Меню
Тесты
Тесты  /  Экономика  /  Прочее  /  Бухгалтердик эсептин негиздери

Бухгалтердик эсептин негиздери

Avatar
28.10.2020. Тест. Экономика, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Целью преподавания дисциплины является: изучение теоретических основ бухгалтерского учета формирование умений в области ведения бухгалтерского учета на предприятиях.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Бухгалтердик эсептин негизги  ченөө бирдиктери ........ болуп саналат

Варианты ответов
  • Ишканалардын жана жеке жактардын ишканага болгон карыздары
  • Ар түрдүү төлөмдөрдү жүргүзүүгө керек болгон акча каражаттары
  • Ишкананын поставщиктерге жана башка ишканаларга ж.б. жеке жактарга карызы
  • Ишкананын чарбалык аракеттерин кенейтүү үчүн кошумча каражаттарды тартуу
Вопрос 2

Бухгалтердик кош жазуу бул...

Варианты ответов
  • Чарбалык операцияларды бухгалтердик эсеп счетторунда чагылдыруу
  • Ишкананын мүлкү менен милдеттенмелерин баланс түзүү үчүн топтоштуруу
  • Актив менен пассивди аныктоо
  • Бухгалтердик маалыматтарды бухгалтердик отчет түзүүү үчүн жалпылоо, корутундулоо
Вопрос 3

Төмөндө аталган түшүнүктөрдүн кайсынысы баланска түздөн-түз тиешеси жок

Варианты ответов
  • Мүлк
  • Чарбалык операция
  • Пассив
  • Актив
Вопрос 4

Төмөндө аталган түшүнүктөрдүн кайсынысы милдеттемелерге түздөн-түз тиешеси жок

Варианты ответов
  • Кардарлар карызы
  • Поставщиктерге карыз
  • Уюштуруучуларга карыз
  • Персоналга эмгек акы карызы
Вопрос 5

Чарбалык операция, жумушчуларга эмгек акы берүү үчүн банк эсеп счетунан кассага алынган сумма баланстык өзгөрүнүн кайсы тибине кирет

Варианты ответов
  • Өзгөрүү баланстын эки тарабында активде да пассивде да
  • Бардык жооптор туура
  • Өзгөрүү пассивде гана болуп өттү (А=П+Х-Х)
  • Өзгөрүү активде гана болуп өттү (А+Х-Х=П)
Вопрос 6

Чарбалык эсеп деген эмне

Варианты ответов
  • Ишкананын чарбалык ишмердигин байкоочу системаЧарбалык операцияларды байкоо жана көзөмөлдөө
  • Баштапкы документ түзүүдө алынган маалымат
  • Субекттин финансы-чарбалык иш-аракеттеринин саны боюнча көргөзүп, сапаты боюнча мүнөздөө
  • ​​​​​​​Чарбалык операцияларды байкоо жана көзөмөлдөө
Вопрос 7

Ишкананын иш-аракетин ар тараптан чагылдыруу үчүн чарбалык эсептин кандай түрлөрү колдонулат

Варианты ответов
  • Бухгалтердик жана сатистикалык
  • Статистикалык жана оперативдик
  • Оперативдик, бухгалтердик, статистикалык
  • Эл чарбалык, бухгалтердик
Вопрос 8

Эмгек чен бирдигинин жардамы менен эмнени эсептейбиз

Варианты ответов
  • Жумшалган эмгектин санын
  • Ишкананын чарбалык иш-аракеттеринин көрсөткүчтөрүн
  • Иштеп чыгуунун нормасы, эмгеке төлөө, эмгек өндүрүмдүүлүгү
  • Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана материалдык баалуулуктардын саны
Вопрос 9

Кайра өндүрүү процесси кандай өз ара байланышкан процесстерден курулат

Варианты ответов
  • Камсыздоо, өндүрүү, сатуу
  • Өндүрүү, бөлүштүрүү,  алмашуу жана колдонуу
  • Өндүрүштүк мамилелерди кайта өндүрүү
  • Жумушчу күчүн кайта өндүрүү
Вопрос 10

Ишкананын активдери кандай белгилер менен бөлүштүрүлөт

Варианты ответов
  • Алмашуу буюмдары, акча каражаттары, айланууну тейлөөчү каражаттар
  • Эмгек каражаты, эмгек буюмдары
  • Түрү жана курамы, турган орду жана пайда болуу булактары боюнча
  • Эмгек каражаты, өндүрүү шаймандары, өндүрүш каражаттары
Вопрос 11

