Жалал Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу №16 А. Навои атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин математика мугалими С.Сидикова
6-КЛАСС
Сабактын темасы:
Түз пропорцияык көз карандылык. Пропорция
Сабактын максаты:
а) билим берүүчүлүк: Окуучулар тема боюнча түшүнүк алышат, пропорциянын негизги касиетин пайдаланышат
б) өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү, аң сезими өнүгөт, теория менен практиканы айкалыштыра алышат.
в) тарбия берүүчүлүк: бири-бирин сыйлоого, тез тапкычтыкка, чынчылдыкка,өз милдетин жоопкерчилик менен аткарууга тарбияланышат.
Өтүлгөн теманы кайталоо
- Тик бурчтуктун аянтын кантип табабыз?
- Бурчтун кандай түрлөрүн билесиңер?
- Үч бурчтуктун аянты эмнеге барабар?
Жаңы теманы түшүндүрүү
Практикада бир сан экинчисинен канча эсе чоң экендигин кантип табабыз? Мисалы: 8 саны 2 санынан канча эсе чоң? Албетте 8 ди 2ге бөлөбүз. Келип чыккан тийинди 8 саны 4 санынан канча эсе чоң экендигин билдирет.
Def: Эки чоңдук биринин маанисинин өзгөрүүсү менен экинчисинин мааниси дагы бир нече эсе өзгөрүлө тургандай болуп өз ара байланышта турса, анда мындай чоңдуктар түз пропорциялуу чоңдуктар деп аталат.
Def: х жана у чоңдуктарынын арасындагы түз пропорциялуу көз карандылыкты у=ах формуласы менен туюнтулат. Мында а – түз пропорциялык көз карандылык коэффициенти.
Мисалы(1): бир даана балмуздак 20 сом болсо, сатуучунун андан алынган кирешеси у=20х формуласы менен табылат. х- балмуздак саны, у-киреше болот.
Def: Эки сандын тийиндиси катыш деп аталат.
Демек, а жана b≠0 сандарынын тийиндиси а нын b га болгон катышы деп аталат. a:b а жана b сандары катыштын мүчөлөрү.
Def: Эки катыштын барабардыгы пропорция деп аталат.
a:b=c:d же
Мисалы(2): 21:7= 18:6 пропорциясын 21 санынын 7 ге болгон катышы 18 санынын 6га болгон катышына барабар деп окуйбуз.
а менен d пропорциянын четки мүчөлөрү, b менен c ортоңку мүчөлөрү болот.
Пропорциянын туура же туура эмес экендигин текшерүү үчүн пропорциянын негизги касиетин пайдаланабыз.
a:b=c:d же болсо, анда a•d = c• b болот.
Мисалы(3): 45:5 жана 36:4 катыштар пропорция түзөрүн текшергиле.
45:5=9 жана 36:4=9 → 45·4= 5·36 → 180 ге барабар экендиги келип чыгат. Бул катыштар пропорция болот.
Эгерде пропорциянын бир мүчөсү белгисиз болсо, аны кантип табабыз?
Мисалы(4): х:5=9:3
Буга чейин биз теңдеме чыгарууну билебиз. Демек, пропорциянын негизги касиетин пайдаланып, теңдемени чыгарабыз.
3х=5·9→ 3х= 45→ х= 45:3→ х = 15 → 15:5= 9:3 туура пропорция келип чыгат.
Бышыктоо:
№ 3 56 санын 3:5 катышында эки бөлүккө ажыраткыла
56= 21+35→ 21:35= 3:5
№ 4 75 саны бири 35, ал эми экинчиси 40 болгондой эки бөлүккө ажыратылган, 75 саны кандай катышта ажыратылган?
75=35+40 → 35:40=7:8 → 35·8= 40·7
№ 5 пропорцияны окугула
→ 2,4·4=16·0,6→ 9,6=9,6.
№ 6
25 саны 15санына кандай катышса, х саны 12 санына ошондой катышат дегенди математикалык туюнтма түрүндө жазгыла.
15х = 25·12 → 15х=300 → х= 300:15 →
х= 20 →
№ 102 а) 6,04:3,02 жана 17,2:34,4 катыштар пропорция түзөрүн текшергиле.
6,04:3,02=2 жана 17,2:34,4=0,5 → 6,04:3,02≠17,2:34,4 болгондуктан бул катыштар пропорция болбойт..
Демек, балдар пропорция деген эмне экен?
Пропорциянын четки жана ортоңку мүчөлөрү кайсылар?
Пропорциянын туура же туура эмес экендигин кантип текшеребиз?
Үйгө тапшырма: №103


Математика/Пропорция (2.72 MB)

