Меню
Тесты
Тесты  /  Математика  /  Прочее  /  Экзамен МОМ, КК9-5-18 тайпасы.

Экзамен МОМ, КК9-5-18 тайпасы.

Avatar
17.01.2021. Тест. Математика, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Түзүлгөн тест математиканы окутуунун теориясы жана методикасы дисциплинасынын 5-семестрине карата экзаменге түзүлгөн. Тестте жалпы 40 суроо, ар бир суроого 1 балл берилет. Убакыт чектелген, 40 минута.

Список вопросов теста

Вопрос 1
  1. Терс эмес бүтүн cандарды үйрөтүүгө чейинки даярдоо мезгилинин максаттары:
Варианты ответов
  • кенже мектеп окуучуларына натуралдык сандар жана алардын үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдарды үйрөтүү;
  • кенже мектеп окуучуларына кошуу, кемитүү амалдардарын жана алардын касиеттерин үйрөтүү;
  • кенже мектеп окуучуларынын мектепке чейинки математикалык даярдыгынын дэңгээлин аныктоо, түшүнүктөрүн тактоо жана кеңейтүү, «сан» түшүнүгүн үйрөтүүгө атайын даярдык көрүү.
Вопрос 2
  1. Терс эмес бүтүн cандарды үйрөтүүгө чейинки даярдоо мезгилинин милдеттери:
Варианты ответов
  • кенже мектеп окуучуларына натуралдык сандар жана алардын үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдарды үйрөтүү;
  • кенже мектеп окуучуларына кошуу, кемитүү амалдардарын жана алардын касиеттерин үйрөтүү;
  • көптүктөрдү жана алардын үстүнөн жүргүзүлүүчү биригүү жана толуктооч амалдарын түзүү, көптүктөрдү салыштырууну жана классификациялоону, сан атооч сөздөрдүн удаалаштыгын, санактын эрежелерин, санактын аксиомаларын билүү;
  • кенже мектеп окуучуларынын мектепке чейинки математикалык даярдыгынын дэңгээлин аныктоо, түшүнүктөрүн тактоо жана кеңейтүү, «сан» түшүнүгүн үйрөтүүгө атайын даярдык көрүү.
Вопрос 3
  1. Кенже мектеп окуучуларын cандарды үйрөтүүгө чейинки даярдоо мезгилинде төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзүлөт. Туура эмес жообун көрсөткүлө: 
Варианты ответов
  • кошуу жана кемитүү амалдарына берилген тексттүү маселелерди чыгарууну үйрөтүү;
  • сандардын санактык жана иреттик манилери жөнүндөгү түшүнүктөрүн тактоо;
  • көптүктөрдүн биригүүсү жана толуктоочу амалдары менен иш жүзүндө тааныштыруу;
  • көптүктөрдүн элементтерин классификациялоого жана салыштырууга үйрөтүү. Санакка үйрөтүү. Мейкиндик түшүнүктөрүн тактоо.
Вопрос 4
  1. Cандарды үйрөтүүгө чейинки даярдоо мезгилинде окуучулардын ойлом амалдарын өнүктүрүү максатында төмөнкүдөй атайын көнүгүүлөр сунушталат. Туура эмес жообун көрсөткүлө:
Варианты ответов
  • окшоштук жана айырмачылык белгилери боюнча предметтерди, геометриялык фигураларды бөлүп көрсөтүү;
  • эки көптүктүн элеметтерин салыштыруу; предметтерди түсү, өлчөмү, формасы, арналышы ж.б. белгилери боюнча классификациялоо;
  • «Ашыкчасын тап» жана «Эмне жетишпейт?» оюндары;
  • кошуу жана кемитүү амалдарына берилген тексттүү маселелерди чыгаруу.
Вопрос 5
  1. Цифраларды жазууга үйрөтүү максатында балдарга төмөнкүдөй көнүгүүлөрдүн системасы сунушталат. Туура эмес жообун көрсөткүлө:
