Меню
Разработки
Разработки  /  Физика  /  Планирование  /  7 класс  /  Басым. Басымдын түрлөрү

Басым. Басымдын түрлөрү

14.04.2020

Содержимое разработки

И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети.

Жаңы Маалыматтык Технологиялар Иниститутту:





План конспект



Класс 7-класс.





Тема:Катуу нерселердин,газдардын жана суюктуктардын басымы.



Мугалим: Нурсейит уулу Талгат.











Бишкек 2015.



Сабактын темасы:Катуу нерселердин жана газдардын, суюктуктардын басымы.

Өтүү мөөнөтү: 45-мүнөт.

Класс : 7-класс

Сабактын максаты: Билим берүүчүлүк.

А) Окуучуларга Басым боюнча кеңири маалымат берүү жана жеткиликтүү түшүндүрүү.

Б) Басымбоюнча турмуштан мисал келтирүү.

В) Окуучуларды терең ой жүгүртүүгө тарбиялоо.

Сабактын тиби: Жаңы материялды түшүндүрүү.

Сабактын ыкмасы:Интерактивдүү

Сабактын формасы: Көрсөтмөлүү.

Сабактын жабдылышы: Доска, маркер, батманга тартылган сүрөт.

Сабактын жүрүшү: Жагымдуу жагдай 2 мин Кайталоо 7-8 мин

Жаңы теманы түшүндүрүү 20-25 мин

Бышыктоо 5 мин

Окуучулардын билимин баалоо. 2-3 мин

Үйгө тапшырма. 1 мин

Сабакты уйюштуруу: Окуучулар менен саламдашуу,

Жоктоо үйгө берилген тапшырманы текшерүү,

Жаңы теманы өтүү.

Алардын сабака болгон кызыгуусун арттыруу.

Үй тапшырманы текшерүү: 1)Ньютондун 1 закону жана анын формуласы? 2)Ньтондун 2 закону жана анын формулсы?

3)Ньютондун 3 закону жана анын формуласы?

4) Ньютон ким болгон?







Жаңы тема: Басым деген сөз биздин күндөлүк турмушубузда кеңири колдонулат. Ал басуу, басым жасоо, бир нерсенин бетинен экинчи нерсенин бетин бастырып коюу менен байланышта болот. Басуу дегенди адамдын же башка жаныбардын кыймылдап басып жүрүүсүн эмес, бир нерсенин экинчи нерсеге жасаган аракетин түшүнөбүз. Катуу нерсенин бетинин бирдик аянтына перпендикуляр аракет этекн күчтү мүнөздөөчү физикалык чоңдук басымдеп аталат.

Басымды - Pтамгасымененбелгилейбиз. P=

Мында F- күч ал эмиS-аянт

Булл формуладанбизF=P*S формуласы менен күччтү S= формуласыбоюнчааянттынчоңдугун аныктасак болот.

Басымдынбирдигиүчүн СИ системасында 1паскаль алынат. Бул бирдик Француз окмуштуусу Блез Паскальдын урматына коюлган кыскача 1Па деп жазылат. 1Па= практикадапаскалдан башкагектопаскаль (гПа) жана килопаскаль(кПа) деген бирдиктер колдонулат экен.

1кПа=1000Па 1Па=0,001 кПа

1гПа=100Па 1Па=0,01гПа

Катуу нерселердин басымы:Күч таасир эткен беттин аянты канчалык кичине болсо, экинчи нерсенин баскан күчү ошончолук чоң болот. Ал эми күч таасир эткен беттин аянты канчалык чоң болсо, экинчи нерсенин баскан күчү ошончолук кичине болот. Күндөлүк турмушта колдонулуучу бычак, кайчы, ийне, шибеге, кнопка жана башка ушул өңдүү буюмдардын мизи же учу эмне үчүн ичке болот? Анткени алар кесүү же көзөө үчүн колдонулат. Мисалы кайчы же бычак менен кескенде алар башка материялдын беттерине аракет этишет. Аракеттенишкен беттердин тийишкен беттеринин аянты канчалык кичине болсо, ал беттин бирдик аянтына аракет эткен күчтүн таасири ошончолук чоң болот.

Газдардагы жана суюктуктардагы басым.Газда молекулалардын саны өтө көп болгондуктан, уруунулардын саны да эбегейсиз көп болот. Газ молекулаларынын урунууларынын натыйжасында өзү турган идиштин капталдарына, түбүнө төббөсүнө басым жасайт ал газдын басымы деп аталат. Газдын басымы көлөмүнө көз каранды, газдын көлөмүн кичирейткенде анын басымы чоңойот, ал эми көлөмүн чоңойткондо басымы азаячт.

Суюктуктардын өзү жайгашкан идиштин ички бетине жасаган басымы да газдардыкы сыяктуу эле түшүндүрүлөт. Анткени суюктуктар менен газдардын молекулаларынын жайланышы, кыймылдары негизинен окшош. Суюктуктарга да газдаргада жасалган басым алардын ар бир чекитине баардык багыт боюнча бирдей берилет.

Бышыктоо: Басым деген эмне жана анын формуласы?

Катуу нерселердин басымы деп эмнени айтабыз?

Газдын басымы деп эмнени айтабыз?

Суюктуктар менен гздардагы басымдын окшоштугу?

Үй тапшырма 11- көнүгүүдөгү 1,2,3 эсепти чыгарып келүү өтүлгөн теманы кайталоо.

-75%
Курсы повышения квалификации

Методика обучения физике в условиях реализации ФГОС

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
1000 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Басым. Басымдын түрлөрү (16.99 KB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт