Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  10 класс  /  Кыргыз тил тест

Кыргыз тил тест

Avatar
19.04.2020. Тест. Родной язык и литература, 10 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
баш мүчөлөрдүн арасына сызыкчанын коюлушу, сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнүн ээрчишүү нормалары

Список вопросов теста

Вопрос 1

Сүйлөм, сөз айкаштарын кыргыз тилинин кайсы бөлүмү үйрөтөт?

Варианты ответов
  • синтаксис
  • морфология
  • фонетика
Вопрос 2

Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү кайсылар?

Варианты ответов
  • аныктооч, толуктооч, бышыктооч
  • ээ жана баяндооч
  • сөз айкаштары
Вопрос 3

Төмөнкү сүйлөмдө сызыкча эмне үчүн коюлду.ЭЭ менен баяндооч кандай атооч жөндөмөсүнүн  милдетин аткарышты? Ч.Айтматов- улуу жазуучу.

Варианты ответов
  • ээ менен баяндоочтун милдетин этиш сөз түркүмү аткарса, ошондо сызыкча коюлду
  • ээ м-н баяндоочко дайыма эле сызыкча коюлуп жүрөт
  • ээ м-н баяндоочтун милдетин атооч жөндөмөдөгү зат атоочтор аткарса, эгерде баяндоочко тиешелүү айкындооч мүчөлөрү болсо, сызыкча айкындооч мүчөлөрдөн мурда коюлат
Вопрос 4

Бул-менин апам. Бул сүйлөмдө ээнин милдетин кайсы сөз түркүмү аткарды?

Варианты ответов
  • зат атооч
  • шилтеме ат атооч
  • тактооч
Вопрос 5

Төмөнкү сүйлөмдө кайсы сөздөн кийин сызыкча коюлат? Ата мекенди коргоо ыйык милдет.

Варианты ответов
  • мекенди
  • коргоо
  • ыйык
  • сызыкча коюлбайт
Вопрос 6

Сен акылдуу кызсың. Ушул сүйлөмдө сызыкча эмне үчүн коюлбады?

Варианты ответов
  • себеби зат атоочтон турган баяндоочко жак мүчөлөр уланып келди
  • зат атоочтон турган баяндооч заттын санын билдирди.
  • .баяндоочу зат атоочтон түзүлдү
Вопрос 7

Алты жерде алты отуз алты.Бул сүйлөмдө кайсы сөздөн кийин сызыкча коюлат?

Варианты ответов
  • алты жерде дегенден кийин
  • алты дегенден кийин
  • отуз дегенден кийин
Вопрос 8

Бизде айывлга баруучулар кырк беш. Ушул сүйлөмдө сызыкча коюлабы?

Варианты ответов
  • жок, коюлбайт, анткени ээ зат атоочтон болуп, сан атоочтон турган баяндооч анын канкреттүү санын көрсөттү.
  • коюлат, анткени баяндоочу сан атооч сөз түркүмүнөн
  • коюлат, баруучулар деген сөздөн кийин сызыкча коюлат
Вопрос 9

Баланы тарбиялоо-...Ушул сүйлөмдү ула.Сызыкча эмне үчүн коюлду?

Варианты ответов
  • бул жооптуу милдет. Ээ, баяндоочтун милдетин атооч жөндөмөсүндөгү зат атоочтор аткарды.
  • менен аны жакшы адам кыла аласың. Сызыкча баяндоочу этиштен болсо да коюла берет.
  • үчүн аракет кыл.Сызыкча коюлайт, баяндоочу этиш сөз түркүмүнөн болду.
Вопрос 10

Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү кантип ээрчишет?

Варианты ответов
  • ыкташуу, башкаруу, таандык байланыштар менен ээрчишет.
  • айкындооч мүчөлөр аркылуу ээрчишет
  • жак, сан боюнча толук жанан толук эмес ээрчишет
Вопрос 11

Биз келечекке карыздарбыз. Сүйлөмдүн ээ, баяндоочу кайсы жакта, санда турат?

Варианты ответов
  • 1-жак, жекелик сан.
  • 1-жак, көптүк сан
  • 3-жак, көптүк сан.
Вопрос 12

Айрым учурда баяндооч ээ менен жак мүчөсү уланбай эле мааниси боюнча ээрчишип байланышат, кандай ээрчишүү? Мисалы: Сен окууга тапшырганы бар.

Варианты ответов
  • толук ээрчишүү
  • толук эмес ээрчишүү
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт