Ош Мамлекеттик Университети «Ыйман» гимназиясы Тема: Табигый тандоо- эволюциянын багыттоочу фактору
Предмет: Биология
Класс: 11
Мугалими: Жунусалиева Э.Ж.
План:
- 1. Табигый тандоо жөнүндө жалпы түшүнүктөр
- 2. Жашоо үчүн күрөштүн формалары
Табигый тандоо
- Табигый тандоо- эволюциянын негизги фактору, анын жыйынтыгында жашап кетүүгө, өзүнөн кийин тукум калтырууга жөндөмдүү, особдор калып, алсыздар жок болот.
Табигый тандоо
- Табигый тандалуу – организмдердин эволюциясынын негизги кыймылдаткыч күчү. Табигый тандоо жөнүндөгү окуу Ч.Дарвин тарабынан (1858-1859-жж.) сунуш кылынган.
- Ч. Дарвиндин оюу боюнча Табигый тандоо– жашоо үчүн күрөштүн жыйынтыгы.
Жашоо үчүн күрөш
- Жашоо үчүн күрөш – жашап кетүүгө жөндөмдүүлүк менен бирге өзүнөн кийин тукум калтырууга жөндөмдүүлүгү, түр ичиндеги жана түр аралык конкуренция, ошондой эле тышкы чөйрөнүн абиотикалык шарттарына карата организмде рдин аракети.
Жашоо үчүн күрөштүн формалары
- Жашоо үчүн күрөш
Түр ичиндеги Түрлөр арасындагы Ыңгайсыз
шарттарга каршы
Жашоо үчүн түр ичиндеги күрөш
- Жашоо үчүн түр ичиндеги күрөш ар бир түрдүн бир популяциясындагы особдордун ортосунда болот.
- Алар: азык, нымдуулук, жылуулук жана тийиштүү чөйрө үчүн, доминанттуулук үчүн күрөшүүлөрү ыктымал.
Жашоо үчүн түрлөрдүн ортосундагы күрөш
- Жашоо үчүн түрлөрдүн ортосундагы күрөшкө бир түрдүн экинчи түрдү колдонуусу мисал боло алат.
- Бул: «жырткыч-жем болуучу жаныбар», «мите-ээси», «өсүмдүк-жаныбар».
Ыңгайсыз шарттарга каршы күрөш
- Организмдердин жашоосуна көптөгөн шарттар таасир этишет, мисалы: температура, нымдуулук, жарык ж.б. Бул күрөшүүнүн жыйынтыгында белгилүү шартка ыңгайлуу болгон организмдер пайда болот. Мисалы: чөлдөгү өсүмдүктөрдүн тамыры узаруусу, майда же өзгөргөн жалбырактар.
Жыйынтыктоо:
- Дарвин жашоо үчүн күрөш деп-организм жана чөйрө менен болгон карым катнашты айткан.
- Табигый тандоонун жыйынтыгында организмдердин ыңгайлануусу, чөйрөнүн белгилүү шарттарына адаптациялануу жүрөт.
Үйгө тапшырма:
- Табигый тандоонун популяциядагы формалары