Кыргыз профессионал жазма адабияты (1918-1959) предмети боюнча жыйынтык текшерүүнүн тесттик суроолору
Список вопросов теста
Вопрос 1
Кылым бүтүп дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар. Бул ыр саптар кимге таандык?
Варианты ответов
- Токомбаев А.
- Бөкөмбаев Ж.
- Осмонов А.
- Алыбеав М.
Вопрос 2
Чыгармачылыгын көбүнчө балдар дүйнөсүнө арнаган акын-жазуучу?
Варианты ответов
- Т. Сыдыкбеков
- К. Жантөшев
- М. Жангазиев
- С. Эралиев
Вопрос 3
Масадык, Шайыргүл кайсы чыгарманын каармандары?
Варианты ответов
- “Атабектин кызы"
- “Абийир кечирбейт”
- “Алтын кыз”
- “Тар капчыгай"
Вопрос 4
Кыргыз совет адабиятындагы алгачкы комедиялык драма кайсы?
Варианты ответов
- «Текшерүүчү»
- «Аста-секин, колукту»
- «Жапалак Жатпасов»
- «Дардаш».
Вопрос 5
“Мааниси жок махабат” сын макаласынын автору ким?
Варианты ответов
- М. Алыбаев
- С. Жигитов
- М. Борбугулов
- Р. Шүкүрбеков
Вопрос 6
К.Маликовдун ыр, поэма жыйнактарын белгиле.
Варианты ответов
- “Тоодогу от”, "Көл жээгинде кездешүү”, “Кадыр аке”
- “Махабат”, “Тандалган чыгармалар”, “Ырлар”
- “Темиркулдун ырлары”, “Тандалмалар”, “Эненин жүрөгү”
- “Кызыл атчандар”, “Тоодогу от”, “Тандалган чыгармалар”
Вопрос 7
Т. Сыдыкбековдун “Темир” романындагы конфликттин өзөгүн көрсөткүлө
Варианты ответов
- Темир менен Бөрүбай, Коңгаргаев сыяктууу тап душмандарынын конфликти
- Темир менен Ыманбай сыяктуу каармандардын конфликти
- Темир менен Орусбек сыяктууу каармандардын конфликти
- Темир менен Самтыр сыяктууу каармандардын конфликти
Вопрос 8
С. Жусуевдин 50-жылдарда жарык көргөн жыйнактары кайсылар?
Варианты ответов
- “Чындык менен ыр”, “Өмүр жазы”, “Сүйүү жана ишенич”
- “Түрмөк булуттар”, “Алтын чынар”, “Суктануу”
- “Бийик асман”, “Миң кайрык”, “Түрмөк булуттар”
- "Өмүр жазы”, “Алтын чынар”, “Бийик асман”
Вопрос 9
К. Каимовдун алгачкы чыгармалар жыйнагы кайсы жылы жана кандай аталышта чыккан?
Варианты ответов
- “Соңку жолугушуу” (1955-ж)
- “Махабат” (1952-ж)
- “Бийик асман” (1953-ж)
- “Алтын чынар” (1954)
Вопрос 10
Т. Абдумомуновдун алгачкы комедиясы кандайча аталат жана андагы башкы каармандар.
Варианты ответов
- “Борбаш”, Борбаш, Камгакбай, Мамыр
- “Жапалак Жатпасов”, Жапалак, Камгакбай, Чыңкылдак
- “Машырбек үйлөнөт”, Машырбек, Борбаш, Камгакбай
- ”Күйөө жолдош”, Шаршен, Мамыр, Борбаш
Вопрос 11
К. Эсенкожоев кайсы чет элдик фантаст жазуучулардан үлгү алган?
Варианты ответов
- У. Шекспир, Гёте, Г. Мопассан
- А. С. Пушкин, Дж. Байрон, М.Твен
- Г. Мопассан, Жюльверн, У. Шекспир
- Жюльверн, Даниел Дефо, Джонатан Свифт
Вопрос 12
А. Токомбаевдин 50-жылдардын аралыгында жазган поэмаларын белгилегиле
Варианты ответов
- “Өз көзүм менен”, “Менин метрикам”, “Майлыбай”
- “Ак сулуунун айынан”, “Кызыл мүштөк”, “Жандуу тарых”
- “Көчкү”, “Телки”, “Айкүмүш”
- “Айкүмүш”, “Кызыл мүштөк”, “Көчкү”
Вопрос 13
К. Маликовдун достук жана махабат поэмасындагы башкы идея кайсы?
Варианты ответов
- Мекенди коргоо идеясы жана махабат
- Гуманизм идеясы жана достук
- Элдердин достук идеясы жана сүйүү
- эмгекти даңазалоо идеясы
Вопрос 14
К. Каимовдун “Бөтөлкөдөгү киши” аңгемесиндеги гротесктик кырдаалды көрсөткүлө.
Варианты ответов
- Дербиштин кошоматчылык жүрүш-турушу
- Дербиштин катуу оорууга кабылышы
- Бөтөлкө Дербиштин аракечтик ооруусунун символу
- Бөтөлкөнүн Дербишти кубалашы
Вопрос 15
К. Каимовдун “Теке сүзгөндө” сатиралык аңгемесинде кайсы турмуш көрүнүшү күлкүгө алынат?
Варианты ответов
- Коомдогу алкоголизм
- Социалисттик коомдогу бюрократизм
- Кошоматчылык
- Талап-тоноочулук
Вопрос 16
«Махабат» ырлар жыйнагынын автору ким?
Варианты ответов
- О.Султанов
- Э.Эрматов
- Ж.Мамытов
- А. Осмонов
Вопрос 17
Сүрдөп кетем капыс жерден кабылсам,
Кечирип кой мен сүйүүдө жаңылсам.
Качан болсо жарашкансып көрүнөт,
Кайсы күнү кандай жоолук салынсаң.
Бул ыр саптары кайсы акынга таандык?
Варианты ответов
- А. Токомбаев
- Б. Сарногоев
- М. Алыбаев
- О. Сооронов
Вопрос 18
«Аксай менен Көксайым,
Жер соорусу турбайбы», - деген эки сап ыр кайсы чыгармада берилген?
Варианты ответов
- «Таң алдында»
- «Мезгил учат»
- «Эрте келген турналар»
- «Жылдыздарга саякат».
Вопрос 19
Ч.Айтматовдун алгачкы аңгемелеринин катарын белгиле:
Варианты ответов
- “Гезитчи Дзюйо”, “Ашым”, “Биз арылап барабыз”, “Сыпайчы”
- “Түнкү сугат”, “Ак жаан”, “Ашым”
- “Атадан калган туяк”, “Ашым”, “Гезитчи Дзюйо"
- “Ашым”, “Гезитчи Дзюйо”, “Биз арылап барабыз”, “Сыпайчы”
Вопрос 20
Т.Абдумомунов алгачкы чыгармачылыгын драманын кайсы жанрдык түрүнөн баштаган?
Варианты ответов
- трагедиядан
- комедиядан
- драмадан
- трагикомедиядан