Ишкананын активи түрү жана курамы боюнча кандай тайпаларга бөлүнөт

Варианты ответов
  • Айланма эмес жана айланма активдер
  • Негизги материалдар жана чийки (сырье) заттардын камы , көмөкчү материалдар
  • Негизги каражаттар, айланма активдер, материалдык эмес активдер
  • Буюмдардын айланышы, акча каражаттары
Вопрос 12

Эсептеги каражаттарга эмнелер кирет

Варианты ответов
  • Поставщиктер менен ж.б. кредиторлор менен эсептешүү
  • Эсеп берме жактар менен, сатып алуучулар менен ж.б. дебиторлор менен эсептешүү
  • Сатып алуучулар, кредиторлор жана поставщиктер менен эсептешүү
  • Эсептешүү счету, касса, банктагы башка счеттор
Вопрос 13

Ишкананын активдерин калыптандыруу булактары кандай тайпаларга бөлүнөт

Варианты ответов
  • Бюджеттик каржылоо, резервдер
  • Кредиттер, кредитордук карыздар
  • Бөлүштүрүү боюнча милдеттенмелер, киреше
  • Өздүк капитал, заемный капитал
Вопрос 14

Өздүк капиталдын курамы кандай

Варианты ответов
  • Уставдык капитал, кредиттер, кредитордук карыздар
  • Уставдык капитал, резервдер, кредиттер
  • Бюджеттик каржылоо, резервдер, киреше
  • Капиталдар (фонд), максаттуу каржылоо, резервдер жана киреше
Вопрос 15

Заемдук капиталдын булагы болуп саналат...

Варианты ответов
  • резервдер, уставдык капитал, киреше
  • Кредиттер, заемдор, кредитордук карыздар, бөлүштүрүү боюнча милдеттенмелер
  • Максаттуу каржылоолор, гарантиялык резервдер, банк ссудалары
  • Кредиттер, заемдор, максаттуу каржылоолор, поставщиктерге болгон карыздар
Вопрос 16

Дебитордук карыз  деген эмне

Варианты ответов
  • Ар түрдүү төлөмдөрдү жүргүзүүгө керек болгон акча каражаттары
  • Ишканалардын жана жеке жактардын ишканага болгон карыздары
  • Ишкананын поставщиктерге жана башка ишканаларга ж.б. жеке жактарга карызы
  • Ишкананын чарбалык аракеттерин кенейтүү үчүн кошумча каражаттарды тартуу
Вопрос 17

Кредитордук карыз деген эмне

Варианты ответов
  • Белгилүү ишкананын башка ишаканаларга же айрым адамдарга болгон карызынын суммасы
  • Ишкананын чарбалык аракеттерин кенейтүү үчүн кошумча каражаттарды тартуу
  • Ар түрдүү төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн керектүү болгон акча каражаттар.
  • Бузулган эмгек каражаттарын тикелөө булагы
Вопрос 18

Айланма эсем активдерге эмнелер кирет

Варианты ответов
  • Негизги каражаттар, МЭА
  • Негизги каражаттар, материалдык-өндүрүштүк запастар, акча каражаттары
  • Негизги каражаттар, МЭА, узак мөөнөттүү финансылык салымдар, эсептеги каражаттар, келечектеги боло турган чыгымдар
  • Негизги каражаттар, МЭА, материалдык баалуулуктарга коюлган киреше салымдары, узак мөөнөттөгү финансылык салымдар, бүтүрүлбөгөн курулуш
Вопрос 19

Бухгалтердик эсептин методдору кайсы элементтерден турат

Варианты ответов
  • Документтештирүү жана инвентаризациялоо;
  • Эсепке каттоо, айланма ведомост, реквизиттер.
  • Документтештирүү, инвентаризациялоо, баалоо, калькуляция, счет, чарбалык операцияларды эки эсепте чагылдыруу, баланс, отчеттуулук.
  • Документтештирүү, калькуляцияоо, кош жазуу, счет, стандарт.
Вопрос 20

Бухгалтердик баланс деген эмне

Варианты ответов
  • Ишкананын каражаттарын курамы жана турган орду боюнча бөлүштүрүү
  • Документтештирүү жана инвентаризациялоо;
  • Чарбалык операцияларды экономикалык тайпалаштыруу жана учурдук чагылдыруу
  • Чарбалык каражаттардын жана алардын келип чыккан булактарын тендештирип, жалпылап, акчалай чен бирдикте көрсөтүүчү ыкма
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт