Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча 1-аралык текшерүүнүн материалдары 5- вариант
Список вопросов теста
Вопрос 1
Кыргыз Республикасынын атрибуттары ким тарабынан бекитилет?
Варианты ответов
- Президент
- Жогорку Кеңеш
- Өкмөт башчысы
- Премьер министр
Вопрос 2
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил Гимнин толукта
Мекен тили – кан-жаныбыз, туубуз
Ат Журттун келечеги, ....................
Варианты ответов
- ак таңы
- ак шамы
- кареги
- тиреги
Вопрос 3
Күңгөй (зат) - күнгө караган бет, күндү караган жак, тарап (көбүнчө тоо жөнүндө)-кайсы сөздүккө тиешелүү?
Варианты ответов
- түшүндүрмө
- терминологиялык
- котормо
- орфографиялык
Вопрос 4
Мимика, жаңсоо өзгөчө каражаты болуп саналган стилди белгилеңиз
Варианты ответов
- сүйлөшүү стили
- жазуу стили
- публицистикалык стиль
- илимий чыгармалар
Вопрос 5
– ганча, -гыча, -майынча мүчөлөрү уюштурган этиштин өзгөчө формасы:
Варианты ответов
- атоочтуктар
- чакчылдар
- кыймыл атоочтор
- – генче, -гиче, -мейинче
Вопрос 6
. Баласагын Хас хажиб наамын кимден алган?
Варианты ответов
- орус падышачылыгынан
- жалпы элден
- кокон хандыгынан
- Карахан мамлекет башчысынан
Вопрос 7
Кыргыз тилинин орфографиясынын негизги принциптерин белгиле
Варианты ответов
- фонетикалык, тарыхый, орфографиялык
- атоо, символикалык, графикалык
- морфологиялык,этимологиялык
- фонетикалык, тарыхый, морфологиялык
Вопрос 8
Диалектилик сөздөрдүн мүнөздөмөсүн белгиле:
Варианты ответов
- белгилүү бир аймак менен байланышпаган, бирок ар кандай кесипчиликке жана коомдогу социалдык топтордун турмуш шарттарына, кесип өзгөчөлүгүнө байланыштуу пайда болгон сөздөр
- жалпы элдик оозеки тилдин составына кирүүчү, белгилүү аймакка гана таралган диалектинин составындагы өз ич ара дагы айрым өзгөчөлүктөргө ээ болгон сөздөр
- жалпы элдик тилдин жергиликтүү өзгөчөлүгүнө ылайык өзүнүн кээ бир грамматикалык, фонетикалык жана лексикалык өзгөчөлүктөрү менен айырмалануучу сөздөр
- белгилүү бир элдин жергиликтүү диалектилеринен жана оозеки сүйлөө тилинен айырмаланып, жазуу эрежелери менен нормага келтирилип, жазууда жана оозеки сүйлөөдө “туура тил” катары калыптанып калган
Вопрос 9
Толук үндөшүүгө баш ийген сөздөрдүн катарын аныкта.
Варианты ответов
- тигүүчү, мурун, көмөкөй, арабакеч
- көбүнчө, балалуу, витамин, булак
- билимдүү, акылдуу, дарыгер, адам
- тамга, коломто, балта, шериктештик
Вопрос 10
Эл мугалими – жаштардын ишенимдүү тарбиячысы. Бул сүйлөмгө эмне себептен сызыкча коюлду?
Варианты ответов
- ээнин милдетин затташкан атоочтук, баяндоочтун милдетин атооч жөндөмөдөгү зат атооч аткаргандыктан.
- ээ менен баяндоочтун милдетин кыймыл атооч аткаргандыктан.
- ээ менен баяндоочтун милдетин атооч жөндөмөдөгү зат атооч аткаргандыктан
- ээ да баяндооч да эсептик сан атоочтон болгондуктан
Вопрос 11
Оң, терс формада берилген атоочтуктар
Варианты ответов
- баргандар, келгендер, жазгандар
- отуруу-отурбоо, иштөө-иштебөө
- ичкен, жаткан, ойногон
- оң-терс, жатуу-туруу
Вопрос 12
“Сынган кылыч” романында нукура эпикалык баатырлардай мүнөздөлүп сүрөттөлгөн каарман ким, жана аны ким эмне кылып өлтүрдү?
Варианты ответов
- Исхак, аны нүзүп сууга түртүп өлтүрдү
- бекназар, аны Абил бий уу берип өлтүрдү
- Кулкиши, аны Кудаяр хан дарга асып өлтүрдү
- Мусулманкул, аны Шералы зынданга салып өлтүрдү
Вопрос 13
Үндөштүк закону бузулган сөздөрдүн катарын белгиле.
Варианты ответов
- мугалим, адабият, ишкана
- оорукана, двиденд, кырсыктар
- аппарат, саламаттык сактоо
- көрсөтүү, мекемелер, стационардык
Вопрос 14
... адабий тил болуп саналат
Варианты ответов
- Жалпы элге кеңири белгилүү көркөм адабияттын тили
- Жалпы эл сүйлөгөн тил
- Улуттук тилдин эң жогорку өнүккөн абалы, нормага салынган, жалпы элге кеңири түшүнүктүү тил
- диалектиден айырмалуу, такталган тил
Вопрос 15
Кол өнөрчүлүк - үй тиричиликте ___________ бери келе жаткан элдик кесип, __________ маданияттын ажырагыс бөлүгү, калктын тарыхый эстелиги, __________________ натыйжасы. Сүйлөмдөрдү толуктап аныктагыла.
Варианты ответов
- байыртан / улуттук / чеберчилигинин
- илгертеден / кыргыз / эстелигинин
- көчмөндөрдүн / улуттук / эмгегинин
- эзелтеден / руханий / тыянактарынын
Вопрос 16
Бул үзүндү кайсы чыгармадан алынган?
Бала Ашымахунду тыңшаган да жок. Атасынын алдаганына да көнгөн жок: «Куткайбас» - деп тайганын чакырды да, атасынын аркасынан жөнөдү.
Варианты ответов
- А.Токомбаев «Мезгил учат»
- М. Элебаев «Узак жол»
- К.Баялинов «Бакыт»
- Т. Касымбеков «Сынган кылыч»
Вопрос 17
Кайсы сүйлөмдө тыныш белгилери туура коюлган:
Варианты ответов
- Кечигип калганымды, карачы, кап.
- Кечигип калганымды, карачы, кап!
- Кечигип калганымды, карачы, кап:
- Кечигип калганымды, карачы, кап?
Вопрос 18
Сөздөр орфоэпиялык нормада берилген сүйлөм
Варианты ответов
- Ал кайра кыргыз жерине көчтү, ата конушун тапты
- Ал бир күкүрт, он тукум сатып алды
- Эки илабың-кызыл гүл, Ачылгандай Мөлмөлүм
- Келечеги жөнүндө эмне үчүн мурда ойломбоду экен
Вопрос 19
Атоочтуктардын тизмегин белгиле
Варианты ответов
- улутуна карады, аткарып келди, ырдап берди, жазып жатат
- агарган таң, келер мейман, ырдоочу бала, бүтө элек үй
- жардамдашуу, барыш-келиш, ушактамай, алмак
- барамын, барасың, барат, барабыз
Вопрос 20
“Кутадгу билиг” силерге көбүрөөк тийиштүү. Жеке эле анын мекени силердин жер болгондон эмес, анын мүнөзү да, дүйнөсү да, силерге жакын” – деп ким айткан?
Варианты ответов
- окумуштуу В.В.Радлов
- жазуучу, окумуштуу М.Ауэзов
- котормочу Т.Козубеков
- котормочу Наум Гребнев