Молекулалык физика жана термодинамика - жыйынтык текшерүү
Список вопросов теста
Вопрос 1
Молекулалык-кинетикалык теория боюнча температура -….
Варианты ответов
- заттын бөлүкчөлөрүнүн жылуулук кыймылынын орточо кинетикалык энергиясынын чени
- орточо кинетикалык энергиянын азайышы
- газдын басымынын азайышынын чени
- потенциалдык энергиясынын чени
- туура жообу жок
Вопрос 2
Заттын ички энергиясы…
Варианты ответов
- затты түзгөн бөлүкчөлөрдүн кинетикалык жана потенциалдык энергияларынын суммасына барабар
- зат алган жылуулук саны
- затты 1К ге ысытуу үчүн зарыл болгон жылуулуктун саны
- анын потенциалдык энергиясына барабар
- туура жообу жок
Вопрос 3
Термодинамиканын 1-башаты:
Варианты ответов
- системага берилген жылуулук саны анын ички энергиясын өзгөртүүгө сарпталат
- системага берилген жылуулук саны анын ички энергиясын өзгөртүүгө жана системанын жумуш аткаруусуна сарпталат
- туюк системанын ички энергиясын жылуулук алмашуу жана жумуш аткаруу аркылуу өзгөртүүгө болот
- системага берилген жылуулук саны анын кинетикалык энергиясын өзгөртүүгө сарпталат
- биринчи тектеги түбөлүк кыймылдаткычты курууга болбойт
Вопрос 4
Изобаралык процесс үчүн термодинамиканын биринчи башатынын математикалык туюнтулушун тапкыла:
Варианты ответов
-
\(\triangle U=A\)
-
\(Q=\triangle U\)
-
\(Q=\triangle U+A\)
-
\(\triangle U=Q_1+Q_2\)
-
\(\triangle U=E_p+E_k\)
Вопрос 5
Кайсы процесс учурунда идеал газдын ички энергиясы өзгөрөт?
Варианты ответов
- температурасы өзгөрбөй жүрүүчү
- изохоралык
- изобаралык
- адиабаттык
- изотермалык
Вопрос 6
Кандай процесс үчүн термодинамиканын 1-закону \(\triangle U=-A\) көрүнүшүндө жазылат?
Варианты ответов
- изохоралык ысытуу
- изобаралык кеңейүү
- изотермикалык кысылуу
- адиабаттык кысылуу
- адиабаттык кеңейүү
Вопрос 7
Энергиянын эркин даража саны боюнча бирдей бөлүштүрүлүү принцибине ылайык ар кандай газдын бир бөлүкчөсүнүн орточо кинетикалык энергиясы:
Варианты ответов
-
\(E=\frac{m\upsilon^2}{2}\)
-
\(E_p=mgh\)
-
\(\overline{E}=\frac{i}{2}kT\)
-
\(\overline{E}=\frac{i}{2}RT\)
-
\(C_V=\frac{i}{2}R\)
Вопрос 8
Муздаткычы жок мезгилдүү иштөөчү жылуулук машинасын курууга болобу?
Варианты ответов
- болот, бирок анын ПАКы 10% тен ашпайт
- болот, бирок анын ПАКы 25% тен ашпайт
- болот, бирок анын ПАКы 50%тен ашпайт
- болбойт
- туура жообу жок
Вопрос 9
Кандай процессте идеал газга берилген жылуулук саны анын сырткы күчтөргө каршы аткарган жумушуна барабар?
Варианты ответов
- изохоралык
- изобаралык
- адиабаттык
- изотермикалык
- мындай процесс жок
Вопрос 10
Төмөндөгү формулалардын ичинен кайсылары Клапейрон-Клаузиустун теңдемеси эмес:
Варианты ответов
-
\(PV=RT\)
-
\(PV=\frac{m}{\mu}RT\)
-
\(P\left(V-b\right)=RT\)
-
\(\left(P+\frac{a}{V_{\mu}^2}\right)\left(V_{\mu}-b\right)=RT\)
-
\(\frac{dP}{dT}=\frac{\lambda}{T\left(\vartheta_2-\vartheta_1\right)}\)
Вопрос 11
Бир моль реал газ үчүн Ван-дер-Ваальстын теңдемеси:
Варианты ответов
-
\(PV=\frac{m}{\mu}RT\)
-
\(PV=RT\)
-
\(A=P\triangle V\)
-
\(C_p=C_V+R\)
-
\(\left(P+\frac{a}{V_{\mu}^2}\right)\left(V_{\mu}-b\right)=RT\)
Вопрос 12
Төмөндөгү жооптордун кайсылары кристаллдык торчолордун физикалык типтерине мисал боло алышат?
Варианты ответов
- иондук кристаллдар
- атомдук кристаллдар
- металлдык кристаллдар
- молекулалык кристаллдар
- электрондук кристаллдар
Вопрос 13
Турактуу 800 Па басым астында газдын көлөмү \(3\ м^3\) ка өзгөрдү. Газ кеңейгенде аткарылган жумушту тапкыла.
Варианты ответов
- 11 Дж
- 400 Дж
- 2400 Дж
- 2,4 кДж
- 2000 Дж
Вопрос 14
600 Дж жылуулук санын алып, газ 200 Дж жумуш аткарат. Газдын ички энергиясы канчага өзгөргөн?
Варианты ответов
- - 300 Дж
- 300 Дж
- 400 Дж
- 600 Дж
- 0,3 кДж
Вопрос 15
Топтун дубалга урунганга чейинки кинетикалык энергиясы 30 Дж, урунгандан кийинкиси 26 Дж. Урунганда канча жылуулук бөлүнүп чыккан?
Варианты ответов
- 8 Дж
- 10 Дж
- 6 Дж
- 40 Дж
- 4 Дж
Вопрос 16
ПАКы 40% жылуулук машинасы бир циклда муздаткычка 18 кДж жылуулукту берет. Бир циклда бул машина ысыткычтан канча жылуулукту алат? Жообун кДж менен бергиле.
Варианты ответов
- 20 кДж
- 30 кДж
- 40 кДж
- 50 кДж
- 60 кДж
Вопрос 17
Каныкпаган бууну кантип каныккан бууга айландырууга болот?
Варианты ответов
- температурасын төмөндөтүп
- температурасын жогорулатып
- көлөмүн чоңойтуп
- көлөмүн кичирейтип
- температурасын төмөндөтүп жана көлөмүн кичирейтип
Вопрос 18
Температурасы 300 К болгон абадагы суу буусунун үлүштүк басымы 831 Па. Абанын \(1\ м^3\) көлөмүндө канча грамм суу буусу бар? Суунун молдук массасы 0,018 кг/моль.
Варианты ответов
- 3 г
- 6 г
- 9 г
- 12 г
- 15 г
Вопрос 19
Төмөнкү заттардын кайсынысы жылуулукту жакшы өткөрөт?
Варианты ответов
- темир
- жыгач
- кирпич
- бетон
- айнек
Вопрос 20
Суюктуктардын ичке түтүкчөлөр аркылуу өз алдынча жогору көтөрүлүүсү .... кубулушу деп аталат.
Варианты ответов
- капиллярдуулук
- илешимдүүлүк
- агуучулук
- анизотроптуулук
- өткөрүмдүүлүк
Вопрос 21
Көмүр кычкыл газынын бир молунда канча атом бар?
Варианты ответов
- Көмүр кычкыл газынын бир молу 2 моль кычкылтектин жана 1 моль көмүртектин атомдорун камтыйт.
- Көмүр кычкыл газынын бир молу 3 моль сандагы атомдордон турат.
- Андагы атомдордун саны Авагадронун саны деп аталат.
- Лошмидттин санынчалык атом бар.
Вопрос 22
Молекулалык-кинетикалык теориянын негизги p=nkT теңдемесине ылайык газдын басымы анын температурасына түз пропорциялаш. Анда жайкысын жана кышында бөлмөдөгү барометрдин бирдей эле басымды көрсөтүп калышын кандайча түшүндүрөбүз?
Варианты ответов
- Прибор бузулуп калган болушу мүмкүн
- Жайында бөлмөдөгү абанын температурасы жогорулаганы менен, абанын кандайдыр бир бөлүгү жылчыктардан сыртка чыгып кетип, газдын концентрациясы азаят. Натыйжада абанын басымы өзгөрбөй, кышындагыдай эле бойдон калышы мүмкүн.
- Кышында абанын температурасы төмөндөгөнү менен, абанын бир бөлүгү жылчыктардан бөлмөгө кирип, газдын концентрациясы көбөйөт. Натыйжада абанын басымы өзгөрбөй, жайындагыдай эле бойдон калышы мүмкүн.
- Кышында абанын нымдуулугу жогорулайт. Ошондуктан басым да жогору болот.
Вопрос 23
Массасы турактуу сакталган идеал газдын басымын 2 эсе азайтып, абсолюттук температурасын 4 эсе төмөндөтүү үчүн анын көлөмүн кандайча өзгөртүү керек болот?
Варианты ответов
- 2 эсе чоңойтуу
- 2 эсе кичирейтүү
- 8 эсе чоңойтүү
- 8 эсе кичирейтүү
Вопрос 24
Газдын температурасы өзгөргөндө молекулалардын ылдамдыктары боюнча бөлүштүрүлүшү кандайча өзгөрөт?
Варианты ответов
- өзгөрбөйт.
- Температура жогорулаганда жайыраак кыймылдаган молекулалардын үлүшү азаят, ал эми тезирээк кыймылдаган молекулалардын үлүшү көбөйөт.
- Температура төмөндөгөндө жайыраак кыймылдаган молекулалардын үлүшү көбөйөт, ал эми тезирээк кыймылдаган молекулалардын үлүшү азаят.
- өзгөрөт, бирок мүнөздүү ылдамдыктарга салыштырмалуу жайыраак жана тезирээк кыймылдашкан молекулалардын сандарынын катышы ар кандай температурада турактуу сакталат.
Вопрос 25
Сүрөттө төрт түрдүү заттын температураларынын убакыттын өтүшү менен өзгөрүүлөрүнүн графиктери берилген. Ысытуу башталганга чейин бул заттардын бардыгы суюк абалда болушкан. Бул заттардын кайсынысынын кайноо температурасы эң чоң?

Варианты ответов
- 1
- 2
- 3
- 4


