ЖРТ га даярдануу
Список вопросов теста
Вопрос 1
“Бир күнү, алдырар күнү жаздырар болуп, чал тоого мергенчилеп чыгып кетет”.
Бул сүйлөм тексттин кайсы бөлүгүнө туура келет?
Варианты ответов
- тексттеги ойдун башталышына
- тексттеги ойдун бүтүшүнө
- тексттеги ойдун аякташына
- тексттин негизги бөлүгүнө
Вопрос 2
“Таланттуу акындын өзү жок болсо да, анын ырлары ырдалып жана айтылып жүрөт. Чыныгы талант деген ушул”.
Бул сүйлөмдөр тексттин кайсы бөлүгүнө туура келет?
Варианты ответов
- тексттеги ойдун башталышына
- тексттеги ойдун өнүгүшүнө
- тексттеги ойдун аякталышына
- тексттин негизги бөлүгүнө
Вопрос 3
“Биргазандын терисинин алдында аба баштыкчалары бар, ошондуктан ал сууга чумкуй албайт. Бул куштардын тайыз жерлерде аң уулашы ошол себептен”.
Бул сүйлөмдөр стилдин кайсы түрүнө туура келет?
Варианты ответов
- көркөм стиль
- публицистикалык
- илимий стилге
- иш кагаздар стилине
Вопрос 4
Төмөндөгү сөз айкаштарынын кайсы варианты публицистикалык стилге мүнөздүү?
Варианты ответов
- ишеним көрсөтөмүн, талап кылынган жерге
- түз эфир, маселе козголду, суу түтүктөрүн оңдоо
- электр тогун өткөрүү, климатка көндүрүлөт
- чагылган үнү, мээримдүү сурады, тынчы жок мүнөз
Вопрос 5
Сүйлөмдөрдүн кептин ой жүгүртүү түрүнө мүнөздүүсүн аныктагыла.
Варианты ответов
- Анын бийиктиги алгач 40 мден кем эмес болгондугу айтылат.
- Али оозу жасала элек болгондуктан, куурчак үндөбөдү.
- Алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн бүткөндөй.
- Жайында көлмөлөрдөгү суунун өңү кээде жашыл болуп каларын, балким, байкагандырсыңар.
Вопрос 6
Текст болуш үчүн төмөнкү сүйлөмдөрдүн ырааттуулугу кандай жайгаштырылыш керек?
I. Долононун гүлдөрүнүн жыты жагымсыз, шагы тикендүү болот.
II. Долоно - жалгыздап кичирээк дарактай, же топтошуп ири бадал түрүндө өсүүчү өсүмдүк.
III. Ошентсе да, анын бутактарына кичинекей чымчыктар уя салат.
IV. Ал – негизинен, токой өсүмдүгү.
V. Аларды кызыктырган – дал ошол тикендер.
Варианты ответов
- II, IV, I, V, III
- I, IV, II, III, V
- I, III, V, IV, II
- II, IV, I, III, V
Вопрос 7
Лексика
“Кабылан” деген сөздүн түз маанисиндеги вариантын белгиле.
Варианты ответов
- Токоюн бойлоп байкасаң, кабылан, арстан, шери бар.
- Кабылан Манас баатырга катылам деп чабылган.
- Кабылан бекке тирешип, далай эрлер мерт болгон.
- “Ал, Кабылан, ал!” - деп кыйкыра, малдын алдын кайырган болду.
Вопрос 8
“Көз” деген сөздүн метафоралык жол менен пайда болгон вариантын аныкта.
Варианты ответов
- Көзүң ооруса, колуңду тый.
- “Көзүңдөн айланайын, көзүңдөн”, – деп жалбарса, жүрөгүң жибийт.
- Көз ачып-жумганча, алда кайда узап кетти.
- Асманда ала булут калкып, кезек-кезек күндүн көзүн далдалайт.
Вопрос 9
Варианттардан контексттик синонимдерди аныктагыла.
Варианты ответов
- Эне гана ушинте алмак жадабай, эртели-кеч баласына кам көрүп.
- Туулмак ак, өлмөк ак.
- Өбөр элем, өзүң эмес, апаке, Өңү сага кебетелеш арбакты
- Анан мен эмгекти терге окшоштура берчүмүн.
Вопрос 10
Төмөнкү мисалдардан табу сөздүү вариантты аныктагыла.
Варианты ответов
- Жайына кеткен кишинин керээзин аткаруу керек.
- Көрдүңбү, кичине бала, о дүйнө кеткен адамдын сөзүн угуу керек.
- Эмнесин айтасың, ажайып укмуштун баары Цейлондо.
- Мынчалык ачуу сөздөрдү өмүрү угуп көргөн эмесмин.
Вопрос 11
Орфография
Орфографиялык эрежелерге ылайык туура вариант?
Варианты ответов
- туралбайт, кенчи элең
- алдыңкы, үстүңкү, муруңку
- улгайыңкы, тунгуч, эртедир-кечтир
- күңгө карай, күштөр, раён
Вопрос 12
Сырттан кабыл алынган сөздөрдүн туура эмес варианты.
Варианты ответов
- колхоз, бөтөлкө, чиркөө
- сахна, абитуриент, чыт
- хирурк, шоссе, фелетон
- фельетон, абзац, каамыт
Вопрос 13
Татаал сөздөрдүн жазылышындагы туура вариант.
Варианты ответов
- Угубатам, мүчөкореспондент
- Көкөмерен, Чоң-Сары-Ой
- Суусамыр, бакажалбырак
- Агайын, Жалалабад
Вопрос 14
Кошумча ысымдары менен туура берилген вариант.
Варианты ответов
- Тоголок-Молдо
- Т. Чоро-Тегин
- Жаңыл Мырза
- Кадыраке
Вопрос 15
Орфографиялык эрежелерге ылайык туура вариант?
Варианты ответов
- “Манас” ордени
- Эл Агартуунун Отличниги
- Алыкул Осмонов атындагы Сыйлыктын Лауреаты
- Баатыр эне ордени
Вопрос 16
Грамматика
Алиги Абылдан ...... кабар жок.
Көп чекиттердин ордуна ылайыктуу бөлүкчөлөрдү койгула.
Варианты ответов
- бир; эч; көп
- эч; түк
- өтө; абдан
- дагы; да
Вопрос 17
“Менен” деген кызматчы сөздүн байламталык мааниси кайсы варитантта?
I. Акбара менен Ташчайнар үңкүргө келип калышы керек.
II. Анара менен келгени жакшы болду.
III. Сапар мышыгы менен көпкө убараланды.
IV. Анын мүнөзү жеңил, ошенткени менен эси бар.
Варианты ответов
- II, III
- I, II, III
- I гана
- I, IV
Вопрос 18
Модаль сөздөргө коюлуучу тыныш белгилердин туура варианты?
Варианты ответов
- Мүмкүн окуп калармын.
- Чоронун келип калышы мүмкүн эле.
- Окуучулардын, болжолу, туура чыгып калды.
- Буга анын, чамасы, жетпеди.
Вопрос 19
_____ , тамак болсо эле тыңып кетер элеңер.
Боштукка кайсы сырдык сөздөрдү коюуга болот?
Варианты ответов
- кап, атаганат
- ырак, бах
- капырай, кокуй
- ох, бали
Вопрос 20
Варианттардан атоочтук форманы аныктагыла.
Варианты ответов
- Балдар китеп окушкан.
- Акыл-насаат сөздөр көп айтылуучу.
- Жөнөөчү кишилер автобуска алда качан отурушкан.
- Ат аяган жер карар.
Вопрос 21
Мен улам Дүйшөндөр жакты карап жаттым.
Сүйлөмдөгү баш мүчөлөр
Варианты ответов
- Мен жаттым.
- Дүйшөндөр жакты.
- Дүйшөндөр карап жаттым.
- Мен карап жаттым.
Вопрос 22
Чыгыш жөндөмөлүү сөздөрдүн кыскарган варианты?
Варианты ответов
- Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт.
- Эмгек кылсаң жашыңан, дөөлөт кетпейт башыңан.
- Күлүктөр аламан байгеге чыгарылды.
- Тоо балынан өтеон дары жоктур.
Вопрос 23
Жандама мүчөлүү сүйлөмдү аныктагыла
Варианты ответов
- Узун бойлуу, кара тору аял Сабыржандын маңдайына отурду.
- Түлкүбектин айылы Үч-Ташка карай чубап келе жатат.
- Кожожаш мерген кийиктин эти менен бир айылды баккан экен.
- Шамбеттин алп денеси чымырап, жүрөгү кубанычта согот.
Вопрос 24
Райондун колхозчулары айрыкча тажрыйбалуу малчылар кийинки эки жылдын ичинде чоң ийгиликтерге жетишти.
Бул сүйлөмгө үтүр тыныш белгиси кайсы өзгөчөлүгү үчүн коюлушу керек?
Варианты ответов
- бир өңчөй мүчөлүү сүйлөм болгон үчүн
- чакчыл түрмөктүү сүйлөм болгон үчүн
- киринди сөздүү болгону үчүн
- обочолонгон түшүндүрмө мүчөлүү сүйлөм болгон үчүн
Вопрос 25
Пунктуация
Тыныш белгилери туура коюлган сүйлөмдөр.
Варианты ответов
- Рахмат сага, боордош жер!
- Рахмат, сага, боордош жер!
- Бах, чиркин табият кандай чебер, кандай устат!
- Алиман көтөр башыңды!..
Вопрос 26
Төл жана бөтөн сөздөргө коюлган тыныш белгилердин туурасы?
Варианты ответов
- “Адамдын сөзү – акылынын таразасы,” – деген макал араб элинде айтылат.
- Араб элинде: “Адамдын айткан сөзү өзүнүн акылынын таразасы,” – экендиги жөнүндө айтылган маанилүү макал бар.
- “Илимдин чегин,” – дейт Д. Менделеев: “алдын-ала билүүгө мүмкүн эмес”.
- “Илимдин чегин алдын-ала билүүгө мүмкүн,”- эместигин Д. Менделеев айтып кеткен.
Вопрос 27
Фразеологизмдер
Варианттардан фразеологизмди ажыраткыла.
Варианты ответов
- Ал ат тезегин кургатпай келип турат.
- