Меню
Тесты
Тесты  /  Прочее  /  Прочее  /  Кыргыз маданиятынын тарыхы

Кыргыз маданиятынын тарыхы

Avatar
14.01.2026. Тест. Прочее, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Кыргыз тили жана адабияты адистигинде күндүзгү бөлүмдө окуган 2-курстун студенттери үчүн кыргыз маданиятынын тарыхы предметинен түзүлгөн экзамендик тест

Список вопросов теста

Вопрос 1

Маданият канчага бөлүнөт?

Варианты ответов
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Вопрос 2

Рухий маданиятка эмнелер кирет?
 

Варианты ответов
  • - Кой союу
  • - Музыкалык аспаптар
  • - Элдик оозеки чыгармалар
  • - Боз үй
Вопрос 3

Эпикалык чыгармаларга эмнелер кирет?

Варианты ответов
  • эпостор
  • жаңылмачтар
  • табышмактар
  • ырлар
Вопрос 4

Үйлөмө аспаптарга кайсылар кирет?

Варианты ответов
  • чоор
  • шылдырак
  • аса таяк
  • кыл кыяк
Вопрос 5

Жаш балага эмне себептен койдун мээсин жедирген эмес?

Варианты ответов
  • ата-энесинен ажырап калат деген ишеним болгон
  • андай тыюу болгон эмес
  • ата-энесине мээримсиз болот деген ишеним болгон
  • баланын мурду агып, маңка болуп калат деген ишеним болгон
Вопрос 6

"Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар" китебинин автору ким?

Варианты ответов
  • Ы.Кадыров
  • А.Акматалиев
  • А.Мурзакметов
  • А.Абдылдаев
Вопрос 7

Койдун жиликтеринин катары кайсы вариантта ирети менен туура берилген?

Варианты ответов
  • жамбаш, кашка жилик, жото жилик, далы, кар жилик, күң жилик
  • жамбаш, жото жилик, кашка жилик, далы, кар жилик, күң жилик
  • жамбаш, далы, кашка жилик, жото жилик, кар жилик, күң жилик
  • жамбаш, кар жилик, кашка жилик, жото жилик, далы, күң жилик
Вопрос 8

Боз үйдүн ичи канчага бөлүп кароого болот?

Варианты ответов
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Вопрос 9

Төө боздойт, жылкы кишенейт, кой маарайт , а эчки...

Варианты ответов
  • мекиренет
  • коркулдайт
  • маарайт
  • чурулдайт
Вопрос 10

Жылкынын жашынын ирети менен аталышы кайсы вариантта туура берилген?

Варианты ответов
  • кулун, жабагы, тай, кунан, бышты, асый
  • кулун, жабагы, тай, бышты, кунан, асый
  • кулун, тай, кунан, бышты, асый, жабагы
  • кулун, тай, жабагы, кунан, бышты, асый
Вопрос 11

Төөнүн бычмалы атан, ургаачысы инген ал эми эркегин кыргыздар эмне деп атаган?

Варианты ответов
  • төө
  • буура
  • инген
  • нар
Вопрос 12

Төмөндөгү жаныбарлардын кайсы варианттагысынын биринчиси эркеги, ал эми экинчиси ургаачысы?

Варианты ответов
  • эчки, теке
  • аркар, кулжа
  • куран, телки
  • мегилжан, каман
Вопрос 13

"чөк" деп төөгө, "чек" деп эчкиге карата айтабыз, "айдак" деп эмнеге карата айтабыз?

Варианты ответов
  • жылкы
  • ит
  • мышык
  • топоз
Вопрос 14

Кыргыздар он эки жылды жаныбарлардын аты менен атаган. Кайсы вариантта ошонун ирети бузулбастан туура берилген?

Варианты ответов
  • чычкан, уй, барс(жолборс),коён, улуу(балык, ажыдаар), жылан, жылкы, кой, мечин(маймыл), тоок, ит, кара кийик(доңуз)
  • чычкан, уй, барс(жолборс),коён, жылкы, улуу(балык, ажыдаар), жылан, кой, мечин(маймыл), тоок, ит, кара кийик(доңуз)
  • чычкан, уй, барс(жолборс),коён, улуу(балык, ажыдаар), жылкы, кой, жылан, мечин(маймыл), тоок, ит, кара кийик(доңуз)
  • чычкан, уй, барс(жолборс),коён, улуу(балык, ажыдаар), жылан, ит, жылкы, кой, мечин(маймыл), тоок, кара кийик(доңуз)
Вопрос 15

Жылкынын пири-Камбар ата, эчкинин пири-Чычаң ата, ал эми уйдун пири-...

Варианты ответов
  • Зеңги баба
  • Ойсул ата
  • Чолпон ата
  • Улукман ата
Вопрос 16

Акыл тоону бузат... макалды толукта!

Варианты ответов
  • Кыял элди бузат
  • Баатыр жоону бузат
  • Куш көктө сызат
  • Канаттуу көктө сызат
Вопрос 17

Боз үйдүн сөөктөрү (жыгачтары) кайсы вариантта?

Варианты ответов
  • кереге, уук, туурдук, түндүк
  • уук, түндүк босого таяк, кереге
  • уук, кереге, үзүк, түндүк
  • түндүк, кереге, түндүк жабуу, уук
Вопрос 18

Кыргыздын тамак-ашы(азыгы) канча топко бөлүнүп айтылат?

Варианты ответов
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Вопрос 19

Койду короого камаган, козу улакты көгөнгө байлаган, ал эми кулунду__________байлаган.

Варианты ответов
  • Көгөнгө
  • Казыкка
  • Мамыга
  • Желеге
Вопрос 20

Айлардын ирети менен туура жазылганы кайсы вариантта берилген?

Варианты ответов
  • Жалган куран, Чын куран, Бугу, Кулжа, Теке, Баш оона, Аяк оона, Тогуздун айы, Жетинин айы, Бештин айы, Үчтүн айы, Бирдин айы
  • Жалган куран, Чын куран, Бугу, Теке, Кулжа, Баш оона, Аяк оона, Тогуздун айы, Жетинин айы, Бештин айы, Үчтүн айы, Бирдин айы
  • Чын куран, Жалган куран, Бугу, Теке, Кулжа, Баш оона, Аяк оона, Тогуздун айы, Жетинин айы, Бештин айы, Үчтүн айы, Бирдин айы
  • Чын куран, Жалган куран, Бугу, Кулжа, Теке, Баш оона, Аяк оона, Бирдин айы, Үчтүн айы, Бештин айы, Жетинин айы, Тогуздун айы
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт