Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  10 класс  /  Жылуулук кубулуштары - 1

Жылуулук кубулуштары - 1

Avatar
17.12.2023. Тест. Физика, 10 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Буулануу жана конденсация. Каныккан жана каныкпаган буулар. Кайноо. Суюктуктун кайноо температурасынын басымдан көз карандылыгы. Абанын нымдуулугу темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Муздак металл кашыкты ысык чайга салганда, кашыкта кандай өзгөрүү болот?

Варианты ответов
  • кашыктын ички энергиясы азаят
  • кашыктын потенциалдык энергиясы чоңоет
  • анын бөлүкчөлөрүнүн кыймылынын ылдамдыгы азаят
  • кашыктын ички энергиясы чоңоет
  • кашыктын потенциалдык энергиясы азаят
Вопрос 2

Ысытуу учурунда  зат  катуу абалынан суюк абалга, андан соң газ абалына өтөт. Заттын температурасынын убакыттан болгон көз карандылык графигинен суюктуктун кайноосунун башталышына кайсы чекит туура келээрин аныктагыла?

Варианты ответов
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Вопрос 3

Эгерде каныккан буунун температурасын жогорулатсак, анда анын басымы өзгөрөбү?

Варианты ответов
  • басым жогорулайт
  • басым төмөндөйт
  • каныккан буунун басымы температурадан көз каранды эмес
  • буу кеңейгенде басым өзгөрөт
  • басым нөлгө барабар болуп калат
Вопрос 4

Каныкпаган бууну кантип каныккан бууга айландырууга болот?

Варианты ответов
  • температурасын төмөндөтүп
  • температурасын жогорулатып
  • көлөмүн кичирейтип
  • көлөмүн чоңойтуп
  • температурасын жогорулатып жана көлөмүн кичирейтип
Вопрос 5

Ысытуу учурунда зат  катуу абалынан суюк абалга, андан соң газ абалына өтөт. Заттын температурасынын убакыттан болгон көз карандылык графигинен суюктук толук бойдон кайнап бүткөн чекитти аныктагыла?

Варианты ответов
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Вопрос 6

Эгерде суусу бар идишти терең шахтага түшүрсө, суунун кайноо температурасы ....

Варианты ответов
  • өзгөрбөйт
  • төмөндөйт
  • жогорулайт
Вопрос 7

Беттик тартылуу коэффициентинин чен бирдиги ....

Варианты ответов
  • Дж/с
  • Дж/м
  • Н/м2

  • Н/м
  • Дж/ч
Вопрос 8

Суюктук кайнап баштагандан, толук соолуганга чейин анын температурасы ....

Варианты ответов
  • өсөт
  • азайат
  • өзгөрбөйт
  • кээ-бир суюктуктардыкы өсөт, кээ бирлериники азайат
  • башында өсөт, анан азайат
Вопрос 9

Кайсы прибор салыштырма нымдуулукту аныктоого мүмкүндүк берет?

Варианты ответов
  • барометр
  • манометр
  • термометр
  • психрометр
  • спидометр
Вопрос 10

Абанын салыштырма нымдуулугу эмне менен аныкталат?

Варианты ответов
  • суу буусунун үлүштүк басымы менен
  • каныккан буунун басымы менен
  • берилген температурадагы суу буусунун үлүштүк басымынын, каныккан буунун басымына болгон катышы менен
  • берилген температурадагы суу буусунун үлүштүк басымынын, каныккан буунун басымына болгон көбөйтүндүсү менен
  • үлүштүк басым жана каныккан буунун басымынын суммасы менен
Вопрос 11

\(27\ ^0С\)  температурада абадагы суу буусунун үлүштүк басымы  831 Па  га барабар. Көлөмү  \(1\ м^3\)  абада канча массадагы суу буусу бар? Суунун молдук массасы  \(0,018\ кг/моль\) . Жообун грамм менен бергиле.

Варианты ответов
  • 3
  • 6
  • 9
  • 12
  • 15
Вопрос 12

Температурасы  \(12\ ^0С\) болгон кезде  абанын  салыштырма  нымдуулугу \(60\%\)  болгон.  Абадагы суу буусунун үлүштүк  басымы кандай?  \(12\ ^0С\)  де каныккан суу буусунун басымы  1,4 кПа .

Варианты ответов
  • 840
  • 960
  • 1200
  • 1400
  • 1480
Вопрос 13

Көлөмү 83,1 м3 болгон бөлмөдөгү абанын 270С кезиндеги салыштырма нымдуулугу 50%. Бөлмөдөгү суу буусунун массасын тапкыла. 270С де каныккан суу буусунун басымы 3600 Па, суунун молдук массасы            

 0,018 кг/моль.

Варианты ответов
  • 1,08
  • 1,62
  • 2,16
  • 2,7
  • 3,24
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт