Турдакун Усубалиев
Jump to navigationJump to search
| Усубалиев Турдакун | |||||||||||
|
| |||||||||||
| |||||||||||
| 9 май 1961 жылы — 2 ноябрь 1985 жылы | |||||||||||
| Андан мурунку: | Исхак Раззакович Раззаков | ||||||||||
| Андан кийинки: | Абсамат Масалиевич Масалиев | ||||||||||
|
| |||||||||||
| Туулган жери: | с. Кочкор кыштыга, Нарын облусу, РСФСР | ||||||||||
| Каза болгон жылы: |
| ||||||||||
| Каза болгон жери: | Бишкек | ||||||||||
| Партиясы: | ССКП | ||||||||||
|
| |||||||||||
| Сыйлыктары: |
| ||||||||||
Турдакун Усубалиев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы, алдыңкы өнөр жай өлкөсүнө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө, ошондой эле Кыргызстанды жана анын борбор шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген. 1960–70-жылдары өлкөнү индустриалдаштыруу, машина куруу өнөр жайын өнүктүрүү, гидроэлектростанцияларды куруу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп. 150дөн ашык ири өнөр-жай имараттары, 511 миңден ашык көп квартиралуу үйлөр, борбор шаарда онкологиялык оорукана ишке киргизилген жана ар бир райондо райондук ооруканалар, маданият үйлөрү, китепканалар ачылган. Космосту изилдөө боюнча институт ачылып, айдын топурагын ала турган атайын аппарат жасалган. Токтогул ж. б. ГЭСтери, лампа, цемент заводдору курулуп, 1970–80-жылдары республикада 7 эт комбинаты иштеген жана жылына 25 миң тонна жогорку сапаттагы эт даярдалган жана койдун башы 12 млн жетип, өндүрүлгөн 40 миң тонна меринос жүнү союздук башка республикаларга жөнөтүлүп турган. Булардан тышкары азыркы Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имараты, Өкмөт үйү, Борбордук китепкана, цирк, бир нече кичи райондор, «Манас» аэропорту сыяктуу ири курулуштар ишке киргизилген.
Билими жана илимий ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]
1919-ж. Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган.
1938-1941-жж. Кочкор кыштагында мугалим, окуу иштери боюнча директордун орун басары
1941-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн
1965-ж. Москвадагы В. И. Ленин атындагы педагогикалык институтун бүтүргөн.
1977-ж. Тарых илимдеринин кандидаты
.2013-ж. КУУ ардактуу профессору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доктору.
Саясый ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]
1941-ж. партиянын Кочкор райкомунда бөлүм башчынын орун басары
1941-1945-жж. Кыргызстан КП БКнын (1941–45) инструктору
1955-1956-жж. Республикалык «Советтик Кыргызстан» кезитинин редактору
1956–1958-жж. Кыргызстан КП БКнын бөлүм башчысы
1958-1961-ж. Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун 1-секретары.
1961.09.05 - 1985. 02.11 Кыргызстан КП БКнын 1-секретары.
1985-ж. тартып пенсионер
1961-ж. тартып КПССтин мүчөсү. 1985-ж. партиялык дооматтар менен 1985-ж. партиядан чыгарылган, бардык льготаларынан ажыратылган. Бирок КПСС БК бул чечимге макулдук берген эмес. 1988-ж. кайра Т. Усубалиевдин арызы каралып, коюлган дооматтардан акталып,партиядагы мүчөлүгү жана льготалары толугу менен калыбына келтирилген.
СССР Жогорку Кеңешинин 6-11 чакырылыштарын депутаты.
1995-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-2 чакырылыштарында эл өкүлдөр жыйынын депутаты, депутаттардын ыйгарым укуктары, этика, жалпы маалымат каражаттары жана коомдук бирикмелер менен байланышуу комитетинин төрагасы.
2008-ж. "Бирдиктүү Кыргызстан" партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири болгон

Турдакун Усубалиев (58.29 KB)

