Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  8 класс  /  8-класс. 1-глава боюнча тест.

8-класс. 1-глава боюнча тест.

Avatar
15.10.2024. Тест. Физика, 8 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
30-минута убакыт берилет! Кээ бир суроолорго экиден, үчтөн жооп туура келет, көңүл коюп туура жоопторду белгилегиле!

Список вопросов теста

Вопрос 1

Заттар молекулалардан турат. Анда эмне үчүн алардан жасалган нерселер үзгүлтүксүз бүтүн сыяктанып көрүнөт?

Варианты ответов
  • Молекулалар бири-бирине тыгыз жайланышкан.
  • Алар ички көлөмдү толук ээлеп турат.
  • Молекулалардын арасындагы аралык өтө кичине, көз менен көрө албайбыз.
  • Себеби молекулалар кичине.
Вопрос 2

Молекула деген...

Варианты ответов
  • заттын бөлүкчөсү.
  • заттын бөлүгү.
  • кичинекей бөлүкчө.
  • баардык заттардын эң кичине бөлүкчөсү.
Вопрос 3

... материя деп аталат.

Варианты ответов
  • Заттын бөлүкчөсү
  • Атом жана молекула
  • Бүткүл аалам
  • Зат менен талаа
Вопрос 4

Температура деген эмне?

Варианты ответов
  • Заттын бөлүкчөсү.
  • Атом жана молекула.
  • Жылуулуктун ченин же даражасын аныктоочу физикалык чоңдук.
  • Газдын басымы жана температурасы менен аныкталуучу физикалык чоңдук.
Вопрос 5

Ички энергия деген эмне?

Варианты ответов
  • Затты тузгөн бөлүкчөлөрдүн потенциалдык жана кинетикалык энергияларынын суммасы.
  • Атомдун жана молекуланын энергиясы.
  • Газдын кинетикалык энергиясы
  • Бөлүкчөлөрдүн өзара аракеттенишүү энергиясы.
Вопрос 6

Нерсени жылытуу үчүн зарыл болгон же муздатууда бөлүнүп чыккан жылуулук саны... туз пропорциялуу

Варианты ответов
  • заттын санына жана молекулалык массасына
  • агрегаттык абалына жана курамына
  • нерсенин массасына жана температурасынын өзгөрүшүнө
  • нерсенин көлөмүнө жана атмосыералык басымга
Вопрос 7

Катуу заттардын кандай түрлөрү бар?

Варианты ответов
  • Аморфтук жана кристаллдык.
  • Өткөргүч жана өткөрбөгүч.
  • Поликристалл жана монокристалл
  • Ысык жана муздак
Вопрос 8

Заттардын түзүлүшү жөнүндөгү жоболор кайсылар?

Варианты ответов
  • Зат майда бөлүкчөлөрдөн турат.
  • Бөлүкчөлөр бири-бири менен өзара аракеттенишет.
  • Алар кинетикалвк энергияга ээ
  • Бөлүкчөлөр башаламан кыймылда болот.
Вопрос 9

Суюктуктун бети боюнча таасир этип, беттин аянтын азайтууга алып келүүчү күч ...деп аталат.

Варианты ответов
  • беттик тартылуу күчү
  • басым күчү
  • оордук күчү
  • серпилүү күчү
Вопрос 10

Атом деген эмне?

Варианты ответов
  • Бөлүнбөс бөлүкчө.
  • Затты түзгөн майда бөлүкчө.
  • Нерсе.
  • Ядронун курамындагы бөлүкчө.
Вопрос 11

Заттын агрегаттык абалдары деген эмне?

Варианты ответов
  • Заттын бөлүкчөсү.
  • Жаратылышта кездешкен абалы.
  • Молекулалардын абалы.
  • Бөлүкчөлөрдун кыймылы.
Вопрос 12

Материянын кандай формалары бар?

Варианты ответов
  • Катуу, суюк жана газ.
  • Атом жана молекула.
  • Зат менен талаа.
  • Кыймыл.
Вопрос 13

Температура кандай чоңдук менен аныкталат?

Варианты ответов
  • Газдын басымы жана көлөмү менен.
  • Нерсени түзгөн бөлүкчөлөрдүн орточо кинетикалык энергиясы менен.
  • Термометр менен.
  • Атмосфералык басым менен.
Вопрос 14

Ички энергияны өзгөртүүнүн кандай жолдору бар?

Варианты ответов
  • От жагуу.
  • Жумуш аткаруу жана жылуулук берүү.
  • Жылуулук өткөрүмдүүлүк, конвекция жана нурдануу.
  • Нерсени күнгө коюу.
Вопрос 15

Бир килограмм заттын температурасын 10С ге өзгөртүү үчүн зарыл болгон жылуулук саны ... деп аталат. 

Варианты ответов
  • салыштырма нымдуулук
  • салыштырма жылуулук сыйымдуулук
  • температура
  • жылуулук саны
Вопрос 16

Кристаллдык заттар эрий баштаганда температурасы...

Варианты ответов
  • кескин жогорулайт.
  • төмөндөйт.
  • өзгөрбөйт.
  • өзгөрөт.
Вопрос 17

Заттардын түзүлүшү жөнүндөгү жобого ылайык, ...

Варианты ответов
  • бөлүкчөлөр баш аламан кыймылда болот.
  • бөлүкчөлөр бири-бири менен өз ара аракеттенишет.
  • бөлүкчөлөр бир орунда термелишет.
  • зат майда бөлүкчөлөрдөн турат.
Вопрос 18

Беттик тартылуу күчү суюктуктун молекуларларынын ... менен шартталат.

Варианты ответов
  • кинетикалык энергиясы
  • потенциалдык энергиясы
  • өз ара тартылуулары
  • баш аламан кыймылы
Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по физике 8 класс
0
1877

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт