Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  11 класс  /  Атомдун жана атом ядросунун физикасы - 3

Атомдун жана атом ядросунун физикасы - 3

Avatar
26.12.2023. Тест. Физика, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Атомдук ядронун курамы. Изотоптор. Атом ядросунун байланыш энергиясы темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Индийдин атомунун Менделеевдин таблицасындагы  номери 49, массалык саны 115 болсо, анын атомунда канча электрон бар?

Варианты ответов
  • 46
  • 49
  • 115
  • 164
  • 154
Вопрос 2

Темирдин     \(\binom{54}{26\ }Fe\)   атомунун ядросунун курамын аныктагыла.

Варианты ответов
  • 26p + 28n
  • 26p + 54n
  • 54p + 26n
  • 28p + 26n
  • 18p + 27n
Вопрос 3

Ядролордун туруктуулугун кандай күчтөр камсыз кылат?

Варианты ответов
  • гравитациялык
  • электромагниттик
  • ядролук
  • магниттик гана
  • электр күчү гана
Вопрос 4

Ядролук күчтөргө төмөндөгү кайсы касиеттер тиешелүү:

Варианты ответов
  • Жаратылыштагы эң кубаттуу, кулон күчтөрүнөн 100 эсеге чоң болгон күчтөр
  • Каныгуу касиетине ээ, б.а. ядродогу нуклондор жанындагы чектүү сандагы кошуна нуклондор менен гана аракеттенишет.
  • Борбордук күчтөр болушат.
  • 10-15 м тартибиндеги кыска аралыкка таасир этишет.

  • Заряддардан көз карандысыздыкты көрсөтөт: каалагандай эки нуклон бирдей тартылышат.
Вопрос 5

2Не3 ядросундагы протондорду нейтрон менен, нейтронду протон менен алмаштырганда пайда болгон ядронун химиялык символун, катар номерин, массалык санын аныктагыла.

Варианты ответов
  • 3He2

  • 1H3

  • 1H2

  • 3Li2

  • 2He4

Вопрос 6

Байланыш энергиясынын аныктамасын көрсөткүлө:

Варианты ответов
  • Химиялык реакцияны активдештирүү үчүн керек болгон энергиянын саны.
  • Эрүү температурасында нерсени эритиш үчүн керек болгон жылуулук саны
  • Атомдон электронду жулуп алыш үчүн керек болгон жарык энергиясы
  • Буу конденсацияланганда бөлүнүп чыккан жылуулук саны.
  • Атомдун ядросун өз алдынча, бирок кинетикалык энергиясы жок нуклондорго ажыратууга кеткен энергиянын саны
Вопрос 7

Туура жообун тапкыла: Салыштырма байланыш энергиясы деген эмне?

Варианты ответов
  • бир протонго туура келген энергия
  • бир нуклонго туура келген энергия
  • бир нейтронго туура келген энергия
  • атомдогу электрондун энергиясы
  • электрондун ядро менен аракеттенишүү энергиясы
Вопрос 8

Массанын дефекти деген эмне?

Варианты ответов
  • изотоптордун массаларынын айырмасы
  • атомдун ядросунун массасы
  • ядронун курамындагы нейтрондордун массасы
  • эркин абалдагы нуклондордун суммардык массасы менен, ошол эле нуклондордун атомдун ядросунда өз ара байланышкан абалынын суммардык массасынын ортосундагы айырма
  • атомдогу электрондордун суммардык массасы
Вопрос 9

Алюминийдин атомунун  13 27Al - изотобунун ядросундагы салыштырмалуу байланыш энергиясын МэВ/нуклон менен туюнткула. Ядронун жана нуклондордун массасын м.а.б. де туюнткула.

Варианты ответов
  • \(\frac{931\cdot\left(13M_p+14M_n-M_я\right)}{13}\)

  • \(\frac{931\cdot\left(13M_p+14M_n-M_я\right)}{27}\)

  • \(\frac{931\cdot\left(14M_p+14M_n-M_я\right)}{14}\)

  • \(\frac{931\cdot\left(27M_p+13M_n-M_я\right)}{27}\)

  • \(\frac{931\cdot\left(13M_p+27M_n-M_я\right)}{13}\)

Вопрос 10

Термоядролук реакция учурунда  1Н2 + 1Н3 2Не4 + 0n1  кандай энергия бөлүнүп чыгат? Реакциянын масса дефекти  m=0,01851  м.а.б. 

(1 м.а.б.=1,66∙10-27кг ).

 

Варианты ответов
  • 0,28∙10-11 Дж

  • 0,14∙10-11 Дж

  • 0,56∙10-11 Дж

  • 0,07∙10-11 Дж

  • 0,21∙10-11 Дж

Вопрос 11

Нуклондордун жана ядронун массасын м.а.б. менен ченелет деп эсептеп, литийдин изотобунун 3 7 Li  ядросунун байланыш энергиясын МэВ бирдигинде туюнткула.

Варианты ответов
  • 931\(\cdot\) (3Мp + 3Мn - Mя)

  • 931\(\cdot\) (4Мp + 3Мn - Mя)

  • 931\(\cdot\) (3Мp + 4Мn - Mя)

  • 931\(\cdot\) (7Мp + 3Мn - Mя)

  • 931\(\cdot\)я + 7Мp - 4Mn)

Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт