2- курстар учун кыргыз тили жана адабиятынан жыйынтыктоочу тест 2- вариант
Список вопросов теста
Вопрос 1
Чакчыл катышкан сүйлөмдү белгиле
Варианты ответов
- Асан эшикти ачты.
- Анара бизге күлүмсүрөй карады.
- Студенттер музейге барышты.
- Бул китепти мен дагы окуганмын
Вопрос 2
Сөздүктөрдү изилдөөчү грамматиканын бөлүгү-
Варианты ответов
- этимология
- синонимия
- лексикография
- топонимия
Вопрос 3
Тил илимине байланыштуу терминдерди тап
Варианты ответов
- теңдеме, тамыр
- сөз айкашы, тыбыш
- поэзия, роман
- чыңалуу, токтун күчү
Вопрос 4
Кеп агымындагы тыбыштардын таасирдик (комбинатордук) өзгөрүүсүнүн түрүн белгиле?
Варианты ответов
- диссимиляция
- редукция
- эпентеза
- метатеза
Вопрос 5
Күңгөй (зат) - күнгө караган бет, күндү караган жак, тарап (көбүнчө тоо жөнүндө)-
кайсы сөздүккө тиешелүү?
Варианты ответов
- түшүндүрмө
- терминологиялык
- котормо
- орфографиялык
Вопрос 6
«Публицистика» - кайсы тилден алынып, кандай маанини билдирет?
Варианты ответов
- латын тилинен, пупликус-көпчүлүк
- грек тилинен, пупликус-коомдук
- француз сөзү, пупликус-массалык
- англис тилинен, пупликус-актуалдуу
Вопрос 7
А.Осмоновдун ырлар жыйнагынын аталышын толукта: «Менин жерим - …»
Варианты ответов
- сырдын жери
- ырдын жери
- таланттын жери
- бакыттын жери
Вопрос 8
Сүйлөмдөгү кептин түрүн белгиле. Биз дем алыш күнү Чуңкурчак жайлоосуна бардык.
Варианты ответов
- баяндоо
- сүрөттөө
- ой жүгүртүү
- баяндоо жана сүрөттөө
Вопрос 9
Ч. Айтматовдун сөзүнөн алынган төмөнкү сүйлөмдү толуктагыла. «Ысык-Көлдү сактап калуу – бул…»
Варианты ответов
- «…… Мекендин бир укум жерин сактап калуу дегендик»
- « ..…. көз карегин сактап калуу дегендик»
- «……Ата Мекенди сактап калуу дегендик»
- «…… бүт кыргызды сактап калуу дегендик»
Вопрос 10
«Айыл-чарбасын реформалоонун кийинки этабына элибиз зор демилге менен киришти» -
бул сүйлөм стилдин кайсы түрүнө мүнөздүү?
Варианты ответов
- сүйлөшүү
- илимий
- иш кагаздар
- публицистикалык
Вопрос 11
Төмөнкү үзүндү кайсы чыгармадан алынган: “Сүйүү көп балдарды адам кылды. Мени да сүйүү адам кылган...
Варианты ответов
- Ш.Дүйшеев “Агындылар”
- А.Токомбаев “Мезгил учат”
- Т.Касымбеков “Сынган кылыч”
- А.Осмонов “Сүйүү жана мен”
Вопрос 12
Публицистикалык стилге мүнөздүү сүйлөм:
Варианты ответов
- Тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы лексика деп аталат
- Биз өз өлкөбүздүн патриоту болууга тийишпиз
- Эртең, 30-октябрда куратордук чогулуш болот
- Айда аба жок, ошондуктан, анда тиричилик жок
Вопрос 13
Аккомодация деген эмне?
Варианты ответов
- үндүү, үнсүз тыбыштардын окшоштугу
- үндүү, үнсүз тыбыштардын өзгөрүшү
- үндүү, үнсүз тыбыштардын ыңгайлашуусу
- үндүү, үнсүз тыбыштардын окшошпой калуусу
Вопрос 14
Эмне үчүн мага жай айы жагат? Анткени бул эң ысык, кооз мезгил.
Сүйлөмгө мүнөздүү кептин түрү:
Варианты ответов
- сүрөттөө
- баяндоо
- ой жүгүртүү
- көркөм стиль
Вопрос 15
«Токтом кылат» бөлүгүндө туура колдонулган канцеляризмдер:
Варианты ответов
- эсептелсин, белгиленсин, тапшырылсын
- бекитилсин, эскертилсин, сунуш түштү
- эске алынсын, суроолор берилди, угулду
- милдеттендирилсин, кабыл алынды
Вопрос 16
Метонимияга түшүнүк бер
Варианты ответов
- бир нерсени, көрүнүштү ага мейкиндик, мезгилдик жактан катышы бар экинчи нерсе аркылуу атоо
- сүрөттөлүп жаткан нерсени, көрүнүштү кичирейтип көрсөтүү
- нерсенин, көрүншүтүн белгилерин апыртып көрсөтүү
- адамдын же предметтин кайсы бир белгисин, өзгөчөлүгүн баса белгилеп көрсөтүү
Вопрос 17
. И. Раззаков эмне себептен республиканын биринчи катчылыгынан бошотулган?
Варианты ответов
- башкаруу ишинде жөндөмсүздүгүн көрсөткөн
- бюджеттеги акчаны орунсуз пайдаланган
- республиканы карызга батырган
- кошумча кирешенин эсебинен мектеп балдарына бир маал бекер тамак бердирген
Вопрос 18
Күн тартибинде коюлган маселелер ирети менен талкууланат жана ар бир маселе
үч бөлүк боюнча каралат.
Протоколдо булар кайсы бөлүмдөн орун алат?
Варианты ответов
- протоколдун киришүү бөлүмүнөн
- протоколдун сөзгө чыкты бөлүмүнөн
- протоколдун угулду бөлүмүнөн
- протоколдун негизги бөлүмүнөн
Вопрос 19
Дефис аркылуу жазылганн сөздөр:
Варианты ответов
- Дефис аркылуу жазылганн сөздөр:
- аман эсен, жүрүм турум, каада-салт
- Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Молдо Нияз
- Тоголок Молдо, ден соолук, кара курт
Вопрос 20
Көркөм стилдин поэтикалык каражаттары:
Варианты ответов
- диалектизм, фразеологизм, синоним, антоним, метафора, гипербола
- неологизм, архаизам, диалог, монолог, эпитет
- синоним, антоним, диалектизм, синехдоха, ирония
- эпитет, салыштыруу, метафора, метонимия, гипербола
Вопрос 21
Гиперболага түшүнүк бер
Варианты ответов
- сүрөттөлүп жаткан нерсени, көрүнүштү кичирейтип көрсөтүү
- нерсенин, көрүнүштүн белгилерин апыртып көрсөтүү
- адамдын же предметтин кайсы бир белгисин, өзгөчөлүгүн баса белгилеп көрсөтүү
- бир нерсени, көрүнүштү ага мейкиндик, мезгилдик жактан катышы бар экинчи нерсе аркылуу атоо
Вопрос 22
Тексттеги ойдун башталышына мисалды белгиле:
Варианты ответов
- Эртеси Бекташ шаарга жөнөдү
- Сен мунун эмнесин түшүнбөй турасың?
- Ошол күнү таң азанда Асанкул телефон чалды
- Илгери-илгери бир абышка- кемпир болуптур
Вопрос 23
Толук үндөшүүгө баш ийген сөздөрдүн катарын аныкта.
Варианты ответов
- тигүүчү, мурун, көмөкөй, арабакеч
- көбүнчө, балалуу, витамин, булак
- билимдүү, акылдуу, дарыгер, адам
- тамга, коломто, балта, шериктештик
Вопрос 24
“Жазма булактардын алдыңкы катарында 1069-жылы 70-жылдары Жусуп Баласагын жазган “Кутадгу билиг”чыгармасы турат. Жусуп Баласагын шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын жаштык мезгили жана алган билими жөнүндө жетишерлик маалымат жок.”(Решат Генч.Карахандар мамлекетинин бийлик түзүлүшү. Бишкек, 2004, 17б.)
Варианты ответов
- көркөм стиль
- илимий стиль
- сүйлөшүү стиль
- публицистикалык стиль
Вопрос 25
Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес,
Калкын чанган, калкынын тилин чанган
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес! Фонетикалык-стилистикалык каражаттын
түрлөрүн аныктагыла.
Варианты ответов
- ассонанс, эпифора
- аллитерация, эпифора
- анафора, кайталоо
- антитеза, анафора
Вопрос 26
“- Эй, кулдун тукумдары! Элдин мыкты уулдарын минтип кур жалаа менен кырып отурсаңар социализмди бүт дүйнөдө эмес, бир өлкөдө да кура албайсыңар!” Кайсы чыгармадан жана кимдин сөзү?
Варианты ответов
- К.Сактанов “Маркумдар үнү” романынан, Жусуп Абдырахмановдун сөзү
- Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романынан, Абдылдабектин сөзү
- А.Токомбаевдин “Мезгил учат” повестинен, Г. Айтиевдин сөзү
- Т.Касымбековдун “Кел-кел” романынан, Курманжандын сөзү
Вопрос 27
Диссимиляция — бул …
Варианты ответов
- жанаша келген үнсүздөрдүн бири-биринин таасири менен окшошпой, башка тыбышка өтүп кетиши
- үндүү, үнсүз тыбыштардын бири-бирине ыңгайлашуусу
- үндүү тыбыштардын үндөшүп өзгөрүшү
- жанаша келген үнсүздөрдүн бири-биринин таасири менен окшошүп өзгөрүшү
Вопрос 28
Көркөм стилге мүнөздүү сүйлөм:
Варианты ответов
- Карай турган жагыңа, карагай чыксын бутактап
- Көңүл буруңуздар, Сиздер түз эфирден көрүп жатасыздар.
- Бул справка, тиешелүү жерге көрсөтүү үчүн берилди.
- Кыргызстанга эмне себептен келдиң? -Максатым бар.
Вопрос 29
Сүйлөмдөрдөн сүйлөшүү стилине мүнөзүүсү:
Варианты ответов
- Ойлон, бир күнү бармагыңды тиштеп калба
- Тынчтангыла, экзамне жүрүп жатат
- Ал ачык ооз, момун неме
- Өкүнөсүң тиштенип бармагыңды, бир күнү... азабын тартасың, ала көөдөндүгүңдүн... Ошол... бар!...
Вопрос 30
Атоочтуктардын тизмегин белгиле
Варианты ответов
- улутуна карады, аткарып келди, ырдап берди, жазып жатат
- агарган таң, келер мейман, ырдоочу бала, бүтө элек үй
- жардамдашуу, барыш-келиш, ушактамай, алмак
- барамын, барасың, барат, барабыз