Меню
Тесты
Тесты  /  Математика  /  Прочее  /  Кайтарым байланыш

Кайтарым байланыш

Avatar
24.04.2020. Тест. Математика, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Көп грандыктар, айлануу телолору, алардын касиеттери, мисал иштөө, жыйынтыктоо

Список вопросов теста

Вопрос 1

Эки грандуу бурч деген эмне?

Варианты ответов
  • Эки жарым тегиздиктен жана аларды чектөөчү жалпы түз сызыктан турган фигура.
  • Эки түз сызыктын кесилишиндеги фигура
  • Эки шоола түзгөн тегиздиктин бөлүгү
  • Жайылган бурч
Вопрос 2

Эки грандуу бурчтун элементтерин санап жазгыла.

Варианты ответов
  • Чокусу жана бурчу.
  • Грандары жана жактары
  • Кыры, эки граны жана сызыктуу бурчу
  • Негизи жана чокусу
Вопрос 3

Үч грандуу бурч деген эмне?

Варианты ответов
  • Эки грандуу бурчтан үчөөнү айтабыз
  • Эки грандуу бурчтун суммасын айтабыз
  • Үч кыры болгон үч тегиздиктен турган фигураны айтабыз
  • Жалпы чокулуу үч жалпак бурчтан турган фигураны айтабыз
Вопрос 4

Көп грандык деген эмне?

Варианты ответов
  • Көп граны болгон бурчтарды айтабыз
  • Бети чектүү сандагы көп бурчтуктардан турган мейкиндиктеги томпок фигура аталат.
  • Көп грандык бул фигура болот.
  • Көп бурчтуктарды айтабыз.
Вопрос 5

Көп грандыктар кайсылар?

Варианты ответов
  • Призма, параллелепипед, пирамида, кесилген пирамида.
  • Конус жана пирамида
  • Призма.
  • Цилиндр
Вопрос 6

Кандай көп грандык призма деп аталат?

Варианты ответов
  • Пирамиданы айтабыз
  • Эки граны параллель калган грандары параллелограммдан турган көп грандыкты айтабыз
  • Көп грандуу бурчту айтабыз
  • Көп бурчтуктарды айтабыз
Вопрос 7

Примзманын түрлөрү кайсылар?

Варианты ответов
  • Кең бурчтуу призмалар.
  • Үч буртуу призмалар
  • Тик призма, жантык призма, туура призма
  • Төрт бурчтуу призма
Вопрос 8

Призманын негизги элементтери кайсылар?

Варианты ответов
  • Негизи жана чокусу
  • Негиздери, каптал грандары, каптал кырлары,чокулары,
  • Эки грандуу бурчтары
  • диагоналдары
Вопрос 9

Тик призма деп, кандай призманы айтабыз

 

Варианты ответов
  • Эгерде призманын каптал кырлары негизинин тегиздигине перпендикуляр болсо, ал тик призма деп аталат.
  • Эгерде призманын негизи тик бурчтук болсо, ал тик призма деп аталат.
  • Эгерде призманын кырлары өз ара параллель жайгашкан болсо, ал тик призма деп аталат.
  • Тик призма болбойт.
Вопрос 10

Жантык призма деп, кандай призманы айтабыз?

Варианты ответов
  • Каптал кырлары негизине перпендикуляр болбогон призманы жантык призма деп айтабыз.
  • Негизи тик бурчтык болбогон призманы жантык призма деп айтабыз
  • Негизи үч бурчтук болгон призманы айтабыз
  • Бардык эле призмалар жантык призма деп аталаышат
Вопрос 11

Негизи параллелограмм болгон призма  кандай аталат?

Варианты ответов
  • Тик призма деп аталат.
  • Жантык призма деп аталат.
  • Параллелепипед деп аталат.
  • Пирамида деп аталат.
Вопрос 12

Тик параллелепипеддин негизи тик бурчтук болсо, ал кандай параллелепипед деп аталат?

Варианты ответов
  • Призма деп аталат
  • Параллелепипед деп эле аталат.
  • Жантык параллелепипед деп аталат.
  • Тик бурчтуу параллелепипедл деп аталат.
Вопрос 13

Параллелепипеддин үч өлчөмү деген эмне?

Варианты ответов
  • Негизи, каптал граны, чокусу-үч өлчөм болот.
  • Каптал кыры, негизи, бийиктиги-үч өлчөм болот.
  • Үч өлчөм болбойт
  • Бир чокусунан чыккан үч кыры(узуну, туурасы, бийикутиги)-үч өлчөм болот
Вопрос 14

Үч өлчөмү барабар болгон параллелепипед кандай аталат?

Варианты ответов
  • Куб деп аталат.
  • Тик бкрчтуу параллелепипед деп аталат.
  • Призма деп аталат.
  • Пирамида деп аталат.
Вопрос 15

Пирамида деп кандай көп грандыкты айтабыз?

Варианты ответов
  • Үч бурчтуу призманы пирамида деп айтабыз
  • Бир граны көп бурчтуктан жана калган грандары жалпы чокулуу үч бурчтуктардан турган көп грандыкты пирамида деп айтабыз.
  • Үч жалпак бурчу бар көп грандык пирамида деп аталат.
  • Бардык грандары үч бурчтук болгон көп грандыкты пирамида дейбиз.
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт