Биогеография дисциплинасынан жыйынтык тест
Список вопросов теста
Вопрос 1
Биом деген эмне?
Варианты ответов
- белгилүү аймакта жашаган өсүмдүктөрдүн түр жана башка таксондорунун жыйындысы
- белгилүү аймакта жашаган жаныбарлардын жыйындысы
- бул же тигил региондогу жаныбар, өсүмдүк жана органикалык дүйнөнүн башка царстволорунун өкүлдөрүнүн жыйындысы
- өсүмдүк жана жаныбарлардын коомдоштуктарынын жыйындысы
Вопрос 2
Биота деген эмне?
Варианты ответов
- белгилүү аймакта жашаган өсүмдүктөрдүн түр жана башка таксондорунун жыйындысы
- белгилүү аймакта жашаган жаныбарлардын жыйындысы
- бул же тигил региондогу жаныбар, өсүмдүк жана органикалык дүйнөнүн башка царстволорунун өкүлдөрүнүн жыйындысы
- өсүмдүк жана жаныбарлардын коомдоштуктарынын жыйындысы
Вопрос 3
Түрдүн ареалы. Туура эмес жообун тап.
Варианты ответов
- тукумдун ареалынан чоң;
- тукумдун ареалынан кичине
- тукумдун ареалы менен бирдей
- үчөөсү тең туура эмес
Вопрос 4
Биареальдык түрлөр үчүн эмне мүнөздүү?
Варианты ответов
- миграция
- көчүү
- отурукташуу
- көбөйүү
Вопрос 5
Чоң өлчөмдөгү ареалдар кандай аталат?
Варианты ответов
- космополиттик ареалдар
- эндемиктик ареалдар
- реликттик
- дизьюнктивдик
Вопрос 6
Түндүк жана түштүк кеңдиктерди камтыган дизьюнктивдүү ареалдар же дизьюнкциялардын өздөрү кандай аталат?
Варианты ответов
- биполярдык ареалдар
- амфипассификалык
- пантропикалык ареал
- арктоальпы
Вопрос 7
Кургактыкты фаунастикалык райондоштуруу жаныбарлардын кайсыл тобунун таркалуусуна негизделет?
Варианты ответов
- сүт эмүүчүлөргө
- канаттууларга
- амфибияларга
- рептилияларга
Вопрос 8
Кап царствосу кайсыл аймактарды камтыйт?
Варианты ответов
- Мадагаскар аралынын территориясын
- Борбордук жана Түштүк Американын
- Түштүк Азияны, Индостан, Индокитай жарым аралдарын
- Түштүк Африканы
Вопрос 9
Неотропикалык царство кайсыл аймактарды камтыйт?
Варианты ответов
- Африканын түндүк бөлүгүндөгү Голарктикалык жана түштүк бөлүгүндөгү Кап царствосуна кирген аймактарынан башка бөлүктөрүн
- Австралия материгинен тышкары Тасмания, Жаны Гвинея ж.б. аралдардын территорияларын
- Борбордук жана Түштүк Американын, Чоң жана Кичине Антиль аралдарынын, Галапогосс аралдарынын территорияларын
- Антарктида материгин, Түштүк Американын түштүк бөлүгүн, Хуан-Фернандес, Фолкленд, Жаңы Зеландия жана Кермадек аралдарын
Вопрос 10
Кандай токойлор олигодоминанттык деп аталышат?
Варианты ответов
- үстөмдүк кылган түр жок, бир нече түр кездешет
- 2 же 5 түрдүү дарагы бар
- бир түрдүү дарактуу
- мындай термин жок
Вопрос 11
Ярустар аралык өсүмдүктөрдүн тобуна кайсылар киришет?
Варианты ответов
- лиандар, эпифиттер
- дарактар
- бадалдар
- чөптөр
Вопрос 12
Соруучу тамырдын көпчүлүгүнүн үстүңкү гумустуу топурактуу бетте болушу, негизги сөнгөктү сүйөөчү - тактай сымал тамырлардын өрчүшү, каулифлория кубулушу кайсыл биомдун дарактарына мүнөздүү?
Варианты ответов
- экваториалдык тропикалык нымдуу токойлор
- тропикалык сезондук токойлор
- субтропикалык токойлор
- ийне жалбырактуу токойлор
Вопрос 13
Башка өсүмдүктүн жалбырагында жашаган организм эмне деп аталат?
Варианты ответов
- протоэпифит
- полуэпифит
- эпифилл
- лиан
Вопрос 14
Термиттер кандай топко киришет?
Варианты ответов
- ксилофаг
- ризофаг
- филлофаг
- сапрофаг
Вопрос 15
Дарактарда жашоочу маймылдардан Түштүк Азияда кыйсылар кездешет?
Варианты ответов
- колобус, мартышка-диана
- ревун
- лангур, гиббон, орангутан
- лемур
Вопрос 16
Ири жырткычтардан пума, ацелот, ягуаринди кайсыл континентте кездешет?
Варианты ответов
- Азиянын токойлорунда
- Түштүк Америкада
- Африкада
- Түндүк Америкада
Вопрос 17
Тропикалык түбөлүк жашыл жана сезондук токойлордун ордуна антропогендик факторлордун таасиринде пайда болгон биом кайсыл?
Варианты ответов
- чөлдөр
- талаалар
- жазы жалбырактуу токойлор
- саванналар
Вопрос 18
Жер Ортолук деңизи, Австралиянын батыш бөлүгү, Африканын түштүк территориясы, Жаңы Зеландия, Азиянын кээ бир территориялары кирген биом кайсыл?
Варианты ответов
- тропикалык нымдуу токойлор
- тропикалык сезондук токойлор
- ийне жалбырактуу токойлор
- субтропикалык токойлор жана бадалдар
Вопрос 19
Негизинен чөп өсүмдүктөрү үстөмдүк кылган ксерофилдик өсүмдүктөрдүн оомчулугу кандай биом болуп эсептелет?
Варианты ответов
- чөлдөр
- тундралар
- саванналар
- талаалар
Вопрос 20
Кайсыл токойлордо дарактардын уругу жаныбарлар үчүн негизги азык болуп саналат?
Варианты ответов
- тайга токойлорунда
- сезондук токойлордо
- тропикалык нымдуу токойлордо
- баары туура
Вопрос 21
Кыска жана суук мезгилге, төмөнкү температурадагы топуракка ыңгайланышкан тундранын өсүмдүктөрү кандай аталышат?
Варианты ответов
- галофиттер
- криофиттер
- ксерофиттер
- мезофиттер
Вопрос 22
Азык ресурстарына бай көлдөр кандай аталышат?
Варианты ответов
- эвтрофтук
- олиготрофтук
- мезотрофтук
- политрофтук
Вопрос 23
Океан суусунун жаныбарлар жашаган суу катмары кандай аталат?
Варианты ответов
- пелагиаль
- бенталь
- литораль
- батиаль
Вопрос 24
Океандын түбү кандай аталат?
Варианты ответов
- пелагиаль
- бенталь
- литораль
- батиаль
Вопрос 25
Суудагы эркин сүзүп жүргөн организмдердин жыйындысы кандай аталат?
Варианты ответов
- плейстон
- нейстон
- планктон
- нектон
Вопрос 26
Кайсыл биомдо негизги экологиялык фактор болуп - кар жабуусу эсептелет?
Варианты ответов
- мелүүн алкактагы ийне жалбырактуу токойлор
- тундралар
- талаалар
- мелүүн алкактагы жазы жалбырактуу токойлор
Вопрос 27
Көпчүлүк жаныбарлар аз жай айларында гана активдүү келип, калган мезгилди анабиоз абалында өткөрөт же башка түштүк аймактарга көчөт. Аз гана жаныбарлар жыл бою активдүү жашайт. Сөз кайсыл биом тууралуу болуп жатат?
Варианты ответов
- саванналар
- тундралар
- талаалар
- тайга токойлору
Вопрос 28
Леммингдер, түндүк бугулары, ак коендор, ак кекиликтер, карышкырлар, уюл укусу ж.б. кездешкен биом?
Варианты ответов
- саванналар
- тундралар
- талаалар
- тайга токойлору
Вопрос 29
Аскалуу жээктерде канаттуулар базарын кайсыл канаттуулар түзүшөт?
Варианты ответов
- тундра кекиликтери, чайкалар
- кайрылар, чайкалар
- кичине же тундра ак куусу, кайрылар
- ак мандай каздар, кайрылар.
Вопрос 30
Түштүк чеги Ньюфаундленд аралына, Шпицберген аралына, Коль жарым аралынын Түндүк-Батыш чегине, Беринг деңизинин түндүк чегине жеткен океандын областы?
Варианты ответов
- Арктикалык
- Бореалдык-Атлантикалык
- Бореалдык-Тынч океандык
- Тропикалык-Тынч океандык


