Меню
Разработки
Разработки  /  Физика  /  Уроки  /  7 класс  /  Нерсенин айлана боюнча кыймылы. Сызыктуу ылдамдык.

Нерсенин айлана боюнча кыймылы. Сызыктуу ылдамдык.

30.03.2022

Содержимое разработки

1-чейрек № __ сабак 7-класс “ ____” - октябрь 20__ -жыл

Предмет: физика

Сабактын темасы: Нерсенин айлана боюнча кыймылы. Сызыктуу ылдамдык.

Сабактын тиби жана формасы: жаңы билимди өздөштүрүү. Жупта, топтордо иштөө

Колдонулуучу усулдар жана ыкмалар:сырдуу конок, адашкан сөздөр, мини текст,1 мүнөттүк презентация, сфетофор оюну,

Окуу жабдыктары: окуу китеби, проектр, жип, сызгыч флипчарт, маркерлер ж.б.

Күтүлүүчү натыйжа: 7.3.1.1. Механикалык кубулуштарды таанып билишет. Механикалык кыймылдын түрлөрү: ийри сызыктуу кыймыл менен таанышат.

7.4.3.1. Чоңдуктардын символикалык белгиленишин, бирдиктерин билишет, чыгарышат, формуласын колдонууну билишет, башка чоңдуктар менен болгон байланышын карап, физикалык маанисин ачып көрсөтүшөт.


Негизги компетенттүүлүктөр

1.Маалыматтык (НК 1)

2.Социалдык- коммуникативдик (НК 2)

3.Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү

чечүү (НК 3)

Предметтик компетенттүүлүктөр

1.Физикалык билимдердин системасын өздөштүрүү жана илимий суроолорду коюу (ПК 1)

2.Физикалык кубулуштарды, мыйзам ченемдүүлүктөрдү илимий негиздөө (ПК 2)

3.Илимий далилдерди колдонуу (ПК 3)



Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөрү:

Билим берүүчүлүк: нерсенин айлана боюнча кыймылы ийри сызыктуу кыймылдын мисалы экендигин билишет. Айлана боюнча болгон кыймылды мүнөздөөчү чоңдуктар менен, жана алардын байланышы боюнча түшүнүк алышат.

(ϑ, S, T, n, r)

-Нерсенин айлана боюнча болгон кыймылы ийри сызыктын мисалы экендигин билишсе;

- Айлана боюнча болгон кыймылды мүнөөздөөчү чоңдуктар менен, жана алардын байланышты түшүнө алышса;

Өнүктүрүүчүлүк: чоңдуктардын символикалык белгиленишин, бирдиктерин билүү менен маселе чыгарууга, башка чоңдуктар менен байланыштырууга көнүгүшөт.


-Чоңдуктардын символикалык белгиленишин, бирдиктерин билүү менен маселе чыгара алышса;

- Темадагы физикалык чоңдуктарды башка чоңдуктар менен байланыштыра алышса;

Тарбия берүүчүлүк: топто, жупта иштөөдө бири-бирин угуп, ынтымакта иштөөгө көнүгүшөт.


-Ынтымакта, биримдикте иштеше алышса;


Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары, убактысы

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

Компетен-р

Баалоо-нун

түр-рү

НК

ПК

Уюштуруу.

Үй тапшырманы суроо



_____мүнөт

Саламдашуу

Өтүлгөн теманы кайталоо иретинде конокторду чакыруу;

1-конок: Берилген убакыт ичинде менин абалым башка нерселерге салыштырмалуу өзгөрсө, анда мени кандай аташат?

2-конок: мен бассам артымда из калса эмне деп аталат?

3-конок: мен баскан траектория түз сызык болсо ...

4- конок: мен баскан траектория ийри болсо ...

Саламдашуу

Окуучулар коноктордун окуганын түшүнүү менен жоопторун айтышат.

1-конок берген суроонун жообу механикалык кыймыл.

2-коноктун ?нун жообу траектория.

3-коноктун суроосунун жообу түз сызыктуу кыймыл.

4-коноктун ?нун жообу Ийри сызыктуу кыймыл

НК1

НК2

НК3

ПК1 ПК2

ПК3


ДБ










Теманы жана күтүлүүчү натыйжаны жарыялоо.

Шыктанды-руу

____мүнөт

Адашкан сөздөр боюнча тема табышат. Ал доскага слайд түрүндө көргөзүлөт.

ылдамдык, айлана, сызыктуу, кыймылы, боюнча, нерсенин.

Күтүлүүчү натыйжа:

-Нерсенин айлана боюнча

кыймылы ийри сызыктуу кыймылдын мисалы экендигин билишет. Айлана боюнча болгон кыймылды мүнөздөөчү чоңдуктар менен, жана алардын байланышы боюнча түшүнүк алышат.(ϑ, S, T, n, r)

-Чоңдуктардын символикалык белгиленишин, бирдиктерин билүү менен маселе чыгарууга, башка чоңдуктар менен байланыштырууга көнүгүшөт.










Тема: Нерсенин айлана боюнча кыймылы. Сызыктуу ылдамдык.

Күтүлүүчү натыйжаны окуучулар болжолдуу айтышат, анын негизинде төмөнкү күтүлүүчү натыйжа берилет слайд боюнча




НК1

НК2

НК3

ПК1

ПК2

ПК3

ДБ

Керектүү маалыматты берүү


_____мүнөт








Алдын ала бөлүнгөн топторго төмөндөгүдөй тапшырма берилет

1-топ: айлана, хорда, айлана боюнча болгон кыймылдардын сүрөттөрү, мини текст берилет.

  1. Тиркеме


2-топ: пи нин маанисин аныктоо үчүн ар түрдүү формадагы айлана түрүндөгү нерселер, сызгыч , жип мини текст берилет.

  1. Тиркеме


3- топ: кыймылдын багытын аныктоо үчүн аларга жипке байланган шарик, марли, суу, мини текст берилет

3-тиркеме


4-топ: айлануу мезгилин жана айлануу жыштыгын аныктоо үчүн секундасы бар саат, мини текст берилет.

4-тиркеме





















Окуучулар топтордо иштөө менен берилген тапшырманы аткарышат. Аткарып бүткөндөн кийин 1 мүнөттүк презентация кылышат.

























НК1

НК2

НК3

ПК1

ПК2

ПК3

КБ, СБ



Смай-лик

б-ча баала-

нышат

Бышыктоо.

Интерак-тивдүү

көнүгүүлөр


_____мүнөт





1.Таблица доскага берилет доскага слайд боюнча

5-тиркеме


2. Сүрөт менен иштөө

6-тиркеме


3. Сфетофор оюну боюнча маселе чыгарышат. Ар бир топко үчтөн маселе берилет. (тест сыяктуу) үч белги (түс) боюнча маселенин жообу текшерилет

7-тиркеме

















1.Ошол слайд боюнча иштешет.


2.Сүрөттө көрсөтүлгөн айланага жаныма сызык сызышат.


3. Маселе чыгарышат.



















НК1

НК2

НК3

ПК1

ПК2

ПК3

КБ, СБ


Баш бармак ыкма менен баала-нышат

Рефлекция. Жыйын-

тыктоо


_____мүнөт



1.Таблица берилет. 8-тиркеме

2.Топторго темадагы негизги түшүнүктөр берилет.

1-топ ийри сызыктуу кыймыл-

2-топ сызыктуу ылдамдык-

3-топ айлануу мезгили-

4- топ айлануу жыштыгы-

1.Таблица толтурушат.

2.Окуучулар берилген суроолорго жооп беришет.

  1. Топ

  2. Топ

  3. Топ

  4. Топ

НК1

НК2

НК3

ПК1

ПК2

ПК3

КБ, СБ

Баалоо.

Үй тапшырма


_____мүнөт

Топ башчылары берилген белгилер боюнча топтогу окуучуларды баалашат. Баалоого таблица берилет

§ 11. 5-көнүгүүнү аткаруу

Ф.и.о.

Тапш.

ж.тема

Б-тоо

Рефл.

ж.балл

1







2










СБ

1-тиркеме

1-топ: Жаратылышта жана техникада нерселер ийри сызык боюнча кыймылдашат. Траекториясы ийри сызыктуу кыймыл ийри сызыктуу кыймыл деп аталат. Ийри сызыктуу кыймылдын мисалы нерсенин айлана боюнча кыймылы. Биз алгач айлана боюнча түшүнүк берип кетели. Айлана — борбор деп аталуучу кандайдыр бир О чекиттен бардык чекиттери бирдей алыстыкта жаткан тегиздиктеги (жалпак) туюк ийри сызык. Айлананын ар бир чекитинен О борборуна чейинки аралык — радиус, айлананын эки чекити аркылуу өтүүчү түз сызык — кесүүчү, ал эми айлананын ар кандай эки чекитин туташтыруучу кесинди — хорда, борбору аркылуу өтүүчү хорда — диаметр, хорда менен чектелген айлананын бөлүгү жаа деп аталат. Ийри сызыктуу кыймылдын мисалдары төмөнкү сүрөттөрдө келтирилген.



Айлана боюнча кыймылдын ылдамдыгынын чоңдугу турактуу болгон кыймыл айлана боюнча бир калыптагы кыймыл деп аталат. Жогорудагы сүрөт боюнча биз ылдамдыгын тапсак: ϑ=S/t (1)
Айлана боюнча кыймылдаган нерсенин ылдамдыгы сызыктуу ылдамдык деп аталат. Сызыктуу ылдамдыктын бирдиги 1м/с алынат. Эгер нерсе толук бир айлануу жасаса, анын басып өткөн жолу 2 ге барабар. Башкача айтканда S=2πr (2). Анда сызыктуу ылдамдык ϑ=2πr/t (3) формуласы менен аныкталат.



2-тиркеме

2-топ: Пи ни аныктоо жолдору. 3 формадагы айлана түрүндөгү нерселер берилет. Жип, сызгыч берилет. Алгач жип менен 3 формадагы айлананын узундугун өлчөшөт. Муну үч учур үчүн аткарышып, Пи нин мааниси бир эле сан чыга турганына ишенишет. Ал үчүн айлананын узундугунун өз диаметрине болгон катышы ар кандай айланалар үчүн турактуу чоңдук болот. Ал S /D= π =3,14159... саны менен туюнтулат.
S -
айлананын узундугу; D- айлананын диаметри





















3-тиркеме Айлана боюнча болгон кыймылдын ылдамык векторунун багытын аныктоо

3-топ: Жипке байланган шарик берилет. Ага марлини сууга малып орошот да жипти айландырат. Суунун айланган нерседен чачырашы боюнча сызыктуу ылдамдыктын багытын аныкташат. Төмөнкү жыйынтыкты айтышат. Нерсе айлана боюнча кыймылдаган учурда сызыктуу ылдамдыктын сан мааниси турактуу болуп, ал эми ылдамдык векторунун багыты өзгөрүп турат. Б.а айлана боюнча кыймылдаган нерсенин ылдамдыгы айлананын ар бир чекитине жаныма боюнча багытталат. Төмөнкү сүрөт көрсөтүлөт.

4-тиркеме Айлануу мезгили, айлануу жыштыгы

4-топ: Секундасы бар айлана түрүндөгү саат берилет. Ошол боюнча айлануу мезгили жана айлануу жыштыгы боюнча түшүнүк беришет. Нерсенин толук бир айланууга кеткен убактысы айлануу мезгили деп аталат. Ал Т тамгасы менен белгиленет. Бирдиги үчүн 1 с алынат. Демек нерсе толук бир айлануу жасагандыктан сызыктуу ылдамдыгы ϑ=2πr/Т (4) формуласы менен аныкталат.

Бир секунда ичинде болуп өткөн айланунун саны айлануу жыштыгы деп аталат. Ал n тамгасы менен белгиленет. Бирдиги үчүн с-1 же 1 Гц (Герц) алынат.

Айлануу мезгили менен айлануу жыштыгы төмөнкүчө байланышат. Т= 1/n (5) n= 1/Т (6)

Жогорудагы 5,6 формуладан сызыктуу ылдамдык үчүн ϑ=2πrn (7) формуласын алсак болот.

5-тиркеме

Бышыктоо: 1)Төмөнкү таблицадагы ырастоолорду окуп чыгып, тушуна “ооба” же “жок” деген жоопторду жазгыла.

Ырастооолор

Жооптор

1

Нерсенин айлана боюнча кыймылы ийри сызыктуу кыймылга кирет.


2

Ийри сызыктуу кыймылдын бөлүктөрүн айлананын жаасы катары кароого болот.


3

Эгерде нерсе барабар убакыт ичинде айлананын бирдей жаасын басып өтсө, анда мындай кыймыл бир калыптагы айланууу кыймылы болот.


4

Бир калыптагы айлануу кыймылында нерсенин ылдамдыгы чоңдугу боюнча өзгөрүп турат


5

Бир калыпта айлануу кыймылында нерсенин ылдамдыгынын багыты өзгөрбөйт


6

Айлана боюнча кыймыл бтр калыпта ылдамдатылган кыймылга кирет




6-тиркеме

2) Сүрөт менен иштегиле. В

1. Нерсенин айлана боюнча кыймылынын сүрөтүндөгу А, В, С жана Д чекитиндеги А А С нерсенин ылдамдыгынын багытын чийип көрсөт-
күлө Д

7-тиркеме Жол чырак оюну (Мини тест)

8 -тиркеме

Рефлекция: 1. Төмөнкү сөздөрдү төрт мамычага ажыраткыла: (Үйүн тап)

Сызыктуу ылдамдык, с, айлануу жыштыгы, м/с, айлануу мезгили, с-1, Т=1/n, ϑ=2πr/Т, n=1/Т

Чоңдуктун аталышы

Белгилениши

Формуласы

Бирдиги

1





2





3












2. Негизги түшүнүктөр:

1-топ: Ийри сызыктуу кыймыл-

2-топ: Сызыктуу ылдамдык-

3-топ: Айлануу мезгили-

4-топ: Айлануу жыштыгы-

Жол чырак оюну (мини тест)



№1 Велосипеддин дөңгөлөгүнүн радиусу 25 см. Эгер дөңгөлөктүн айлануу жыштыгы 2 с-1 болсо велосипеддин ылдамдыгы кандай?

К) 3,14 м/с; С) 3,24 м/с; Ж) 3 м/с;



№2 Нерсе толук айлана жасаганда өтүлгөн жол эмнеге барабар?



К) айлананын радиусуна; С) айлананын узундугуна 2πr;

Ж) айлананын диаметрине;





№3 Айлануу жыштыгы 10 с-1. Айлануу мезгили эмнеге барабар?



К) 2 с; С) 4 с; Ж) 0,1 с;



Жол чырак оюну (мини тест)



№1 Велосипеддин дөңгөлөгүнүн радиусу 30 см. Эгер дөңгөлөк 0, 2 секундада бир айлануу жасаса, дөңгөлөктүн сызыктуу ылдамдыгын тапкыла.

К) 9,4 м/с; С) 3,24 м/с; Ж) 3 м/с;



№2 Сызыктуу ылдамдыктын формуласы кайсы?



К) ϑ= S/T; С) ϑ=2πr/Т; Ж) ϑ= αt;



№3 Айлануу мезгили 10 с. Айлануу жыштыгы эмнеге барабар?



К) 2 с-1; С) 4 с-1; Ж) 0,1 с-1;



Жол чырак оюну (мини тест)



№1 Радиусу 10 см ге барабар болгон чарык таш 0,2 с ичинде толук бир айлануу жасайт. Айлануу огунан алыстатылган чекиттердин ылдамдыгын тапкыла.

К) 3,1 м/с; С) 3,24 м/с; Ж) 3 м/с;



№2 Сызыктуу ылдамдыктын формуласы кайсы?



К) ϑ= S/T; С) ϑ=2πrn; Ж) ϑ= αt;



№3 Айлануу мезгили 10 с. Айлануу жыштыгы эмнеге барабар?



К) 2 с-1; С) 4 с-1; Ж) 0,1 с-1;



Жол чырак оюну (мини тест)



№1 Бир калыпта кыймылдаган дөңгөлөктүн ылдамдыгы 10 м/с, айлануу жыштыгы 4 с-1. Дөңгөлөктүн радиусун тапкыла.

К) 0,39 м; С) 3,24 м; Ж) 3,2 м;



№2 Сызыктуу ылдамдыктын формуласы кайсы?



К) ϑ= S/T; С) ϑ=2πr/Т; Ж) ϑ= αt;



№3 Айлануу мезгили 20 с. Айлануу жыштыгы эмнеге барабар?



К) 0,2 с-1; С) 0, 4 с-1; Ж) 0,05 с-1;







-75%
Курсы профессиональной переподготовке

Учитель, преподаватель физики и информатики

Продолжительность 600 или 1000 часов
Документ: Диплом о профессиональной переподготовке
17800 руб.
от 4450 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Нерсенин айлана боюнча кыймылы. Сызыктуу ылдамдык. (388.27 KB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт