос 17
Фразеологиялык ширешме катышкан сүйлөмдү белгиле.
Варианты ответов
- Анын оозу менен орок оргонун баары билет
- Ал энесине союп каптагандай окшош турбайбы
- Узун кулак адам көп нерсени билет
- Кадыр өзүнүн керт башы үчүн эч нерседен тайбайт
Вопрос 18
Кеп агымындагы тыбыштардын таасирдик (комбинатордук) өзгөрүүсүнүн түрүн белгиле?
Варианты ответов
- диссимиляция
- редукция
- эпентеза
- метатеза
Вопрос 19
Прогрессивдүү ассимиляцияны тап
Варианты ответов
- тамга, коломто, балта
- кар, малчы, жаансыз
- калпак, жалгыз, чырпык
- көк гүл, саатка, түндүктө
Вопрос 20
Суудай, суучул, сууда, суудан, суубу. Уңгулаш сөздөрдүн сөз жасоочу мүчө уланганы:
Варианты ответов
- биринчи сөздө
- биринчи, экинчи сөздөрдө
- биринчи, экинчи, үчүнчү сөздө
- бешинчи сөздө