Меню
Разработки
Разработки  /  Прочее  /  Презентации  /  Прочее  /  Акыркы конгуроого

Акыркы конгуроого

Акыркы конгуроого
22.06.2026

Содержимое разработки



Кутбилим – Коомдук-билим берүү жана илимий-популярдуу гезит

БИЗ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫБЫЗ!

Сабактын  максаты:

  1. Зордук-зомбулук жөнүндө  түшүнүк  алабыз.

  2. Тарбия үй-бүлөдөн  башталып,  коомдон уланып, адам  баласы  адамдык  улуу  сапатка  ээ болот.

  3. Окуучуларды чечкиндүүлүккө, туруктуулукка, сабырдуулукка, боорукерликке тарбиялоо.

Cабактын  жабдылышы: Проектор, кыргыз  элинин  үрп-адатын, каада-салтын, жаратылышын чагылдырган жана зордук-зомбулуктар жөнүндө сүрөттөр, буклеттер, карточкалар, ватман, стикер.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Кутман күнүңөр менен менин кымбаттуу окуучуларым. Кана эмесе балдар, бүгүн маанайыңар кандай? Силердин маанайыңар жакшы  болсо, менин да  маанайым эң сонун. Балдар, бул ажайып кооз сүрөттөр — биздин  мекенибиз! Кыргызстандын жаратылышын карагылачы,  биз кандай гана кооз, ажайып өлкөдө жашайбыз. Ооба, бул менин, сенин, баарыбыздын өлкөбүз — Кыргызстан. Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!

“Кечеги күн-тарых, эртенки күн-табышмак, бүгүнкү күн-белек” демекчи,   “ Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм — мекенге кошкон үлүшүм” деген девизди туу тутуп, сабакты  жакшы  окуп, талыкпай билим алалы.  Билим силерге керек, себеби  туура, так сүйлөөгө, келечекте туура  жолду тандоого  жана туура, сүйүктүү кесипти  ээси болууга, зордук-зомбулуксуз жашоого  өбөлгө түзөт. (Проектордон сүрөттөр көрсөтүлөт.

Мугалим: Балдар, көргөн сүрөттөрүңөр боюнча оюңарды айткылачы. Эмнелерди көрдүңөр?

Окуучулар:

  • Бири-бири менен мушташкан балдарды;

  • Ата-энесинен кордук көргөн баланы;

  • Карыган ата-энесин кордогон баланы;

  • Чоң балдардын кичине балдарга жасаган үстөмдүгүн ж.б.

Мугалим: Демек, балдар, биздин бүгүнкү темабыз “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз!” деп аталат.

Зомбулук — бул адамдын эркин  чектөө, анын үстүндө бийликке ээ болуу жана башкаруу максатын көздөгөн, системалык түрдө кайталанып туруучу адам эркине каршы физикалык, психологиялык, экономикалык жана сексуалдык мүнөздөгү таасир. Мындай мамилелерде көптөгөн адамдар, балдар күн кечиришет, зомбулук болуп жатканын билишпейт. Адамдарда сүйүү, ишеним жок болуп, бир адамдын экинчисине болгон кемсинтүүсү, тарбиялоосу, чектөөсү менен мүнөздөлөт.

Зомбулуктун түрлөрү:

  1. Физикалык.

  2. Психологиялык.

  3. Экономикалык.

  4. Сексуалдык.

  5. Гендердик.

  6. Үй-бүлөлүк. (видео ролик көрсөтүлөт).

Мугалим: Кана, балдар, экранга  көңүл бөлөлү, эмнелерди көрүп атасыңар?

Балдар, азыр силер көргөн видео роликтен силер ким тарапта болгуңар келет?

Окуучулар: Кордук көргөндөргө жардам бергибиз келет.

Мугалим: (балдардын оюн угуп, кайра суроо берет). Кордук көргөндөрдүн ушул абалга туш болушуна эмне себеп? Силер кимди күнөөлүү деп ойлойсуңар?

Окуучулар: Тарбиясыз балдар, мээримсиз балдар, жоопкерчиликсиз ата-энелер.

Мугалим: Окуучуларарды доскага чыгарып, үй-бүлөдөгү, мектептеги, коомдогу зордук-зомбулук боюнча көрүнүштөрдү ролдорго бөлүп аткартат.

Балдар,  силер  бул  ролдорду аткарып жатканыңарда  кандай сезимдер пайда  болду?

Окуучулар: Азыркы коомдо болуп жаткан зордук-зомбулук бизге терс таасирин тийгизерин сездик.

Мугалим: 1989-жылы  20-ноябрында  БУУнун Башкы  Ассамблеясында  “Баланын  укугу жөнүндө” декларация  кабыл  алынган. Кыргыз  Республикасынын  Балдар жөнүндө  Кодекси,  балдардын Кыргыз Республикасынын  Конституциясында каралган укуктарынын  эркиндиктеринин жана мыйзамдуу  талаптарынын  негизги  кепилдиктерин  белгилейт жана  мамлекет  тарабынан  балдардын  дене-бой, акыл-эс, адептик,  руханий жана  социалдык жактан  өнүгүүсү,  турмуштун оор кырдаалда    калган  балдарды коргоо жана өзгөчө камкордук көрүү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлин камсыз кылууга багытталган.

Сабакты  жыйынтыктоо: Балдар, биз бүгүн силер менен зордук-зомбулук боюнча  теманы талкуулап,  бир топ маалымат алдык. Зордук-зомбулуктун күчөшүнө коомдогу абалды күнөөлөй бербестен ар бирибиз мээримдүү, кайрымдуу бололу. Улуу коомдук ишмер атабыз И. Раззаков  “Коом деген сен жана мен. Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот”— деп айтканы чындык. Тарбия кичинекей мамлекетибиз  болгон  үй-бүлөдөн башталат. Эң негизгиси  үйүбүздө, мектепте мээримдүү, күйүмдүү  болуп бири-бирибизге түшүнүү менен  мамиле жасап,  кыйналгандарга жардам  берели, терс  көрүнүштөрдүн болбоосуна өз салымыбызды кошолу. Ал эми биздин окуучулары зордук — зомбулукка  жол беришпейт, бош убактысында китеп окушат, үй-бүлөсүнө жардам беришет, кружокторго катышат деп ишенели жана ушул ишенимди актай сыздап деп ойлойм.

Тапшырма:  Бүгүнкү “Зордук-зомбулукка жол жок!”  темасында эссе жазып  келүү.

 

Нургүл КАЗЫБЕКОВА,

Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектептин мугалими





ОШ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУНДА “МЫКТЫ САБАК” СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

30.11.2024

Ош облусундагы №3 мектеп окутуу процессинде климаттын өзгөрүшү темасын ийгиликтүү калыптандырууда

30.11.2024

САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ТАРТИБИНДЕГИ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

29.11.2024

Абитуриент

Кыргызстандан 199 абитуриент Сибирь ЖОЖдоруна кабыл алынды

30.09.2024

ЖОЖдор ОТУЗ МИҢге ЧУКУЛ АБИТУРИЕНТТИ КАБЫЛ АЛДЫ

23.08.2024

“Абитуриент 2024”: жогорку окуу жайлардын тизмеси

15.07.2024

Медиа

Англис тилинен Кембридж сертификатын алган өзгөндүк алдыңкы окуучулар

09.09.2024

Түптүн Михайловка жана Кең-Суу айылдарында жаңы бала бакчалар ачылды

09.09.2024

12 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН ДИРЕКТОРЛУГУНА АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ

09.09.2024

Коомдук-билим берүү жана илимий-популярдуу гезит

© 2024 – Кутбилим

Кыз-келиндер арасында зордук-зомбулукка каршы иш чара болду Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук

Б
аткен районунун Ак-Сай айылында зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында кыз-келиндер арасында иш чара болуп
өттү.

Ак-Сай айылында жергиликтүү кеңештин депутаттары окутуудан өткөрүлүп, бир канча долбоорлорду жазышып, колдоого алынгандарын ишке ашырып жатышат. Долбоорлор Гендердик аялдарды коргоо борбору Ассоциациясы тарабынан каржыланып өткөрүлүүдө. Долбоордун максаты – зордук-зомбулуктун алдын алуу.

Кабыл алынган ишке ашуучу долбоорлор: кыз-келиндер арасында футбол, волейбол оюндарын ойноо жана мелдеш өткөрүү, аялдарга өзгөчө кырдаал учурунда алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү боюнча маалымат берүү, үйдө отурган аялдардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө салым кошуу максатында бир жумада бир жолу мектептин китепканасына келип, китеп окуп кетүүсүн уюштуруу.

Белгилей кетсек, зордук-зомбулукка каршы долбоорлорду Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары жазышып, анын ичинен 12си кабыл алынган. Ошонун үчөөсү Ак-Сай айылынын депутаттары тарабынан жазылып, жактырылып бүгүнкү күндө ишке ашырылууда.

Үй-бүлөлүк зомбулук – Бул бир үй-бүлө мүчөсүнүн башкасына карата физикалык, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык кысым колдонушу. Үй-бүлөлүк зомбулук термини көбүнчө жубайлардын же интимдик өнөктөштөрдүн зомбулук актыларына карата колдонулат, бирок кеңири мааниде балдарга, ата-энелерге же кары-картаңдарга карата зомбулукту да камтыйт.

БУУ Кыргызстанды аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотууну тездетүүгө чакырат

ызстан

Навигацияны алмаштыруу

Search form

Билдирүү

БУУ Кыргызстанды аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотууну тездетүүгө чакырат.

Мамлекеттин гендердик теңдик, аялдардын жана кыздардын укугун илгерлетүү багытында акыркы аракеттерди эске алуу менен, БУУнун Кыргызстандагы тутуму акыркы айларда үрөй учурган гендердик зомбулуктун учурларына жана аялдарга, кыздарга карата зомбулук жасаган күнөөкөрлөрдүн жазасыз калуусуна тынчсыздануусун билдирет.

1996-жылдан бери Кыргыз Республикасы аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча эл аралык конвенциянын (CEDAW) катышуучусу болуп келет. Аталган конвенция Кыргызстанды аялдарга жана кыздарга карата дискриминацияны бардык чөйрөлөрдө жоюуга жана аялдар менен кыздардын тең укуктарын камсыз кылууга милдеттендирет.

БУУ Кыргыз Республикасынын 2021-жылы CEDAW комитетине бешинчи мезгилдүү баяндамасынын алкагында алган милдеттенмесин кубаттайт. Баяндама тапшырылгандан кийин CEDAW комитети, 2021-жылдын ноябрындагы Кыргызстанга карата корутундусуна ылайык (шилтеме: CEDAW Кыргызстан 2021), өкмөткө зомбулуктун алдын алуу, жабырлануучуларды коргоо, аларга жардам көрсөтүү жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча күч-аракеттерин ыкчамдатууну сунуштады.

БУУ системасы өкмөттү аялдарга, кыздарга карата бардык зомбулук кылмыштарын укук коргоо органдары тарабынан ыкчам жана адекваттуу иликтөөнү тездетүүгө жана Кыргызстандагы бардык аялдарга жана кыздарга сот аркылуу адилеттүүлүккө жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга чакырат. Эл аралык стандарттарга ылайык, зомбулуктан жапа чеккендерге, тийиштүү тергөөнүн жана сот процессинин ордуна, элдештирүү чаралары мажбурланбашы керек.

БУУ системасы мындан ары өкмөттү гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнүн, анын ичинде үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулуктун кылмыштуу табияты тууралуу мамлекеттик кызматкерлер жана жалпы коомчулук арасында маалымдоо иштерин активдештирип, калкка жана жарандык коомго мындай кылмыштарды четке кагууда колдоо көрсөтүүгө чакырат. Жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү, мигрант аялдарды, ВИЧ менен жашаган аялдарды, майыптуулугу бар аялдарды, азчылыктарды жана калктын аялуу катмарын басмырлоодон, эксплуатациялоодон жана гендердик зомбулуктан коргоого өзгөчө көңүл буруу керек.

БУУ кызыктар тараптардын көптөгөн оң демилгелерин кубаттайт жана гендердик зомбулукту жоюу, үй-бүлөлүк зомбулукту нормалдаштырган социалдык көз караштарды өзгөртүү, ошондой эле укук коргоо органдарынын жана юстиция тутумунун аялдардын жана кыздардын муктаждыктарына жооп берүү дараметин өнүктүрүү боюнча өкмөткө колдоо көрсөтүүнү уланта берүүнү баса белгилейт.

Маалымат үчүн:

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы 604 зордуктоо фактысы катталса, анын 53% кылмыштын курамы жок табылып токтотулган; 254 адам уурдоо фактысы катталып, анын 84%ы кылмыштын курамы жок табылып токтотулган. 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге берилген. 

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын биринчи беш айында 3988 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.



-80%
Курсы дополнительного образования

Химическая завивка волос. Наращивание и кератиновое выпрямление волос

Продолжительность 72 часа
Документ: Cвидетельство о прохождении курса
4000 руб.
800 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Акыркы конгуроого (339.28 KB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт