Меню
Разработки
Разработки  /  Классному руководителю  /  Уроки  /  Прочее  /  Санарип мугалим

Санарип мугалим

05.05.2020

Содержимое разработки

Жалпы билим берүү мектептери үчүн видеосабактардын
“Санариптик педагогика” деген аталыштагы
Республикалык конкурсу жөнүндө Жобо


  1. Жалпы жоболор


Жалпы билим берүү мектептери үчүн видеосабактардын “санариптик педагогика” деген аталыштагы Республикалык конкурсу жөнүндөгү Жобо (мындан ары Жобо) конкурсту (мындан ары Конкурс) өткөрүүнүн жана ага педагогдордун катышуу тартиби, шарттарын жөнгө салат1.



1.1. Конкурс билим берүүнүн мазмуну улам өзгөрүп жаткан учурда педагогдордун алдыңкы тажрыйбаларын, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын сунуштоо, аларды колдонуу боюнча эффективдүү практикаларды жайылтуу формаларынын бири болуп эсептелет.


1.2. Конкурсту өткөрүү аркылуу билим берүүнү өнүктүрүүгө, мыкты педагогикалык тажрыйбаларды алып чыгып, педагогикалык коомчулуктун арасында таратууга мүмкүндүк ачылат. Ошондой эле конкурс педагогдордун кесиптик жана маалыматтык-коммуникациялык компетенцияларын өнүктүрүүгө жол ачат, эң мыктылары тандалып коомчулуктун назарына коюлат.


1.3. Конкурстун уюштуруучусу – КРнын Билим берүү жана илим министрлиги.


1.4. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү үчүн Республикалык уюштуруу комитети түзүлөт (мындан ары Уюштуруу комитети), анын курамын билим берүү жана илим министрлиги аныктайт. Ал эми райондук, шаардык деңгээлде уюштуруп өткөрүү үчүн, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) базасында уюштуруу комитети түзүлөт, курамын алар аныктайт.



1.5. Конкурска келип түшкөн видео материалдарды баалоо үчүн ар бир райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүндө (башкармалыктарында) билим берүү, окутуунун методикасы, медиа технологиялар жаатындагы кесипкөй адистерден турган Эксперттик кеңеш түзүлүп, райондук (шаардык) уюштуруу комитеттеринин төрагалары тарабынан бекитилет.


1.6. Уюштуруу комитеттери Конкурсту даярдоо жана өткөрүүнүн бирдиктүү планына ылайык иш алып барып, Эксперттик кеңештин жумушун камсыздайт.

  1. Максаты жана милдеттери


2.1 Конкурстун максаты – учурдагы мыкты педагогикалык тажрыйбаларды топтоо жана популяризациялоо, педагогдордун бирдиктүү маалыматтык-билим берүү аймагындагы маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенциясын жогорулатуу болуп эсептелет.


2.2. Конкурстун милдеттери:

  • Эң мыкты педагогикалык практикаларды алмашууга шарт түзүү;

  • Жаш педагогдордун чыгармачылык жана кесиптик потенциалын ачууга жана жаңы ысымдардын чыгуусуна шарт түзүү;

  • Мугалимдин позитивдүү социалдык имиджин жаратууга өбөлгө түзүү;

  • Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү;

  • oku.edu.gov.kg порталында мыкты видеосабактардын базасын түзүү;


3. Конкурстун багыттары: мектепте (жалпы) билим берүүдөгү окутуунун заманбап технологиялары;

  1. Конкурска кыргыз жана орус тилинде өтүлгөн сабактар менен катышса болот


  1. Видеоматериалдын тиби:



  • сабак (окуу программасы аныктаган дидактикалык жана тарбиялык максаттарга жетүү үчүн түрдүү методдорду колдонуу аркылуу так жадыбалга ылайык окуу процессин уюштуруунун формасы;




  1. Конкурска катышуу тартиби


6.1. Конкурска менчигинин формасына, тибине жана ведомстволук таандуулугуна карабастан бардык жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери катыша алат.


6.2. Педогогдор конкурска жеке катышышат.


6.3. Ар бир конкурсант, программага жана жадыбалга ылайык келген, ырааттуулугу камсыздалган ар бир сабагы 25 мүнөттөн ашпаган, 5тен кем эмес видеосабактарды бериши шарт. Ар бир видеоматериалга конкурска катышууга билдирүүсүн толтуруу зарыл болот (Тиркеме 1).


6.4. Конкурска базалык окуу планына (БУП), предметтик стандартка, окуу программасына, календардык-тематикалык планга дал келген жана IV чейректе өтүлө турган сабактардын материалдары менен гана катышууга болот. Ошондой эле конкурска катыша турган  видеоматериалдар конкурс жарыяланган күндөн баштап даярдалышы керек жана түрдүү интернет ресурстарында (билим берүү порталдарында, You Tube, Facebook) жайгаштырылышы зарыл.

  1. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүүнүн тартиби. Конкурс үч этап менен өткөрүлөт.


  1. 1-этап же болбосо даярдык этабында – Республикалык уюштуруу комитетин жана райондук (шаардык) уюштуруу комитеттерин, Эксперттик кеңештерди (райондор (шаарлардагы) жана Республикалык) түзүү; Уюштуруу комитети тарабынан Конкурсту даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын бирдиктүү планын иштеп чыгуу; жарнамаларды даярдоо жана жайылтуу; конкурска жөнөтүлгөн материалдарды жайгаштыруу жана сактоо үчүн атайын чечимди табуу.


7.2. 2-этап – райондук (шаардык). Бул этапта катышуучулар конкурска бериле турган материалдарды уюштуруу комитети тарабынан көрсөтүлгөн дарекке жүктөйт. Жүктөлө турган видеоматериалдын файлы видеосабактын аты менен бирдей болуусу керек. Жана да видеосабакты коштогон билдирүүнүн (заявканын) аты да видеоматериалдын аты менен окшош болуп райондук (шаардык) уюштуруу комитетинин электрондук дарегине жөнөтүлөт (Тиркеме 1).


Конкурска катыша турган материалдар топтолуп бүткөндөн кийин райондук (шаардык) уюштуруу комитети бардык видеосабактарды райондук (шаардык) Эксперттик кеңешке өткөрүп берет.


Эксперттик кеңеш конкурстук жумуштардын баарын 8.1.- 8.12. пункттарга ылайык баалап алардын ичинен эң мыкты делген үч авторго Республикалык этапта катышууга жолдомо берет. (Тиркеме 1).



7.3. 3 этап – Республикалык. Райондук (шаардык) уюштуруу комитеттери тандоодон өткөн видеоматериалдарды коштомо каттары менен (Тиркеме 1) Республикалык уюштуруу комитетинин дарегине жиберет. Конкурстук видеоматериалдар ЭлТРдин «Илим, Билим» каналында көрсөтүлүп, YouTube дагы каналына жайгаштырылат.


Акыркы этапта эксперттик кеңештин мүчөлөрү мыкты эмгектерди тандоону өткөрүшөт. (балоо критерийлери, 8.1. – 8.12. пункттарына ылайык).


7.4. Конкурстун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жана министрликтин социалдык тармактардагы официалдуу баракчаларында жайгаштырылат.

7.5. Конкурсту өткөрүүнүн этаптары:

1-этап – 2020-жылдын 26-мартынан 2-апрелине чейин

2-этап – 2020-жылдын 2-апрелинен 30-апрелине чейин

3-этап – 2020-жылдын 30-апрелинен 18-майына чейин

7.6. Автордук укуктар.


Конкурстун катышуучусу конкурска катыша турган видеоматериалдарды түрдүү формада жана түрдүү каражаттар аркылуу көрсөтүүгө мүлктүк жана мүлктүк эмес автордук укуктарынын бар экендигине кепилдик берет. Үчүнчү тараптардын автордук укуктары бузулган болсо Конкурстун катышуучусу жоопкерчиликти жеке тартат.


Конкурска катышуу үчүн берилген интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарына болгон өзгөчө укуктар боюнча үчүнчү тараптардын дооматтарын Конкурстун катышуучусу өз күчү жана каражаттары менен жөнгө салат.


Автор өз жумушун Конкурска жөнөтүү менен видеоматериалдарды конкурстун уюштуруучуларына чектелбеген мөөнөт менен акысыз колдонууга жана ал материалдарды өздөрүнүн кароосу менен интернетке жайгаштыруу, телевидениеде көрсөтүү, ЖМКларда чагылдыруу, көбөйтүү, чыгармачылык иштеп чыгуу укугун берет. Конкурска жөнөтүлгөн видеоматериалдар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт.


Конкурска катышуу менен катышуучу уюштуруучуларга өзүнүн жеке маалыматтарын колдонууга (фамилиясы, аты, атасынын аты, электрондук почтасынын дареги, сүрөттөрү жана башка жеке маалыматтарын) макулдугун берет.


Конкурстун бардык катышуучулары өздөрүнүн фамилиясы, аты, атасынын аттарын, сүрөттөрүн, Конкурстун уюштуруучуларынын сайтында жайгаштырууга, басылмаларда, радио-теле көрсөтүүлөрдө, интернет жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарында, YouTube, Facebook социалдык тармактарына таратууга макулдук беришет.


  1. Баалоо критерийлери:

8.1.Конкурстук материалдардын мазмунунун, маңызынын Конкурстун шарттарына туура келүүсү.


8.2. Актуалдуулугу, учурдагы билим берүүнүн талаптарына, билим берүү стандарттарына туура келүүсү, практикага багытталуусу жана материалдын методикалык баалуулугу.



8.3. Алдыңкы билим берүү технологияларынын жана санариптик технологиялардын соңку жетишкендиктерин киргизүү даражасы.


8.4. Сюжеттик линияны куруунун логикасы.

8.5. ИКТ каражаттарын конкурстук жумушта колдонуу чеберчилиги.

8.6. Видеоматериалдын динамикасы, көрсөтмөлүүлүгү (сүрөттөр, схемалар, анимация ж.б.).

8.7. Визуалдык катардын сапаты.

8.8. Добуштун (үндүн) сапаты.

8.9. Сабактын аягында окуучуларга тапшырмалардын берилиши.


8.10. Окуучулар менен кайтарым байланышты ишке ашыруунун жолдорунун берилиши.

8.11.Видеосабактарга кошумча материалдардын сапаты: түшүндүрмө каты, максат, милдеттери, (жалпы билим берүү мамлекеттик стандарттарына, предметтик стандарттарга ылайык), сценарий, тиркемелери; дидактикалык талаптарга дал келүүсү; тактык, логикалуулук, жана сабактардын ар бир этабынын жыйынтыкталуусу.

8.12. Педагогикалык чеберчиликтин сапаты жана деңгээли: мугалимдин предметтик компетенттүүлүгү жана жалпы эрудициясы; кеп маданияты (дикция, темп, сүйлөө сабаттуулугу); педагогикалык баарлашуусунун стили.


Критерийлердин ар бирине 8.1. – 8.12.пункттарга ылайык, 0 дон 2 баллга чейин (0 балл – баалоо критерийлерине туура келбейт, 1 балл – жарым жартылай туура келет, 2 балл – толук туура келет). Эксперттик кеңештин ар бир мүчөсү баллдарды койгон соң, орточо балл чыгарылат жана ал жыйынтыктоочу болуп эсептелет.


  1. Конкурстук жумуштарга коюлуучу талаптар

9.1 видеоматериалдардын техникалык мүнөздөмөлөрү:


  • Көлөмү - HD (1280x720) Full HD (1920x1080);


  • формат *.mp4.

  • хронометраж 25 минутага чейин;

9.2 Коштоочу документтер:


  • Конкурска катышуу үчүн билдирүү (Тиркеме 1);

  1. Конкурстун байге фонду:


Байгелүү орундар үчүн акчалай сыйлыктар каралган жана алар демөөрчүлөр тарабынан берилет.

1-орун – 50 миң сом

2-орун – 40 миң сом

3-орун – 30 миң сом

Мындан сырткары катышкандыгы үчүн 10 000 сомдон 3 сыйлык жана башка кызыктыруучу сыйлыктар, жолдомолор берилет.

Конкурска катышуунун жол жоболору боюнча райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнө (башкармалыктарына) жана Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна кайрылса болот. Электрондук дареги: ripk.kg@gmail.com


Байланыш тел: 0(707) 563 463, 0(707) 009 131, 0(555) 212 962, 0(701) 778 700.







Тиркеме 1



«Санариптик педагогика» республикалык конкурсуна катышуу үчүн арыз


Аталыштары


1

Файлдын аталышы:


2

Видеоматериалдын аталышы:


3

Тематикалык багыты


4

Видеоматериалдын тиби (пункт 5)


5

Видеоматериалдын кыскача аннотациясы (30 сөздөн көп эмес)


6

Ф.А.А. (толугу менен)


7

Кызматы


8

Мектептин аты


9

Мектептин дареги


10

Электрондук почтанын дареги


11

Телефону






1 Кыргыз Республикасында билим берүү системасынын негизги звеносу болуп мектептеги (жалпы) билим берүү эсептелет жана ал үч баскычтан турат:

- башталгыч жалпы - 1-4- класстар;

- негизги жалпы - 5-9-класстар;

- орто жалпы - 10-11- класстар.


-75%
Курсы повышения квалификации

Исследовательская деятельность учащихся

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
1000 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Санарип мугалим (87.5 KB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт

Вы смотрели