Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  Прочее  /  2-курс. Жыйынтыктоочу текшеруунун материалдары. 1-вариант

2-курс. Жыйынтыктоочу текшеруунун материалдары. 1-вариант

Avatar
16.05.2020. Тест. Родной язык и литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Орто кесиптик окуу жайларынын 2-курстары учун жыйынтыктоочу текшеруунун материалдары

Список вопросов теста

Вопрос 1

Туура жазылган географиялык татаал энчилүү аттарды белгиле?

Варианты ответов
  • Сарычелек, Джалал-Абад, Нарын
  • Торайгыр, Балгарт, Кызылкыя
  • Кара-Шоро, Арслан-Баб
  • Ат-Башы, Чоң-Алай, Самаркан
Вопрос 2

Кызмат каттарынын өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүнүшү

Варианты ответов
  • ички кызмат маалым каты, тышкы кызмат маалым каты
  • буйрук кат, макулдук кат
  • жооп берүүнү талап кылуучу кат, жооп берүүнү талап кылбоочу кат
  • ички түшүнүк кат, тышкы түшүнүк кат
Вопрос 3

Кыргыз тилинин лексикасы колдонулуш чөйрөсүнө карай бөлүнүшү

Варианты ответов
  • жалпы, чектелген
  • диалектилик, улуттук
  • кесиптик, лексико-семантикалык
  • жаргондук-арготикалык, стилдик
Вопрос 4

Үндөшүү деп кандай тыбыштык процессти айтабыз?

 

Варианты ответов
  • тыбыштардын өз алдынча алмашуусу
  • тыбыштардын тилге, эринге карай өзгөрүүсү
  • тыбыштардын өз ара окшошуусу
  • тыбыштардын окшошпой калуусу
Вопрос 5

Сан атооч түзүлүшүнө карай кандай болуп бөлүнөт?

Варианты ответов
  • эсептик жана иреттик сан атооч
  • жөнөкөй жана татаал сан атооч
  • уңгу жана туунду сан атооч
  • жамдама жана чамалама сан атооч
Вопрос 6

Мазмунуна карата отчеттун түрлөрү:

Варианты ответов
  • мезгилдүү иштер, иш сапары, авансылык
  • иш сапары, авансылык, өздүк курам боюнча
  • атайын тапшырмалар, эмгек жөнүндөгү макулдашуу
  • мезгилдүү иштер, иш сапары, эмгектик өргүү
Вопрос 7

Кокуй, катыгүн, баракелде деген сөздөр сырдык сөздүн кайсы түрүнө кирет?

Варианты ответов
  • турмуш-тиричиликтик
  • сезимдик
  • эрктик
  • күчөткүч
Вопрос 8

Ой жүгүртүү текстинин негизги белгилери:

Варианты ответов
  • баяндап айтып берүү
  • сүрөттөп айтып берүү
  • жеке оюн айтып, далилдеп көрсөтүү
  • белгиле
Вопрос 9

-Адам эмей эле, айбан экенсиң, бул эмне кылганың! – деп Калийпа жемелеп калды.

Экөө жаакташып жатканын көпкө угуп бардым. Сүйлөмдөгү сан атооч сөз - ………………..

Варианты ответов
  • иреттик сан атооч;
  • жамдама сан атооч;
  • топ сан атооч;
  • чамалама сан атооч.
Вопрос 10

Киринди сөздөргө мүнөздөмө бер.

Варианты ответов
  • сүйлөөчүнүн айтылып жаткан ойго карата ар түрдүү мамилесин билдирет
  • сүйлөм аркылуу айтылган ойдун кимге, эмнеге адрестелгендигин билдирет
  • ички сезимди, эрктик, турмуш-тиричиликтик мамилелерди билдирет
  • ар кандай нерселерден чыккан үндү, добушту туурап, алардын кыймыл-аракеттерин билдирет
Вопрос 11

Кайсы катардагы сөздөрдүн бир варианты туура эмес жазылган?

Варианты ответов
  • түңкү, түнбү
  • бара жатат, баратат
  • түрдүү, түрлүү
  • алып бер, алпер
Вопрос 12

Токтомдун негизги бөлүмүнө кайсылар кирет?

Варианты ответов
  • угулду, суроолор берилди, жарыш сөзгө чыгышты, сунуштар айтылды, токтом кылынды
  • өткөрүлгөн орду, убактысы, каралуучу маселелер, угулду, сөзгө чыкты
  • күн тартиби, угулду, сунуштар айтылды, катышуучулардын саны
  • катышуучулардын саны, себептүүсү, себепсизи, каралуучу маселелер
Вопрос 13

Араб  тилинен  өздөштүрүлгөн  сөздү  тап

Варианты ответов
  • тоо
  • мектеп
  • жарманке
  • соода
Вопрос 14

Чогулуштун протоколу, акт, отчет иш кагаздарынын  кайсы түрүнө кирет?

Варианты ответов
  • официалдуу
  • официалдуу эмес
  • иш кагаз стилине
  • илимий стилге
Вопрос 15

Туунду зат атоочторго жалганган жак мүчөлүү сөздөрдү тап.

Варианты ответов
  • апамын, эжесиң, баласыңар
  • шаардансың, айылдасыңар
  • койчусуңар, иштерманмын, жазуучусуз
  • кызымсың, агамсыз, жакшыларбыз
Вопрос 16

Көңүл буруңуздар, бир нече мүнөттөн кийин айкидо боюнча дүйнөлүк чемпионаттан түз берүүнү баштайбыз. Сүйлөмдөгү публицистикалык стилдин түрү?

Варианты ответов
  • доклад
  • публицистика
  • репортаж
  • жаңылык
Вопрос 17

Эпентеза  кандай  кубулуш?

Варианты ответов
  • сөздүн ортосуна бир үндүүнүн кошулуп айтылышы
  • сөздүн аягына бир үндүүнүн кошулуп айтылышы
  • үндүүлөрдүн түшүрүлүп айтылышы
  • сөздүн башына бир үндүүнүн кошулуп айтылышы
Вопрос 18

«Кечээ гана тиги кырда жок эле,

  Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш» - троптун кайсы түрү?

Варианты ответов
  • салыштыруу
  • метонимия
  • метафора
  • синекдоха
Вопрос 19

Лексикалык диалектилик сөздөрдү тап.

 

Варианты ответов
  • барик,оводо, арип, дара
  • закча, жаңгак, илим
  • жүде, дыкат, жакшы
  • горо, тукум, уйку
Вопрос 20

Кыймыл атоочтун атоочтук белгилери

Варианты ответов
  • атооч сөздөрдү жөндөмөлөр боюнча башкарат
  • кыймыл-аракеттин башка бирөө тарабынан аткарылгандыгын көрсөтөт
  • жөндөмө, таандык, көптүк мүчөлөр боюнча өзгөрөт
  • чакты, жакты көрсөтөт
Вопрос 21

Чакчылдар ... чакты билдирбейт:

Варианты ответов
  • этиш сөзгө –ганча, -гыча мүчөлөрү уланганда
  • татаал формада болгондо
  • этиш сөзгө –а, -е, - й, -ып мүчөлөрү уланганда
  • мүчөлөр уланбаган учурда.
Вопрос 22

Тилдик каражат катары колдонулган сүйлөмдү белгиле

Варианты ответов
  • Куураган согуш бүттү эми, Акысы калган жок
  • Жээктеринде пальмалар өсүп турат
  • «Манас» эпосу - кыргыз элинин улуу мурасы
  • Күн батууга жакындап калды
Вопрос 23

Бир дарыя ичинде тептегерек,
      Үч жүз алтымыш бөлөк-бөлөк,
      Күндө жыйырма төрттөн бала тууйт
      Бири кара, бири жарык, бири көпөлөк.
Бул табышмакта сан атоочтун кайсы түрү катышты?

Варианты ответов
  • эсептик, топ сан атооч
  • чамалама сан атооч
  • жамдама сан атооч
  • бөлчөк сан атооч
Вопрос 24

Сүйлөшүү стилине мүнөздүү сөздөрдүн катарын көрсөт

Варианты ответов
  • фонема, саясий-коомдук, изилдөөлөр
  • айланайын, шакирт, сойлоп, кубулуш
  • сунуштоо, сүрөттөгөн, натыйжада, тематика
  • бал-ли, мүнөт, Токо, үйүң күйгүр
Вопрос 25

Кош сөз түрүндөгү тактоочтор:

Варианты ответов
  • кызыл-жашыл, көк ала
  • бат-бат, кез-кезде, бетме-бет
  • кыз-кыркын, бала-чака, нан-пан
  • Ысык-Көл, Кара-Балта, Ысык-Ата
Вопрос 26

Оозеки кептин стилинин өзгөчөлүгү…

Варианты ответов
  • турмуш-тиричиликке байланыштуу сөздөр колонулгандыгында
  • ар кандай терминдер колдонулганына байланыштуу
  • кепте сүйлөм түзүлүшү, сөз составы эркин болуп, түрдүү жаңдоо, мимика, интонация, сырдык сөздөр көп колдонулуп, көбүнчө диалог формасы болушу
  • сүйлөшүү, диалог формасында болушу
Вопрос 27

Мезгилди  билдирген фразеологизмдери  бар сүйлөмдү  аныкта.

Варианты ответов
  • Жамал мени качан келет,- десе, төөнүн куйругу жерге тийгенде,- келет дегин. ( Р.Ш.)
  • Ушул иттин үнү угулган жерден кантип барбай калалык. (А.Т.)
  • Уй түгүндөй көп калмак, Каптап калган жер экен.(«Манас»)
  • «Мен азыр барып Сасыкбайдын жети атасын көзүнө көргөзөйүн», - деди Кебек карыя. (Н.Б.)
Вопрос 28

Аябай чарчагандыктан, Сабырбек жумуштан кийин дароо үйүнө жөнөдү. Аялдамага келип, автобус күтүп турса, жакшынакай эле кийинген бир байке ага келип учурашты. Сабырбек саламын алик алып, бейтааныш байкени кунт коюп уга баштады. Бирок тиги байке эчтемени ачык айтпай эле, колун бекем кысып алып ыйлай баштады....

Жогоруда кептин кайсы түрү берилген?

Варианты ответов
  • баяндоо
  • сүрөттөө
  • ой жүгүртүү
  • элестетүү
Вопрос 29

Сингармонизм сакталбаган сөзү бар сүйлөмдү белгиле

 

Варианты ответов
  • Кенжем, Жайнагым, карааныңды бир көрсөтсөң боло
  • Ал-акылдуу, меймандос келин
  • Калк айтса-калп айтпайт
  • Ичтегини тилден бил, тилдегини дилден бил
Вопрос 30

Ой жүгүртүүгө мисал:

Варианты ответов
  • Анткени жай мезгили эң жылуу мезгил
  • Себеби жаз мезгили эң эле кооз мезгил
  • Биринчиден, жайлоодо жылкы, уй, кой, мыкты семирет.
  • Баары эле мисал болот
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт