Химия
Список вопросов теста
Вопрос 1
Тапшырма 1. Төмөнкү жактагы жайгашкан тексти окуп чыгып, суроого жооп бергиле. Күнүмдүк жашоодо батареянын пайдасын тастыктаган эки аргументти жазгыла. Жообуӊарды жазгыла.
Текст: Батарейкалар: пайдасы жана зыяны Күнүмдүк жашообузда, балдардын электр оюнчуктары, сааттар, пульттар, таразалар жана уюлдук телефондор сыяктуу тиричилик техникаларын кеңири колдонобуз жана үйүбүздөгү башка көптөгөн тиричилик техникалары батарейка менен иштейт. Бирок, колдонулган батареялар пайда же зыян алып келет деп эч ким ойлонгон эмес. Жалпысынан алганда, батареялар химиялык түзүлүштөр, алардын элементтери биз колдонгон электр энергиясын өндүрүү үчүн реакцияга кирет. Батареялардын курамында адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизген магний, сымап, калай, коргошун, никель, цинк, кадмий, щелочтор жана туздар бар. Полигондорго ташталгандан кийин, батареянын металл жабуусу коррозиядан бузулат, оор металлдар топуракка жана жер астындагы сууларга, жакын жердеги дарыяларга, көлдөргө жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн колдонулган башка суу объектилерине түшүп калат. Ал эми батареяларды өрттөөчү жайда күйгүзсө, андагы уулуу элементтер атмосферага уулуу газ түрүндө кѳтѳрүлѳт. Алар айлана-чөйрөгө чоң зыян келтирет. Чиригенде, бир батарея 20 чарчы метр жерди булгайт - токой зонасында бул эки дарак, эки крот, кирпи жана бир нече миң сөөлжандын жашаган жери. Батареяларды урнага ыргытканыңарда эсиңерде болсун: алар акырындан жарылуучу бомба.
Вопрос 2
Тапшырма 2 .Төмөнкү жактагы жайгашкан тексти окуп чыгып, суроого жооп бергиле. Батареялар таштандыга ыргытылганда канчалык зыяндуу экенин көрсөткөн эки мисалды тапкыла. Жообуӊарды жазгыла.
Батарейкалар: пайдасы жана зыяны. Текст: Жалпысынан алганда, батареялар химиялык түзүлүштөр, алардын элементтери биз колдонгон электр энергиясын өндүрүү үчүн реакцияга кирет. Батареялардын курамында адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизген магний, сымап, калай, коргошун, никель, цинк, кадмий, щелочтор жана туздар бар. Полигондорго ташталгандан кийин, батареянын металл жабуусу коррозиядан бузулат, оор металлдар топуракка жана жер астындагы сууларга, жакын жердеги дарыяларга, көлдөргө жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн колдонулган башка суу объектилерине түшүп калат.
Вопрос 3
Тапшырма 3 Күнүмдүк жашоодо колдонулуп келген батарейканын зыяндуулугунун алдын албаган бир көйгөйдү келтиргиле. Бул маселени чечүүнүн жолун сунуштагыла. Жообуӊарды жазгыла.


