Электромагнетизм (1-модуль)
Список вопросов теста
Вопрос 1
Аныктоолорду жана түшүнүктөрдү өз ара салыштыргыла.
1.
Убакыттын өтүшү менен өзгөрүүчү электр талаасы –
2.
Убакыттын өтүшү менен өзгөрбөгөн электр талаасы –
3.
Башка телолорго же талаанын каралып жаткан чекитине чейинки аралыкка салыштырмалуу өлчөмдөрүн эсепке албай коюуга мүмкүн болгон телодо топтолгон заряд –
4.
Модулу жетишерлик кичине жана өздүк талаасы изилденүүчү талааны түзүүчү башка заряддардын бөлүштүрүлүшүн сезилээрлик өзгөртпөй турган заряд –
Варианты ответов
- Өзгөрмө электр талаасы
- Турактуу электр талаасы
- Сынамык заряд
- Чекиттик заряд
Вопрос 2
Электр зарядын баштапкы чекиттен акыркысына которууда электростатикалык талаанын күчтөрүнүн аткарган жумушу эмнеге барабар?
Варианты ответов
- Кинетикалык энергиянын өзгөрүүсүнө
- Кинетикалык энергиянын терс белгиси менен алынган өзгөрүүсүнө
- Потенциалдык энергиянын терс белгиси менен алынган өзгөрүүсүнө
- Потенциалдык энергиянын өзгөрүүсүнө
Вопрос 3
Конденсатордун сыйымдуулугун кандай жол менен чоңойтууга болот?
Жооптордун 7 вариантынын ичинен бир нечесин тандагыла:
Варианты ответов
- Конденсатордун өлчөмүн чоңойтуу
- Пластиналарынын аянтын чоңойтуу
- Пластиналардын арасындагы аралыкты чоңойтуу
- Пластиналардын арасындагы аралыкты азайтуу
- Колдонулуучу диэлектрикти диэлектрдик өтүмдүүлүгү кичине болгон диэлектрик менен алмаштыруу
- Пластиналардын аянтын кичирейтүү
- Колдонулуучу диэлектрикти диэлектрдик өтүмдүүлүгү чоң болгон диэлектрик менен алмаштыруу
Вопрос 4
10 с убакыт ичинде өткөргүчтөгү ток күчү 2 А дан 6 А га чейин сызыктуу өстү. Бул убакыттын ичинде өткөргүчтүн туура кесилиши аркылуу кандай заряд агып өттү?
Санды жазгыла:
q, Кл =_______
Вопрос 5
Өткөргүчтүн каршылыгы....
Жооптордун варианттарынын туура (ооба) же жалган (жок) экендигин көрсөткүлө:
Варианты ответов
- Анын туура кесилиш аянтына тескери пропорциалаш
- Материалынан көз каранды
- Анын узундугуна түз пропорциалаш
- Геометриялык формасынан көз каранды
- Материалынан көз каранды эмес
- Анын туура кесилиш аянтына түз пропорциалаш
- Анын узундугуна тескери пропорциалаш
Вопрос 6
Ток күчүнүн чыңалуудан көз карандылыгынын графиги ... деп аталат.
Жооптордун 4 вариантынын бирин тандагыла:
Варианты ответов
- Вольт-ампердик мүнөздөмөсү
- Ток күчүнүн графиги
- Чыңалуунун графиги
- Өткөргүчтүн мүнөздөмөсү
Вопрос 7
Төмөнкүлөрдү электр тогунун кубаттуулугунун өсүү тартибинде жайгаштыргыла:
Жооптордун бардык 4 вариантынын жайгашуу иретин көрсөткүлө:
Варианты ответов
- Лампочка
- Кир жуугуч машина
- Электростанциянын генератору
- Чагылган
Вопрос 8
Ажыратылган чынжырда ток булагынын ЭКК ү ... барабар.
Жооптордун 4 вариантынын бирин тандагыла:
Варианты ответов
- Чынжырдын тышкы бөлүгүнүн каршылыгына
- Чынжырдын ички бөлүгүнүн каршылыгына
- Ток булагынын клеммаларындагы потенциалдардын айырмасына
- Бөтөн күчтөрдүн зарядды которуудагы аткарган жумушуна
Вопрос 9
Салыштыргыла.
Төмөнкүлөрдүн жооптордун тиешелүү вариантына туура келгендерин бөлүп көрсөткүлө:
1.
Металлдар
2.
Электролиттер
3.
Вакуум
4.
Жарым өткөргүчтөр
5.
Газдар
Варианты ответов
- Электр өткөрүмдүүлүгү оң же терс заряддалган иондордун кыймылы менен шартталган заттар
- Токту алып жүрүүчүлөр болуп термоэлектрондор эсептелишет
- Зарядды алып жүрүүчүлөр болуп электрондор эсептелишет
- Токту алып жүрүүчүлөр катары иондор жана электрондор кызмат кылышат
- Токту алып жүрүүчүлөр болуп электрондор жана көзөнөктөр эсептелишет
Вопрос 10
Белгилүү бир температурада өткөргүчтүн каршылыгынын нөлгө чейин түшүп кетүү кубулушу кандайча аталат?
Жооптордун 4 вариантынын бирин тандагыла:
Варианты ответов
- Суперөткөрүмдүүлүк
- Мейснердин эффекти
- Жогорку өткөрүмдүүлүк
- мегаөткөрүмдүүлүк
Вопрос 11
Жарым өткөргүчтөрдүн негизги касиеттерин көрсөткүлө.
Жооптордун 5 вариантынан бир нечесин тандагыла:
Варианты ответов
- Жарым өткөргүчтөрдүн бетин жарыктандырганда анын салыштырма каршылыгы көбөйөт.
- Жарым өткөргүчтөрдүн бетин жарыктандырганда анын салыштырма каршылыгы азайат.
- Кошулмаларды киргизүү жарым өткөргүчтөрдүн каршылыгынын кескин азайышына алып келет.
- Жарым өткөргүчтөрдүн салыштырма каршылыгы температуранын жогорулашы менен кыйла тез азайат.
- Жарым өткөргүчтөрдүн салыштырма каршылыгы температуранын жогорулашы менен кыйла тез көбөйөт.
Вопрос 12
Электролиздин эки законунун туура айтылыштарын көрсөткүлө.
Жооптордун бардык 3 вариантына туура келгендерин көрсөткүлө:
1.
Фарадейдин бирикме закону
2.
Электролиздин экинчи закону
3.
Электролиздин биринчи закону
Варианты ответов
- Электродго бөлүнүп чыккан заттын массасы электролит аркылуу өткөн электр зарядына түз пропорциалаш.
- Заттардын электрохимиялык эквиваленттери алардын химиялык эквиваленттерине пропорциалаш.
- Электродго бөлүнүп чыккан заттын массасы электролит аркылуу өткөн электр зарядына тескери пропорциалаш.
- Заттардын электрохимиялык эквиваленттери алардын химиялык эквиваленттерине тескери пропорциалаш.
- Ар бир электроддо бөлүнүп чыккан заттын массасы бул заттын иондорунун молдук массасына, токтун күчүнө жана электролит аркылуу ток өткөн убакытка пропорциалаш жана заттын иондорунун валенттүүлүгүнө тескери пропорциалаш.
Вопрос 13
Нормалдуу шарттарда газдар ... болушат.
Жооптордун 4 вариантынын ичинен бирөөсүн тандагыла:
Варианты ответов
- Токту өткөрүүчүлөр
- Диэлектриктер
- Жарым өткөргүчтөр
- Плазма
Вопрос 14
Конденсаторлордун өз ара туташтырылыштарынын өзгөчөлүктөрүн көрсөткүлө.
1.
Удаалаш туташтыруу
2.
Жарыш туташтыруу
Варианты ответов
- Конденсаторлордун батареясынын электр сыйымдуулугу айрым конденсаторлордун электр сыйымдуулуктарынын суммасына барабар
- Батареянын уюлдарындагы чыңалуу айрым конденсаторлордогу чыңалуулардын суммасына
- Конденсаторлордун батареясынын заряды ар бир конденсатордун зарядына барабар
- Конденсаторлордун батареясынын толук заряды айрым конденсаторлордун заряддарынын суммасына барабар
- Конденсаторлордун батареясынын уюлдарындагы чыңалуу ар бир конденсатордогу чыңалууга барабар
- Батареянын электр сыйымдуулугуна тескери чоңдук (эластанс) айрым конденсаторлордун электр сыйымдуулуктарына тескери чоңдуктардын суммасына барабар
Вопрос 15
Сүрөттө көрсөтүлгөн электр чынжырындагы резистордун каршылыгы R1 = 60 Ом, А амперметринин көрсөтүүсү I = 0,5 А. А1 амперметринин көрсөтүүсүн, чынжырдын ВС бөлүгүнүн толук каршылыгын жана экинчи резистордун каршылыгын тапкыла.
R, Ом =______;R2, Ом = _____;I1, А =_______


