Меню
Тесты
Тесты  /  Прочее  /  Прочее  /  I модуль үчүн тесттик суроолор

I модуль үчүн тесттик суроолор

Avatar
05.01.2021. Тест. Прочее, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
ННК11-1-19, ННК-1-18 тайпалары үчүн ______________

Список вопросов теста

Вопрос 1

Кандай ыкмалар менен «Салык толоочунун жеке кабинетине» кирүүгө болот?

Варианты ответов
  • Электрондук кол тамга аркылуу;
  • Инфоком-Smart-id KG аркылуу;
  • ЕID аркылуу;
  • Баары туура
Вопрос 2

Электрондук кол тамга колдонбогон салык төлөөчү кантип авторизация жасайт?

Варианты ответов
  • Логин жана пароль колдонуу менен
  • Салык кызматына арыз жазуу менен
  • Атайын төлөмдөрдү төлөө менен
Вопрос 3

Салыктык отчетторду электрондук түрдө берип жаткан салык төлөөчүлөр отчеттун убактысы келгени жана салыктын ставкасы өзгөргөндүгү тууралуу кайдан билет?

Варианты ответов
  • Салык кызматына кат аркылуу кайрылат
  • Радио телевидение кызматтары аркылуу
  • Өздүк кабинетке келген билдирме катар аркылуу
Вопрос 4

Электрондук отчеттун кабыл алуу статусун кантип текшерүүгө болот?

Варианты ответов
  • Электрондук отчеттордун журналы аркылуу
  • Салык Инфо гезити аркылуу
  • Салык кызматына кат аркылуу кайрылуу менен
Вопрос 5

Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы боюнча отчеттун формасы?

Варианты ответов
  • (FORM STI - 132)
  • (FORM STI - 133)
  • (FORM STI - 1112)
Вопрос 6

Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалыматтын формасы

Варианты ответов
  • (FORM STI-017)
  • (FORM STI-01)
  • (FORMSTI-019)
Вопрос 7

"Виртуалдык кампа" – деген эмне?

Варианты ответов
  • Интернет аркылуу түзүлгөн кампа
  • Товарларды жана электрондук документтерди эсепке алууга мүмкүндүк берген маалыматтык система
  • Убактылуу кармап туру кампасы
Вопрос 8

"Электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактурлардын маалыматтык системасы" – бул?

Варианты ответов
  • Эсеп–фактуралардын электрондук түрдө берүү
  • Эсепфактуранын жаңы түрү
  • Ыйгарым укуктуу салык органынын салыктык башкаруу жана контролдоо маалыматтык системасынын модулу (мындан ары - ЭЭФ МС).
Вопрос 9

4-группадагы мүлк салыгынын эсебин чыгарууда кайсы көрсөткүчтөр колдонулат?

Варианты ответов
  • Кыймылдаткычтын күчүнүн көрсөткүчү
  • Чыгарылган жылы
  • Автоунаанын түсү
Вопрос 10

Салык кызматынын сайтында Электрондук отчету берүү сервисинде кайсы кызматтар камтылган?

Варианты ответов
  • Электрондук кол тамгасыз электрондук отчету берүү сервиси
  • Электрондук кол тамга менен электрондук отчеттуберүү сервиси (DosTek)
  • Электрондук кол тамга менен электрондук отчету берүү сервиси (UBR)
  • Баары туура
Вопрос 11

Электрондук БСД (Бирдиктүү салык декларациясы) кайсы тилде толтурулат?

Варианты ответов
  • Кыргыз тилинде
  • Расмий жана мамлекеттик тилде
  • Салык төлөөчү каалаган тилде
Вопрос 12

Ыктыярдуу электрондук патент кандай мөөнөткө берилет?

Варианты ответов
  • Ыктыярдуу электрондук патент катары менен 15, 30 күнгө берилет
  • 1,3,5 кунгө
  • Каалаган мөөнөткө
Вопрос 13

Электрондук патенттин канча түрү бар?

Варианты ответов
  • Ыктыярдуу электрондук патент
  • Милдеттүү электрондук патент
  • Милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндөгү жалданма жумушчуга электрондук патент
  • Баары туура
Вопрос 14

Салыктын суммасы кандай төлөнөт?

Варианты ответов
  • Банк аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында
  • Салыктын суммасы салык төлөөчү тарабынан накталай жана накталай эмес формада банк мекемеси, перифериялык түзүлүштөр, POS-терминал, электрондуккапчык, Интернет жана же мобилдик банкинг аркылуу жүргүзүлөт
  • Салык төлөөчүгө ынгайлуу болго бардык формада
Вопрос 15

Салык төлөөчү салыктык сумманын бюджетке түшкөнүн кантип текшерип алуу мүмкүнчүлүгү бар?

Варианты ответов
  • Жеке кабинетинде көрсөтүлөт.
  • Кат аркылуу кайрылып билүүгө болот
  • Салык төлөөчү тарабынан иш жүзүндө салыктын суммасы төлөнгөндүгү ЫСОАМСте текшерилет. Салык төлөөч үЫСОнун веб-сайтындагы "Салык төлөө боюнча чекти издөө" бөлүмүнөн салыктын суммасын иш жүзүндө төлөнгөн дүгүн текшере алат.
Вопрос 16

Салык туура эмес дарек боюнча жазылып калса же колдонуучу алмашкан кезде акчаны кайтарып алууга кандай мүмкүнчүлүк бар?

Варианты ответов
  • Салык төлөөчү тарабынан электрондук патент алуудагы төгүлгөн салыктын суммасы белгиленген болот жанакайрадан эсептелбейт, ал эми салыктын төлөнгөн суммасы электрондук патент алынгандан кийин кайтарылып берилбейт.
  • Сотко кайрылып кайра эсепке алынат.
  • Аппеляция түрүндө кайтарылып берилет.
Вопрос 17

Электрондук патенттин ээси салык кызматкерине кагаз түрүндө тастыктоочу нусканы көрсөтүүсү керекпи?

Варианты ответов
  • Ооба
  • Жок
  • Электрондук патентти иш жүзүндө алгандыгын ырастоо максатында салык төлөөчү электрондук патенттин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүн басыпчыгарууга жана зарыл болгон учурда, аны салык төлөөчүнүн өздүгүн күбөлөндүргөн документи же юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндөгү күбөлүгү менен бирге көрсөтүүгө милдеттүү.
Вопрос 18

Салык инспектору кандай ыкма менен электрондук патенттин ырастыгын аныктайт?

Варианты ответов
  • Электрондук патенттин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүнүн тууралыгы, тийиштүү мобилдик тиркемеси бар мобилдик түзүлүш аркылуу электрондук патентке киргизилген QR-кодун сканирлөө жолу менен текшерилиши мүмкүн.
  • Банктык терминал аркылуу.
  • Салык кызматынын сайтына кирүү менен.
Вопрос 19

Электрондук патент кайсы учурларда гана жарактуу деп эсептелет?

Варианты ответов
  • Эки тараптуу кайталангыс номери, QR-коду жана ЫСО АМСте тиешелүү маалымат болгондо
  • Электрондук патентте аты (аталышы) жазылган гана салык төлөөчүүчүн
  • Кыргыз Республикасынын аймагына жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү шаар аралыкташуу боюнча салык төлөөчүлөрдүн ишин кошпогондо, электрондук патент алган салык төлөөчү иштеп жаткан райондун (шаардын) аймагында
  • Баары туура
Вопрос 20

Электронук патент алууда салык төлөөчүгө кандай милдеттер жүктөлөт?

Варианты ответов
  • Электрондук патент алууда салыкты өз убагында жана толук төлөө жоопкерчилиги салык төлөөчүгө жүктөлөт.
  • Убагында салык төлөөгө, башка ишмердүүлүк менен алектенбөөгө.
  • Ар айда салык инспекторуна салык төлөөсү боюнча маалымат билдирүүгө.
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт