Меню
Разработки
Разработки  /  Биология  /  Презентации  /  6 класс  /  6-кл 27. Жалбырак.

6-кл 27. Жалбырак.

Жалбырак
13.12.2020

Содержимое разработки

Жалбырак жана өсүмдүк тиричилиги. Жалбырактын клеткалык түзүлүшү

Жалбырак жана өсүмдүк тиричилиги. Жалбырактын клеткалык түзүлүшү

Сабактын максаты Жалбырактын өсүмдүк тиричилигиндеги мааниси жөнүндөгү маалыматтарга ээ болушат Жалбырактын сырткы түзүлүшү, тарамыштанышын ажырата алышат Жалбырактын клеткалык түзүлүшүн талдап, окуп үйрөнүшөт

Сабактын максаты

  • Жалбырактын өсүмдүк тиричилигиндеги мааниси жөнүндөгү маалыматтарга ээ болушат
  • Жалбырактын сырткы түзүлүшү, тарамыштанышын ажырата алышат
  • Жалбырактын клеткалык түзүлүшүн талдап, окуп үйрөнүшөт
Жалбырак –татаал түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн вегетация органдарынын бири, өркүндүн бөлүгү. Анын жашыл болуусунун себеби анда хлорофилл пигменти бар  Орус табият таануучусу Климент Аркадьевич Тимирязев өсүмдүктөрдүн азыктанышы, б.а. жалбыракта жарык нурунун таасири астында органикалык эмес заттардан органикалык заттардын пайда болушун изилдеген Жандуу организмдер, анын ичинде өсүмдүктөрдүн өзү үчүн да зарыл болгон органикалык зат жашыл жалбыракта түзүлөт (фотосинтез). Ошондой эле суунун бууланышы дагы көбүнчө жалбырак аркылуу жүрөт. Мындан сырткары жалбырак кошумча кызматтарды да аткарат, мисалы белен заттарды топтоо, вегетативдик көбөйүү ж.б.  Климент Аркадьевич Тимирязев (1843-1920)

Жалбырак –татаал түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн вегетация органдарынын бири, өркүндүн бөлүгү. Анын жашыл болуусунун себеби анда хлорофилл пигменти бар

Орус табият таануучусу Климент Аркадьевич Тимирязев өсүмдүктөрдүн азыктанышы, б.а. жалбыракта жарык нурунун таасири астында органикалык эмес заттардан органикалык заттардын пайда болушун изилдеген Жандуу организмдер, анын ичинде өсүмдүктөрдүн өзү үчүн да зарыл болгон органикалык зат жашыл жалбыракта түзүлөт (фотосинтез). Ошондой эле суунун бууланышы дагы көбүнчө жалбырак аркылуу жүрөт. Мындан сырткары жалбырак кошумча кызматтарды да аткарат, мисалы белен заттарды топтоо, вегетативдик көбөйүү ж.б.

Климент Аркадьевич Тимирязев (1843-1920)

Жалбырак – өркүндүн каптал вегетативдик органы. Жалбырак төмөндөгү функцияларды ишке ашырат: -фотосинтез, -суу буулантуу – транспирация, -газ алмашуу жана вегетативдик көбөйүүгө кызмат кылат.

Жалбырак – өркүндүн каптал вегетативдик органы.

Жалбырак төмөндөгү функцияларды ишке ашырат:

-фотосинтез,

-суу буулантуу – транспирация,

-газ алмашуу

жана вегетативдик көбөйүүгө кызмат кылат.

Жалбырактын сырткы түзүлүшү Жалбырак , негизинен , эки бөлүктөн : жалбырак пластинкасы жана жалбырак сабынан  түзүлгөн . Кээ бир өсүмдүктөрдүн жалбырак сабынын ылдыйкы бөлүгүндө каптал жалбыракчалары да болот . Жалбырактар сабакка же өркүнгө , адатта , жалбырак сабы менен биригет . Кээ бир өсүмдүктөрдүн жалбырагы сапсыз болот . Мындай жалбырактар сапсыз жалбырак делет . Сапсыз жалбырактар сабакка пластинкасынын ылдый кы бөлүгү менен биригет.  Алма , өрүк , алмурут , терек , жаңгак , анжир , жүзүм , бадыраң , коон сыяктуу мөмөлүү жана бакча эгиндери , кооздук өсүмдүктөрдүн жалбырагы саптуу ; жоогазын , пияз , чырыч , чекилдек , буудай , жүгөрү , арпа , шалы сыяктуу өсүмдүктөрдүн жалбырагы сапсыз болот .

Жалбырактын сырткы түзүлүшү

Жалбырак , негизинен , эки бөлүктөн : жалбырак пластинкасы жана жалбырак сабынан түзүлгөн . Кээ бир өсүмдүктөрдүн жалбырак сабынын ылдыйкы бөлүгүндө каптал жалбыракчалары да болот . Жалбырактар сабакка же өркүнгө , адатта , жалбырак сабы менен биригет . Кээ бир өсүмдүктөрдүн жалбырагы сапсыз болот . Мындай жалбырактар сапсыз жалбырак делет . Сапсыз жалбырактар сабакка пластинкасынын ылдый кы бөлүгү менен биригет. Алма , өрүк , алмурут , терек , жаңгак , анжир , жүзүм , бадыраң , коон сыяктуу мөмөлүү жана бакча эгиндери , кооздук өсүмдүктөрдүн жалбырагы саптуу ; жоогазын , пияз , чырыч , чекилдек , буудай , жүгөрү , арпа , шалы сыяктуу өсүмдүктөрдүн жалбырагы сапсыз болот .

Амазонка викториясы

Амазонка викториясы

Жалбырактын тарамыштанышы.  Жалбырактар ар түрдүү багытта тарамыштан турганын көрүп жүрөсүңөр. Мисалы, канат сыяктуу (ак чечек), манжа сыяктуу (каштан) болуп тордолгон болот. Буларды торчо сыяктуу тарамыштануу деп аташат. Мындай тарамыштануу эки үлүштүүлөргө тиешелүү. Ал эми бир үлүштүүлөргө көбүнчө жарыш тарамыштануу мүнөздүү . Мисалы, жүгөрүдө, буудайда ж.б. Айрым өсүмдүктөрдө негизги тарамыштануусу түз эмес, жалбырактын негизинен учуна карай ийилип, дого сымал абалда болот. Мындай тарамыштанууну дого сымал деп атоого болот. Мисалы, бака жалбыракта, май мончокто. Ошондой эле ачаланып  тарамыштануу деген бар. Мында жалбырактын бир тарамышы келип учу ачаланып кетет. Мисалы, гинго деген өсүмдүктө. Тарамыштар аркылуу азык заттар жалбырактын бардык жерине таралат. Себеби алар өткөрүүчү ткандан турат. Сабактын максаты:

Жалбырактын тарамыштанышы. Жалбырактар ар түрдүү багытта тарамыштан турганын көрүп жүрөсүңөр. Мисалы, канат сыяктуу (ак чечек), манжа сыяктуу (каштан) болуп тордолгон болот. Буларды торчо сыяктуу тарамыштануу деп аташат. Мындай тарамыштануу эки үлүштүүлөргө тиешелүү. Ал эми бир үлүштүүлөргө көбүнчө жарыш тарамыштануу мүнөздүү . Мисалы, жүгөрүдө, буудайда ж.б.

Айрым өсүмдүктөрдө негизги тарамыштануусу түз эмес, жалбырактын негизинен учуна карай ийилип, дого сымал абалда болот.

Мындай тарамыштанууну дого сымал деп атоого болот. Мисалы, бака жалбыракта, май мончокто. Ошондой эле ачаланып тарамыштануу деген бар. Мында жалбырактын бир тарамышы келип учу ачаланып кетет. Мисалы, гинго деген өсүмдүктө. Тарамыштар аркылуу азык заттар жалбырактын бардык жерине таралат. Себеби алар өткөрүүчү ткандан турат.

Сабактын максаты:

Жалбырактын клеткалык түзүлүшү Жалбырактын эң сырткы катмары – кабыгы « эпидермис » (териче) деп аталат. Анын астында жалбырактын ичин бүт ээлеген жумшак негизги тканы жайгашкан. Ал катмар-катмар клеткалардан турат. Негизги ткандын ар бир клеткасынын жука чел кабыгы болот, ал башка клеткалардай эле цитоплазма менен толгон, ядросу, вакуолу бар. Башкалардан айырмасы – аларда хлоропласт  болот. Жалбырактын үстүнкү бетине жакын жаткан негизги ткандын клеткалары узунунан, бири-бирине тыгыз жатат. Анын сырткы көрүнүшү ат байлаган мамыга окшош болгондуктан, мамыча ткань  делет. Мамыча сыяктуу клеткалардан турган ткандын негизги кызматы өсүмдүккө керектүү азык-заттарын синтездөө болуп саналат. Анткени мамыча клеткада жалбыракка жашыл түс берген хлорофилл пигменти бар хлоропласттар болот.

Жалбырактын клеткалык түзүлүшү

Жалбырактын эң сырткы катмары – кабыгы « эпидермис » (териче) деп аталат. Анын астында жалбырактын ичин бүт ээлеген жумшак негизги тканы жайгашкан. Ал катмар-катмар клеткалардан турат. Негизги ткандын ар бир клеткасынын жука чел кабыгы болот, ал башка клеткалардай эле цитоплазма менен толгон, ядросу, вакуолу бар. Башкалардан айырмасы – аларда хлоропласт болот. Жалбырактын үстүнкү бетине жакын жаткан негизги ткандын клеткалары узунунан, бири-бирине тыгыз жатат. Анын сырткы көрүнүшү ат байлаган мамыга окшош болгондуктан, мамыча ткань делет. Мамыча сыяктуу клеткалардан турган ткандын негизги кызматы өсүмдүккө керектүү азык-заттарын синтездөө болуп саналат. Анткени мамыча клеткада жалбыракка жашыл түс берген хлорофилл пигменти бар хлоропласттар болот.

Жалбырактын астында жана үстүнкү бетиндеги эпидермистин же териченин клеткалары мом сыяктуу зат менен капталган. Териченин клеткалары бири-бирине тыгыз жаткандыктан, ал жалбырактын сырт жагын куурап жана кургап калуудан сактайт. Жалбырактын астынкы бетинин теричесинде үт  деп аталган оозчолорду пайда кылуучу клеткалар болот. Үт аркылуу жалбырактын ичине аба кирип, иштелген аба чыгып турат. Үттүн клеткалары ачылып, жабылып турушат да, газдын, абанын алмашышын жөнгө салат

Жалбырактын астында жана үстүнкү бетиндеги эпидермистин же териченин клеткалары мом сыяктуу зат менен капталган. Териченин клеткалары бири-бирине тыгыз жаткандыктан, ал жалбырактын сырт жагын куурап жана кургап калуудан сактайт. Жалбырактын астынкы бетинин теричесинде үт деп аталган оозчолорду пайда кылуучу клеткалар болот. Үт аркылуу жалбырактын ичине аба кирип, иштелген аба чыгып турат. Үттүн клеткалары ачылып, жабылып турушат да, газдын, абанын алмашышын жөнгө салат

Жалбырак тарамышы – бул өткөрүүчү ткань. Ал була жана сөңгөк ткандан турат. Буланын элек сыяктуу түтүгү аркылуу органикалык заттардын, мисалы, канттын, суудагы эритмеси жылат. Элек сыяктуу түтүкчөлөрдүн түзүлүшү органикалык заттарды өткөрүүгө ылайыкталган. Буланын курамына элек сыяктуу түтүктөн башка дагы сөңгөктүү ткань кирет. Ал аркылуу тамырдан келген суу жана анда эриген минералдык заттар жылат  . Өсүмдүктөрдө заттардын транспорттолушу

Жалбырак тарамышы – бул өткөрүүчү ткань. Ал була жана сөңгөк ткандан турат. Буланын элек сыяктуу түтүгү аркылуу органикалык заттардын, мисалы, канттын, суудагы эритмеси жылат. Элек сыяктуу түтүкчөлөрдүн түзүлүшү органикалык заттарды өткөрүүгө ылайыкталган.

Буланын курамына элек сыяктуу түтүктөн башка дагы сөңгөктүү ткань кирет. Ал аркылуу тамырдан келген суу жана анда эриген минералдык заттар жылат .

Өсүмдүктөрдө заттардын транспорттолушу

Бышыктоо  Жалбырак эмне себептен жашыл түстө жана ал өсүмдүк үчүн кандай кызмат аткарат?  Аткарган кызматына жараша жалбырактын түзүлүш формасы кандай болот?  Мамыча жана борпоң ткань жана алар кандай түзүлүштө?  Өткөрүүчү ткань кандай түзүлүштө? Ал эмне кызмат аткарат?

Бышыктоо

  • Жалбырак эмне себептен жашыл түстө жана ал өсүмдүк үчүн кандай кызмат аткарат?
  • Аткарган кызматына жараша жалбырактын түзүлүш формасы кандай болот?
  • Мамыча жана борпоң ткань жана алар кандай түзүлүштө?
  • Өткөрүүчү ткань кандай түзүлүштө? Ал эмне кызмат аткарат?
Үй тапшырма Таблицага тарамыштануу боюнча жалбырактын сүрөттөрүн тартуу Жарыш тарамыштануу Дого сымал тарамыштануу Торчо тарамыштануу  Ачаланып тарамыштануу   Окуу китебинин §27. 78-81-беттерин окуу. Жумушчу дептер тапшырмасын аткаруу. https://multiurok.ru/tests/47916 /

Үй тапшырма

Таблицага тарамыштануу боюнча жалбырактын сүрөттөрүн тартуу

Жарыш тарамыштануу

Дого сымал тарамыштануу

Торчо тарамыштануу

Ачаланып тарамыштануу

  Окуу китебинин §27. 78-81-беттерин окуу. Жумушчу дептер тапшырмасын аткаруу. https://multiurok.ru/tests/47916 /

-75%
Курсы повышения квалификации

Интерактивные методы в практике школьного образования

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
1000 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
6-кл 27. Жалбырак. (3.11 MB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт

Вы смотрели