Белоктор. Жалпы мүнөздөмөсү.Структурасы
10@ кл
14.05.2020.
Тест. Химия, 10 класс
Белок (протеи́ндер, полипепти́ддер) — организмдин түзүлүшүндө жана тиричилигинде негизги роль ойноочу биологиялык полимер.
Белоктун организмдеги ролу Оңдоо
Белоктун организмдеги ролу өтө ар түрдүү. Ар бир белоктун өзүнүн өзгөчө физиологиялык кызматы болот. Анын чоң тобу организмдин түрдүү структурасында катышат (структуралык белок). Клеткалардын кабыгы, ички органеллалары, ошондой эле нерв сөңгөктөрүнүн кабыгы өзгөчө белоктон турат. Ал кан тамыр, тери, тарамыш, байламта, кемирчек, сөөк, ошондой эле чач, тырмак, канат жана мүйүздүү түзүлүштөрдүн составына кирет. Бардык елоктун молекулалары көмүртек, суутек, азот, кычкылтектен (кээде күкүрт, фосфор болот) турат.
Гормон белоктогу организмдеги бардык тиричилик процесстерин, анын өсүү жана көбөйүүсүн башкарат. Көздүн торчо кабыгындагы жарык сезгич белок— родопсин көрүүнү камсыз кылат. Булчуңдарда жыйрылгыч белок— миозин менен актин болгондуктан алар жыйрылып жана бошоңдоп турат. Айрым жаныбарлардын (жылан, курт-кумурска жана башка) жана өсүмдүктөрдүн, ошондой эле бактериялардын уулары да белок болуп эсептелет. Кээ бир белок запас азык зат болуп, жумуртканын, өсүмдүк уругунун белок кабын түзөт. Белоктун эң ар түрдүү жана маанилүү тобу — ферменттер, организмдеги бардык химиялык процесстер ферменттердин катышуусу менен жүрөт. Аларсыз тамак сиңирүү, заттардын айлануусу, зат алмашуунун акыркы продуктуларын бөлүп чыгаруу, энергияны топтоо, кандын уюшу жана башка мүмкүн эмес. Кандагы гемоглобин кычкылтекти өпкөдөн түрдүү органдарга жана ткандарга, көмүр кычкыл газын кайра өпкөгө ташыйт. Андан тышкары белок коргонуу кызматын да аткарат. Оору козгоочу бактериялар же алардын тиричилик аракетинен пайда болгон организмге зыяндуу заттар канга түшкөндө антителолор — иммуноглобулин белогу пайда болот. 0шондой эле канда эриген фибриноген белогу болуп, кан тамырлар жабыркаган жерде ал тез полимерленип, фибрин жипчелерине айланат да, кан аккан жерди тосуп, кан кетүүдөн сактайт.
Организмдеги белоктор Оңдоо
Организмдеги белок 20 түрдүү аминокислотадан турат. Белоктун молекуласындагы аминокислоталар өз ара пептид байланышы аркылуу ырааттуу биригип — биринчилик, полипептид чынжырынын айрым жери спираль түрүндө буралып экинчилик структураны түзөт. Белок молекуласынын мейкиндиктеги түзүлүшү — үчүнчүлүк, айрым белоктун молекуласы бир нече тоголоктошкон жипчелерден туруп төртүнчүлүк структураны пайда кылат.
Салыштырмалуу белоктун өлчөмү. Солдон оңго : антитело (IgG), гемоглобин, инсулин инсулин (гормон), аденилаткиназа (фермент) жана глютаминсинтетаза (фермент).
Тирүү организмде белоктун синтезделиши — нуклеин кислотасы жана көптөгөн ферменттердин катышуусу менен жүргөн өтө татаал процесс. Белок түрдүк, ткандык жана жеке өзгөчөлүгү менен айырмаланып, аны адамдын организмине киргизгенде антителолор пайда болот, башкача айтканда антигендик касиетке ээ. Организмге башка белоктун кириши аллергиялык абалга алып келет. Сиңбеген белок канга өтүп, организмге аллерген катары таасир этет.
Система оценки:
5 балльная
Список вопросов теста
Вопрос 1
Белок - деген эмне ?
Варианты ответов
- Азоту бар полимер
- Чектүү Углеводород
- Татаал эфир
Вопрос 2
Жаратылышта белок кандай негизги ролду ойнойт ?
Варианты ответов
- Физикалык
- Химиялык
- Биологиялык
Вопрос 3
Экинчилик структурага мүнөздөмө бер ?
Варианты ответов
- Полипептиддик чынжырды мейкиндик жайгаштыруу жолу
- Полипептиддик чынжырдын спираль мейкиндикте оролгон конфигурация
- Аммиддик байланыш
Вопрос 4
"Белоктун биринчилик структурасынын сакталышы менен жаратылыш мейкиндиктик структурасынын бузулушу " -эмне деп аталат ?
Варианты ответов
- Фермент
- Денатурация
- Регенерация
Получите комплекты видеоуроков + онлайн версии
Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по химии 10 класс
0
6539
Нравится
0


