Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  10 класс  /  Жылуулук кубулуштары - 2

Жылуулук кубулуштары - 2

Avatar
17.12.2023. Тест. Физика, 10 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Кристаллдык жана аморфтук нерселер. Эрүү жана кристаллдашуу. Катуу нерселердин механикалык касиеттери. Серпилгич деформация темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Катуу нерсенин созулуу диаграммасынын кайсы чекитинде материал үзүлөт?

Варианты ответов
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Вопрос 2

Узундугу 6 м, туура кесилиш аянты 0,9 мм2 болгон жез стерженге, аны чоюучу      36 Н күч аракет этет. Стержендин абсолюттук узарышы кандай? Жездин серпилгичтүүлүк модулу \(12\cdot10^{10}\)  Па. Жообун мм менен бергиле.

Варианты ответов
  • 2
  • 4
  • 6
  • 10
  • 50
Вопрос 3

Бийиктиги 5 м болгон тактай дубалдын негизинде кандай механикалык чыңалуу пайда болот? Тактайдын тыгыздыгы 800 кг/м3. Жообун кПа менен бергиле.

Варианты ответов
  • 10
  • 20
  • 30
  • 40
  • 50
Вопрос 4

Узундугу 2 м, туура кесилиш аянты 0,4 мм2 болгон болот зымын 8 мм ге  узартыш үчүн анын бир учуна кандай күч жумшаш керек? Болоттун серпилгичтүүлүк модулу     \(2\cdot10^{11}\) Па.

Варианты ответов
  • 160
  • 320
  • 480
  • 640
  • 800
Вопрос 5

Туура кесилиш аянты 0,2 мм2 болгон алюминий зымдын учуна 35 Н күч жумшаса, зым 5 мм ге узарат. Зымдын баштапкы узундугу кандай болгон? Алюминийдин серпилгичтүү модулу  \(7\cdot10^{10}\) Па.

Варианты ответов
  • 2
  • 4
  • 6
  • 8
  • 10
Вопрос 6

Ысытуу учурунда зат катуу абалынан суюк абалга, андан соң газ абалына өтөт. Графикте заттын температурасынын убакыттан болгон көз карандылыгы берилген. Графиктин кайсы бөлүгү заттын эрүү процессине туура келет.

Варианты ответов
  • 1-2
  • 2-3
  • 3-4
  • 4-5
  • 5-6
Вопрос 7

Кайсы формула механикалык чыңалуу үчүн Гуктун законун туюнтат?

Варианты ответов
  • F = ma
  • \(F=G\frac{m_1m_2}{r^2}\)

  • \(\frac{F}{S}=E\frac{\triangle l}{l_0}\)

  • \(P=\rho gh\)

  • F = qE
Вопрос 8

Аморфтук заттардан монокристалл кайсы касиети менен айырмаланат?

Варианты ответов
  • тунуктугу
  • бекемдиги
  • катуулугу
  • жалпак кырларынын болушу
  • анизотроптуулугу
Вопрос 9

Температурасы 00С болгон муздун сыныгы, тоскоолдука урунуп, толугу менен эрип кетиши үчүн, кандай ылдамдык менен учушу керек? Муздун толук механикалык энергиясы анын ички энергиясына өтөт. Муздун салыштырма эрүү жылуулугу   320 кДж/кг.

Варианты ответов
  • 200
  • 400
  • 800
  • 100
  • 1200
Вопрос 10

Массасы 10 г болгон ок 660 м/с ылдамдык менен учуп келип, температурасы 00С музга урунуп анда калат. Эгерде октун энергиясынын 50% муздун эришине сарпталса, канча грамм муз эриген? Муздун салыштырма эрүү жылуулугу 330 кДж/кг.

Варианты ответов
  • 3,3
  • 6,6
  • 8
  • 10
  • 13,2
Вопрос 11

1524 кДж   жылуулук санын алган, массасы  2 кг алюминийдин жарымы эриди. Алюминийдин баштапкы температурасы  кандай болгон? Алюминийдин салыштырма жылуулук сыйымдуулугу 880 Дж/кг0С, эрүүнүн салыштырма жылуулугу 380 кДж/кг, эрүү температурасы 6600С.

Варианты ответов
  • 10
  • 15
  • 20
  • 25
  • 30
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт