Кыргыз адабияты
Список вопросов теста
Вопрос 1
”Фольклор” терминине түшүнүк берүү
Варианты ответов
- Элдик акылмандуулук,чыгармачылык дегенди билдирет
- Хореографиянын бир түрү
- Тарыхый чыгарма дегенди түшүндүрөт
- Элдик кол өнөрчүлүктү билдирет
Вопрос 2
Лирикалык жанрдагы чыгармаларга кайсылар кирет?
Варианты ответов
- Эмгек, санат-насыят, сүйүү, арман, кошок, балдар ырлары
- кошоктор, айтыштар, эпостор
- макал-лакаптар, үлгү ырлар, айтыштар
- арман ырлары, айтыштар, эпостор
Вопрос 3
Эмгек ырларына кайсы чыгармалар кирет?
д) “Тон чык”, “Оп, майда”, “Күёөтай”
Варианты ответов
- “Бекбекей”, “Гүлдөй жан”, “Аксаткын менен Кулмурза”
- “Койчунун арманы”, “Тон чык”, “Селкиге”
- в) “Бекбекей”, “Оп, майда”, “Шырылдаң”, “Тон чык”
- “Санат”, “Акыйнек”, “Шырылдаң”
Вопрос 4
Сүйүү ырларына кайсылар кирет?
Варианты ответов
- “Күңөтай”, “Селкиге”, “Ак ыргал”
- “Насыят”, “Бекбекей”, “Үлгү ырлар”
- “Санат”, “Шырылдаң”, айтыш ырлары
- “Чалга берген кыздын арманы”, “Дүнүйө”
Вопрос 5
Ырым-дарым ырлары эмнеге байланыштуу келип чыккан?
Варианты ответов
- сүйүү, махабатка байланыштуу
- жоготуу, арманга байланыштуу
- мал-чарбачылыкка байланыштуу
- жашоо- тиричиликке. чарбачылыкка, элдик медицинага байланыштуу
Вопрос 6
Сыйкырдуу-кереметтүү жөө жомокту тап:
Варианты ответов
- “Алтын куш”, “Алтын балык”. “ Өнөрлүү бала”
- “Акыл Карачач”, “Акылдуу дыйкан”, “Торгой”
- “Жээренче чечен”, “Абышка кемпирдин көмөчү”
- “Түлкүнүн жуучу болушу”, “Кыргый менен үкү”
Вопрос 7
Кошок жанрында кайсы көркөм сөз каражаттары кеңири колдонулат?
Варианты ответов
- көркөм параллелизм, салыштыруу, эпитет
- метафора, синехдоха, литота
- гипербола, литота, перифраза
- синехдоха, салыштыруу, метонимия
Вопрос 8
Ырчылык өнөрдүн тарыхый мааниси эмнеде?
Варианты ответов
- элдин аң-сезимине, жүрүм-турумуна идеялык негиз болгон
- көңүл ачуу үчүн
- аш-тойлорду даңазалоо үчүн
- байларды даңазалоо үчүн
Вопрос 9
Ырчылык өнөрдүн пайда болушу жана өнүгүшүнүн себеби?
Варианты ответов
- турмуштук зарылдыктан
- өзүнөн-өзү эле пайда болгон
- башка элдердин таасири менен
- ырчыларды сыйлагандыктан.
Вопрос 10
Ырчылык өнөрдүн жанрдык түрлөрүнүн бири
Варианты ответов
- айтыш өнөрү
- поэмалар жаратышы
- эпостор жаратышы
- образ түзө билиши
Вопрос 11
«Ырчы», «акын» деген терминдердин пайда болушу
Варианты ответов
- ырчылардын талантына, таасирине, кадыр-баркына жараша пайда болгон
- жасалма түрдө болгон
- дайыма эле болгон
- ойдон чыгарылган
Вопрос 12
Заман мотивиндеги идеяларды чагылткан «Тар заман» ырынын автору
Варианты ответов
- Арстанбек
- Алдаш Молдо
- Молдо Кылыч
- Эшмамбет
Вопрос 13
Төмөндөгү саптар элдик оозеки чыгармачылыктагы кандай ырлардын катарын толуктайт?
Төбөсү ачык көк урсун,
Төбөсү туюк көр урсун,
Төшү түктүү жер урсун!
Караңгы түндө өлөйүн,
Чыккан күндү көрбөйүн!
Кечке жаным жетпесин,
Таңга жетпей өлөйүн!
а) ант ырлары
б) кордоо ырлары
в) алкоо ырлары
г) мактоо ырлары
Варианты ответов
- ант ырлары
- кордоо ырлары
- алкоо ырлары
- мактоо ырлары
Вопрос 14
Төмөнкүлөрдүн ичинен макалды бөлүп көрсөткүлө:
Варианты ответов
- Көп жойлоп капканга түшкөн түлкүчө
- Боёкчу боёкчу десе сакалын кошо боёптур
- Устанын тогоосу жок
- Ата-эненин сөзү – акыл-кеңештин көзү
Вопрос 15
Кет Буканын төмөндөгү ыр саптарындагы калтырылган орундукту кайсы сөз менен толуктасак туура келет?
Көгүш тоону кыян жууп,
Көрк бузулат, ...
Көсөмдөрүң элди алдап,
Көч бузулат, ...
Өзөгүңө өрт таштап,
Өз бузулат, ...
Сөөлөтүнөн ажырап,
Сөз бузулат.
Варианты ответов
- жат болгун
- сак болгун
- бак болгун
- так болгун


