Меню
Тесты
Тесты  /  Биология  /  7 класс  /  3-чейрекке карата тесттик иш

3-чейрекке карата тесттик иш

Avatar
26.02.2026. Тест. Биология, 7 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
PISA форматындагы тесттик суроолор 3-чейрекке карата

Список вопросов теста

Вопрос 1

Республика боюнча жалпысынан кубулжума форель балыгын өстүрүү менен алектенген 200дөн ашык чарба бар жана көлмөлөрдүн потенциалы чоң – 200 миң тоннага чейин балык өстүрүүгө болот. Акыркы жылдары Кыргызстан балык экспортун 10 эсеге көбөйттү. Кубулжума форельдин салмагы 20 кг чейин жетет. Өлчөмдөрү, адатта, кичинекей - 0,5 кг чейин, ал эми жагымдуу шарттарда 1-1,5 кг, ал тургай, 5 кг чейин.

Эмне үчүн Кыргызстанда кубулжума форель жакшы көбөйүп, чоң өсөт?

Варианты ответов
  • Ысык-Көлдүн сууларында кубулжума балыктарынын душманы жок
  • Ысык-Көлдө көлмөлөр жана бассейндер көп
  • Кадимки форельден айырмаланат
  • Экологиялык таза суу
Вопрос 2

Ысык-Көлдө браконьерлер тор салып, балыктарды кармашты. Торго түшкөн майда чабактардын көбү тордон чыгып кетсе да, өлүп калышты. Себеби алардын денесиндеги былжырлуу катмар сыйрылып калган.

Балыктын терисиндеги былжырлуу катмар эмне үчүн маанилүү?

Варианты ответов
  • Сууда сүрүлүүнү азайтып, тез сүзүүгө жана бактериялардан коргонууга жардам берет
  • Балыкты жылуу кармайт
  • Балыкты кооз көрсөтөт
  • Балыкка кычкылтек берет
Вопрос 3

Деңиз жээгиндеги (литоралдык) балыктар- экстремалдуу шарттардагы жашоо

Литораль – суу тартылганда кургап калуучу деңиз түбүнүн жээк аймактары. Бул жердеги организмдер бир топ катаал шарттарда жашашат. Суу куйган маалда литораль -деңиздин бир бөлүгү. Ал эми суу тартылган маалда суу бир аз гана көлчүктөрдө, таштардын, аскалардын астында же грунт менен аралашып ылайды пайда кылып калат. Мындай литоралдарда жашаган балыктардын ушул жердеги жашоого мүмкүндүк берүүчү, бир топ жекече ыңгайланышуулары бар. Бардык литоралдык балыктар чоң эмес өлчөмдө болушат, алардын денесинин узундуктары 30 см ден ашпайт. Денесинин формасы жалпак же ичке жылан сымал болот.

Текстте көрсөтүлгөндөй балыктардын денесинин өлчөмү жана формасы мындай катаал шарттарда кандай роль ойнойт?

Варианты ответов
  • таштардын жана аскалардын арасындагы жаракаларга оңой кирүү
  • суу кирген маалда сүзүү жөндөмдүүлүгүн сактоого жардам берет
  • азык жана кычкылтекке аз муктаж болот
  • нымдуулукту аз өлчөмдө буулантат
Вопрос 4

7-класстын окуучулары террариумдагы бакаларга толтура өлгөн курт-кумурскаларды салышты. Бирок, бакалардын бири дагы аларды жеген жок.

Кандай деп ойлойсуң, эмне себептен бакалар сүйүктүү азыктарын жебей жатышат?

Варианты ответов
  • бакалар кыймылдагы нерселерди гана көрөт
  • өлгөн курт-кумурскалар зыян
  • жапайы болбогондуктан андай азык жешпейт
  • курт-кумурскалар өтө майда
Вопрос 5

Аляскада жашаган Rana sylvatica бакасы -40-500С кышкысын тоңгон абалда болуп, жаз келгенде эрип тиричилигин кайра улантат.

Эмне себептен муздак кандуу бакалар мындай кышкы аязда тоңуп, ѳлүп калбайт?

Себеби, анабиоздун алдында алардын организминде тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳрүүлѳр жүрѳт:

 

Варианты ответов
  • канында глюкоза кѳбѳйѳт
  • канынын канттуулугу тѳмѳндѳйт
  • кыймылдуулугу сакталат
  • жүрѳгү, дем алуусу өтө жай жүрөт
Вопрос 6

Баканын өпкөсү бар, бирок ал суунун түбүндө көпкө чейин тура алат. Муну ал кантип ишке ашырат?

Варианты ответов
  • дем албайт
  • суунун ичиндеги кычкылтекти нымдуу териси аркылуу сиңирип алат
  • бакалоор чыгарат
  • абаны ичине сактап алат
Вопрос 7

 Жыландын тилин чыгарып турушу эмнени билдирет?

 

Варианты ответов
  • тамак издеп жатат
  • айлананы сезип (жыттап, даамын татып), маалымат алып жатат
  • ачууланып жатат
  • ысып кетти
Вопрос 8

Тегерек ооздуулардын (мисалы, миноганын) балыктардан негизги айырмасы эмнеде?

 

Варианты ответов
  • сүзгүчтөрү жок
  • жаак сөөктөрү жок жана оозу соргуч сымал
  • кургакта жашайт
  • алар өпкө менен дем алат
Вопрос 9

Эгерде талаадагы жыландарды толугу менен жок кылсак, эмне болот?

 

Варианты ответов
  • адамдарга жакшы болот
  • кемирүүчүлөр (чычкандар) кескин көбөйүп, эгинге зыян келтирет жана ооруларды таратат
  • канаттуулар көбөйөт
  • эч нерсе өзгөрбөйт
Вопрос 10

Эмне үчүн крокодилдер (сойлоп жүрүүчүлөр) сууда жашаса да, жумурткасын кургакка (кумга) көөмп коёт?

 

Варианты ответов
  • суу муздак болгондуктан
  • жумуртканын түйүлдүгү өнүгүшү үчүн аба (кычкылтек) жана жылуулук керек, сууда ал тумчугуп калат
  • балыктар жеп койбошу үчүн
  • алар унутуп калат
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт