Иш кагаздары
Список вопросов теста
Вопрос 1
Уюм, мекеме же жеке адамдардан бир нерсени алуу фактысын тастыктоочу документ.
Варианты ответов
- Билдирме
- Тил кат
- Өтүнүч кат
- Баяндама кат
Вопрос 2
Эмгек тартиби сакталбагандыгы жөнүндө кайсы иш кагазда айтылат?
Варианты ответов
- Билдирмеде
- Протоколдо
- Токтомдо
- Түшүнүк катта
Вопрос 3
Бул иш кагазында адамдын эмгек жана коомдук ишмердүүлүгүнө байланыштуу негизги фактылар камтылат.
Варианты ответов
- Баяндама катта
- Ишеним катта
- Өмүр баянда
- Сунуш катта
Вопрос 4
Сүйлөмдү туура толукта.
___________ эрежелерин билсек, ____________ туура түзө алабыз.
Варианты ответов
- Мыйзамдын / каалагандай сүйлөшүүнү
- Кызматтык каттардын / каалагандай каттарды
- Орфографиянын / каалагандай иш кагазын
- Иш кагаздарын жүргүзүүнүн / каалагандай документти
Вопрос 5
Төмөндөгүдөй маанидеги сүйлөм кайсы иш кагазына мүнөздүү?
Мындай көрүнүш кайталанбай тургандыгын билдиремин.
Варианты ответов
- Билдирүү
- Түшүнүк кат
- Ишеним кат
- Маалым кат
Вопрос 6
Иш кагаздар стилинин подстили.
Варианты ответов
- реферат
- эссе
- резюме
- илимий макала
Вопрос 7
Тиркеме кайсы документте тиркелет?
Варианты ответов
- түшүнүк кат
- ишеним кат
- тил кат
- чакыруу
Вопрос 8
Иш кагаздары кандай жазылат?
Варианты ответов
- аталышы ташымалданбайт, аталышынын аягына чекит коюлбайт
- аталышы тырмакчага алынат, аталышынын аягына чекит коюлат
- биринчи бетке номер коюлат, аталышы тырмакчага алынат
- дайыма бланктарга жазылат, ѳтмѳ маанидеги тилдик каражаттар колдонулат
Вопрос 9
Бул иш кагазы жетекчинин талабы менен жазылат жана жазган адамды жазалоого негиз болот?
Варианты ответов
- арыз
- өмүр баян
- сураныч кат
- түшүнүк кат
Вопрос 10
Өмүр баян текстинин баяндалышына карай канчага бөлүнөт?
Варианты ответов
- экиге
- үчкө
- бөлүнбөйт
- алтыга
Вопрос 11
«Резюме» сөзү кайсы тилден кабыл алынган?
Варианты ответов
- англис
- француз
- немис
- орус
Вопрос 12
Өмүр баян кайсыл жакка гана тиешелүү?
Варианты ответов
- III жакка гана
- I жана III жакка
- II жана III жакка
- II жакка тиешелүү
Вопрос 13
I жактагы өмүр баян ким тарабынан жазылат?
Варианты ответов
- акындар
- жазуучулар
- автор
- бардык адамдар
Вопрос 14
Кайсы катардагы сөздөр өмүр баянда колдонулат?
Варианты ответов
- дайындаймын, жарыялаймын, жөнөтөмүн, сыйлаймын
- дайындалдым, которулдум, жөнөтүлдүм, сыйландым
- өтүнөм, суранам, тиркеймин, билдиремин
- келе албай калдым, убада беремин, кечирим сурайм
Вопрос 15
Төмөндө берилген сөз айкаштары кайсы иш кагазында кездешет?
ден соолугум жакшы болбогону үчүн, катышпагандыгыма байланыштуу, бузулуп калгандыктан
Варианты ответов
- Түшүнүк кат
- Тил кат
- Билдирме
- Арыз
Вопрос 16
Бул сөздөр жана сөз айкаштары кайсы иш кагазында кездешет?
Жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу, чеберчилик, кадыр-баркка ээ.
Варианты ответов
- Өмүр баян
- Таржымал
- Мүнөздөмө
- Билдирме
Вопрос 17
Белгилүү, таланттуу, улуу, атактуу, залкар деген сыяктуу эпитеттер өмүр баяндын кайсынысында колдонулат.
Варианты ответов
- 1-жак менен жазылган
- 3-жак менен жазылган
- 2-жак менен жазылган
- 1-3-жак менен жазылган
Вопрос 18
Бош орунга тиешелүү сөздү белгилегиле.
Бул убакытта өзүн мыкты …..... жана алдыңкы мамлекеттик кызматкердин …......
Варианты ответов
- сезди / жанында иштеди
- көрсөтө алды / катарына кирди
- үлгүлүү болду / катарын толуктады
- алып жүрдү / сыйлыгын алды
Вопрос 19
Маалыматтарынын тактыгы менен кайсы стилдер бири-бирине окшош?
Варианты ответов
- илимий жана көркөм
- иш кагаздар стили жана көркөм
- публицистикалык жана илимий
- илимий жана иш кагаздар стили
Вопрос 20
Мүнөздөмө-жолдомонун өндүрүштүк мүнөздөмөдөн айырмасы кандай?
Варианты ответов
- Мүнөздөмө-жолдомо кызматкерге уюм, мекеме тарабынан берилет, чогулушта бекитилет
- Айырмасы жок
- Мүнөздөмө-жолдомо кызматкерге берилет
- Өндүрүштүк мүнөздөмө студентке берилет