Варианты ответов
  • контурларды тегерете сызуу; «бордюрлардын» сүрөтүн тартуу;
  • фигураларды боё жана штрихтөө;
  • геометриялык фигуралардын жардамында кар киши, үй, робот ж.б.у.с. тааныш объектилердин «сүрөттөрүн» түзүү;
  • цифралардын элементтерин жазуу.
Вопрос 6
  1. Санак амалына даярдоо максатында балдарга төмөнкүдөй көнүгүүлөрдүн түрлөрү сунушталат. Туура эмес жообун көрсөткүлө:
Варианты ответов
  • көптүктөрдү өз ара бири-бирин толуктоочу камтылуучу көптүктөргө ажыратуу;
  • чектүү көптүктөрдүн биригүүсүн иш жүзүндө аткаруу;
  • сүрөттөр боюнча жөнөкөй туюнтмаларды түзүү;
  • берилген көптүктүн предметтеринин жалпы касиеттерин бөлүп көрсөтүү.
Вопрос 7
  1. Санак амалын үйрөнүү учурунда төмөнкү талаптардын сакталышы зарыл. Туура эмес жообун көрсөткүлө:
Варианты ответов
  • саноо учурунда акыркы аталган сан «канча?» деген суроонун жообу болот;
  • саноону көптүктүн каалаган элементинен баштоо керек;
  • көптүктүн бир да элементи саналбай калбашы керек; көптүктүн бир да элементи эки жолу саналбашы керек;
  • саноо учурунда биринчи «бир» саны аталууга тийиш; саноо учурунда сандар аталууга жана калтырылбоого тийиш.
Вопрос 8
  1. Саноого даярдоо мезгилинде эки көптүктүн элементтерин салыштыруу жана теңдештирүү боюнча көнүгүүлөр аларды түшүнүү үчүн көрсөтмөлүү таасирдүү ойломдун негизи болот. Туура эмес жообун көрсөткүлө:
Варианты ответов
  • «барабар», «чоң», «кичине», «канча болсо, ошончо» катыштарынын конкреттүү маанисин;
  • «чоң же барабар», «кичине же барабар» катыштарынын маанисин;
  • «ошончого чоң», «ошончого кичине» катыштарынын конкреттүү маанисин;
  • «чоң» жана «кичине» катыштарынын өз ара байланыштарын.
Вопрос 9
  1. Сандарды жана алардын үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдарды үйрөтүүчү илим ... деп аталат. 
Варианты ответов
  • арифметика;
  • геометрия;
  • комбинаторика;
  • логика.
Вопрос 10
  1. Эки көптүктүн элементтерин теңдештирүүгө берилген көнүгүүлөр ... түшүнүктөрүн калыптандырат. 
Варианты ответов
  • бүтүн жана бөлүк;
  • эсеге чоң жана эсеге кичине;
  • канча болсо, ошончо же барабар;
  • ошончого чоң жана ошончого кичине.
Вопрос 11
  1. Сан – бул, ... жыйынтыгы.
Варианты ответов
  • предметтерди саноонун жана чоңдуктарды ченөөнүн;
  • цифраларды жазуунун;
  • сандык туюнтмалардын маанисин табуунун;
  • текстүү маселелердин сандык маанисин табуунун.
Вопрос 12
  1. Бири-бири менен тең кубаттуу болгон чектүү бош эмес көптүктөрдүн классынын жалпы касиети ... деп аталат. 
Варианты ответов
  • бүтүн сандар;
  • терс эмес бүтүн сандар;
  • цифралар;
  • натуралдык сандар.
Вопрос 13

Натуралдык сандар менен 0 санын биригүүсү ... деп аталат

Варианты ответов
  • бүтүн сандардын көптүгү;
  • терс эмес бүтүн сандардын көптүгү;
  • цифралардын көптүгү;
  • натуралдык сандардын көптүгү.
Вопрос 14

a  натуралдык санынан ашып кетпеген натуралдык сандардын көптүгү ... деп аталат.

