Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн, КТРКнын “Баластан”, ЭлТРдин “Илим Билим”, “5-канал”, “Санат” жана “Пирамида”, телеканалдарынан көрсөтүлгөн видео сабактарга кайтарым байланыштарды түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жиберилген нускамаларына
ТҮШҮНДҮРМӨ КАТЫ.
1-4-класстардын окуучуларын жана ата-энелерин, КТРКнын “Баластан” телеканалынан саат 1100-1400 аралыктарында көрсөтүлүүчү видео сабактарды көрүүгө толук уюштуруу жана кайтарым байланыштарды саат 1400-1700 гө чейинки жана эртеси саат 0900-1100 гө чейинки убакыт аралыктарында гана түзүү (мектеп администрациясы тарабынан түзүлгөн ийкемдүү электрондук расписаниенин негизинде),
5-7-класстардын окуучуларын жана ата-энелерин ЭлТРдин “Илим Билим” телеканалынан саат 1300-1600 аралыктарында көрсөтүлүүчү видео сабактарды көрүүнү толук уюштуруу жана кайтарым байланыштарды саат 1600-1800 гө чейинки жана эртеси саат 0900-1200 гө чейинки убакыт аралыктарында гана түзүү (мектеп администрациясы тарабынан түзүлгөн ийкемдүү электрондук расписаниенин негизинде),
8-11-класстардын окуучуларын ЭлТРдин “Илим Билим” телеканалынан саат 0900-1300 аралыктарында көрсөтүлүүчү видео сабактарды көрүүнү толук уюштуруу жана кайтарым байланыштарды саат 1400 -1900 гө чейинки жана эртеси саат 0900 -1200 гө чейинки убакыт аралыктарында гана түзүү (мектеп администрациясы тарабынан түзүлгөн ийкемдүү электрондук расписаниенин негизинде),
Телеканалдардан көрсөтүлгөн видео сабактардан кийин, видео сабакта берилген эң негизги деп эсептелинген минимум материалдарга, мугалим тарабынан жаңы түшүнүктөрдү, эрежелерди, касиеттерди, ..., окуучулар менен биргеликте талдоо, суроолорун жооп берүү менен чектелүү, ошондой эле, сабакты жалпылоо-жыйынтыктоо иретинде өткөрүп, чыгарманын аталышын, китептин бетин, маселе, көнүгүүлөрдүн номерлерин көргөзүү менен тапшырманы окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен берүү (тапшырма берүү стандартына ылайык-тийиштүү өлчөмдө),
1-4-класстардын окуучуларына берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жана алар тарабынан аткарылган тапшырмалардын туура же ката иштегенине өз кеңештерин берүүнү улантууну саат 0900-1100 гө чейинки убакыт аралыктарында гана уюштуруу,
5-7-класстардын окуучуларына берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жана алар тарабынан аткарылган тапшырмалардын туура же ката иштегенине өз кеңештерин берүүнү улантууну саат 0900-1200 гө чейинки убакыт аралыктарында гана уюштуруу,
8-11-класстардын окуучуларына берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жана алар тарабынан аткарылган тапшырмалардын туура же ката иштегенине кеңештерин саат 1400-1900 гө чейинки убакыт аралыктарында гана уюштурууну жүргүзүү,
Кайтарым байланыштары, 5-6-7-пункттарында белгиленген убакыттар аралыгында гана өтүлүшүн, окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,
Видео сабактардан кийин, мектеп администрациясы тарабынан түзүлгөн ийкемдүү электрондук расписаниесинин негизинде гана, окуучулар менен кайтарым байланыштарды түзүүдө “Zoom”, “Google”, “Classroom”, “Telegram” жана “WhatsАрр” тиркемелерин (тиркемелерди өзүңүздөр тандасаңыздар болот) пайдалануу аркылуу байланышка чыгып, жаңы теманын мазмунун бышыктап, суроолоруна жооп берип, тапшырмаларды берүүгө болот,
Телеканалдардан көрсөтүлүп жаткан видео сабактарда, башталгыч класстар боюнча алсак, айрым сабактары (предметине жараша) программадан 5-6 саат алдыда болсо кошумча сабак өтүү менен жетиштирүү же тескерисинче 3-4 саатка аркада болгон учурларда кайталоо сабактарын өткөрүү максатка ылайыктуу,
Жогорку класстарда да (5-11-класс) программадан алдыда же арта калуу учурлары болсо, жогоруда башталгыч класстарга айтылгандарды аткаруу,
Эгерде окуу китептери дал келбесе, өзүңүздөр колдонуп жаткан окуу китеби жана календардык иш планыңыздардын негизинде ишти улантуу,
Шаардагы окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин башталгыч класстарында (она тили, укиш, ж.б.у.с. сабактарды), өзбек тили, жана өзбек адабияты предметтерин окутууда, шаардык предметтик бирикмелери тарабынан даярдалган жана даярдалып жаткан видео сабактарды убактылуу колдонуу,
Телеканалдардан көрсөтүлгөн видео сабактар боюнча гана окуучулар убактылуу түзүлгөн журналга бааланат, Жылдык жыйынтык баа чыгарууда 1-2-3-чейректердин бааларына артыкчылык берилет.
Телеканалдан көрсөтүлбөгөн предметтер жана бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга даярдоо боюнча кошумча сабактарды уюштуруу, мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин каалоолору, мектеп директорунун макулдугу менен өткөрүү мүмкүн.


Методикалык " корсотмо" (17.2 KB)