Варианты ответов
  • натуралдык сандардын катарынын кесиндиси;
  • терс эмес бүтүн сандардын катарынын кесиндиси;
  • цифралардын катарынын кесиндиси;
  • бүтүн сандардын катарынын кесиндиси.
Вопрос 15

... – бул, 0, 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 цифраларынын жардамында ар бир санды жазуунун ыкмасы. 

Варианты ответов
  • Иреттөө;
  • Салыштыруу;
  • Жазуу жүзүндө номерлөө;
  • Оозеки номерлөө.
Вопрос 16

... – бул, сан атооч сандардын жардамында ар бир санды атоонун ыкмасы. 

Варианты ответов
  • Иреттөө;
  • Салыштыруу;
  • Жазуу жүзүндө номерлөө;
  • Оозеки номерлөө.
Вопрос 17

... – сандарды жазуу үчүн колдонулуучу атайын белги. 

Варианты ответов
  • Цифра;
  • Тамга;
  • Сан;
  • Иореглиф.
Вопрос 18

... – цифралардын сандын жазылышындагы ээлеген орду. 

Варианты ответов
  • Бирдик;
  • Разряд;
  • Ондук;
  • Жүздүк.
Вопрос 19

Кийинки сан берилген сандын ... турат.   

Варианты ответов
  • сол жагында;
  • ортосунда;
  • оң жагында;
  • астында.
Вопрос 20

Натуралдык сандардын катарын түзүүнүн принциптерин өздөштүрүүгө мүмкүндүк түзгөн мисалдар. Туура эмес жообун көрсөткүлө: 

Варианты ответов
  • 8+1;
  • 12+1;
  • 8-1;
  • 8-2.
Вопрос 21

5 санын курамын көрсөткүлө:

Варианты ответов
  • 4+1, 3+2, 2+3, 1+4;
  • 4+2, 3+3, 2+4, 2+4;
  • 5+1, 5-2, 5-3, 5-4;
  • 6-1, 7-2, 8-3, 9-4;
Вопрос 22

... саны биринчи ондуктун эң чоң саны.

Варианты ответов
  • 10;
  • 9;
  • 11;
  • 20
Вопрос 23

«Ондуктар» концентрин үйрөтүүнүн этаптары: 

Варианты ответов
  • кошуунүн жана кемитүүнүн касиеттерин үйрөтүү;
  • көбөйтүү жана бөлүү амалдарын үйрөтүү;
  • даярдоо мезгили, номерлөөнү үйрөтүү, кошуу жана кемитүү амалдарын үйрөтүү;
  • көбөйтүүнүн жана бөлүүнүн касиеттерин үйрөтүү.
Вопрос 24

Экинчи ондуктун сандарын көрсөткүлө:

Варианты ответов
  • 10, 11, 12, 13, 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20
  • 10, 11, 12, 13, 14, 15, 16, 17, 18, 19;
  • 11, 12, 13, 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20;
  • 20, 21, 22, 23, 24, 25, 26, 27, 28, 29.
Вопрос 25

46 санынын разряддык курамын көрсөткүлө:

Варианты ответов
  • 46-бул,4 онд.жана 6 бирд.;
  • 46=4 онд.+6 бирд.;
  • 46=10+10+10+10+6;
  • 46=40+6.
Вопрос 26

46 санынын ондук курамын көрсөткүлө:

Варианты ответов
  • 46-бул, 4 онд.жана 6 бирд.;
  • 46=4 онд.-6 бирд.;
  • 46=10+10+10+10+6;
  • 46=40+6
Вопрос 27

436 санынын разряддык курамын көрсөткүлө:

Варианты ответов
  • 43-бул, 43 онд.жана 6 бирд.;
  • 43-бул, 43 онд.жана 6 бирд.;
  • 436=400+30+6;
  • 436=400+36.
Вопрос 28

Класс ... разрядды бириктирет.

Варианты ответов
  • бир;
  • эки;
  • үч;
  • төрт.
Вопрос 29

367 128 санынын разряддык курамын көрсөткүлө

Варианты ответов
  • 367 128 - бул, 36 712 онд.жана 8 бирд.;
  • 367 128=300 000+60 000+7000+100+20+8;
  • 367 128=367 000+100+8;
  • 367 000=360 000+7000+100+8.
Вопрос 30

367 128 санынын ондук курамын көрсөткүлө:

Варианты ответов
  • 367 128-бул,36 712 онд.жана 8 бирд.;
  • 367 128=300 000+60 000+7000+100+20+8
  • 367 128=367 000+100+8;
  • 367 000=360 000+7000+100+8.
Вопрос 31

Методикада номерлөөгө кирген түшүнүктөр. Туура эмес жообун көрсөткүлө:  

Варианты ответов
  • цифра жана сан;
  • разряд;
  • класс;
  • жуп жана так сандар.
Вопрос 32

Натуралдык сандар катарын түзүүнүн принцибин моделдөө үчүн окутуунун төмөнкү каражаттары пайдаланылат. Туура эмес жообун көрсөткүлө:

Варианты ответов
  • лента, рулетка;
  • таякчалардын тобу, сызгыч
  • координаттык шоола;
  • сандык тепкичтер.
Вопрос 33

Көптүктөрдүн элементтерин түсү, өлчөмү жана формасы боюнча топторго ажыратууга берилген тапшырмаларды аткаруу үчүн пайдаланылуучу акыл эс иш аракеттеринин негизги илеси:  

Варианты ответов
  • анализ;
  • классификация;
  • синтез;
  • жалпылоо.
Вопрос 34

Окуучулар «класс» түшүнүгү менен ... концентринде таанышат.  

Варианты ответов
  • биринчи ондуктун сандары;
  • биринчи жүздүктүн сандары;
  • биринчи миңдиктин сандары;
  • көп орундуу сандар.
Вопрос 35

... - билимдерди өз алдынча өздөштүрүү жана толуктоо, алган билимдерди туура пайдалануу билгичтиги.  

Варианты ответов
  • көндүм;
  • ойлом;
  • акыл эс;
  • кабылдоо.
Вопрос 36

Ар кандай натуралдык санды жазуу үчүн ... цифра колдонулат.  

Варианты ответов
  • 10;
  • 9;
  • чексиз көп;
  • 99.
Вопрос 37

Масштабдуу сызгыч 1класста ... үчүн колдонулат.   

Варианты ответов
  • натуралдык сандардын удаалаштыгын моделдөө;
  • кошуу жана бөлүктөр боюнча кемитүү амалдарын моделдөө;
  • кесиндилердин узундуктарын ченөө;
  • тик бурчтуктардын аянттарын.
Вопрос 38

Натуралдык сандардын катарын түзүүнүн принциби. Туура эмес жообун көрсөткүлө.   

Варианты ответов
  • белгиленген биринчи предметке 1 натуралдык саны тиешелештикке коюлат;
  • ар бир кийинки кадамда мурда эсептелбеген предмет белгиленет;
  • ага акыркы аталган сандан кийинки сан тиешелештикке коюлат;
  • кошуу жана кемитүү амалдарынын жыйынтыгы эсептелет.
Вопрос 39

Санак процессин өздөштүрүү үчүн колдонулуучу предметтик ишаракеттер – эрежелер. Туура эмес жообун көрсөткүлө.   

Варианты ответов
  • кошуунун жана кемитүүнүн эрежелери;
  • үстүнө коюу жана тиркөө эрежелери;
  • кошуп коюу жана алып коюу эрежелери;
  • үн чыгарып саноо.
Вопрос 40

Мурунку сан берилген сандын ... турат..   

Варианты ответов
  • ортосунда;
  • сол жагында;
  • оң жагында;
  • астында.
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт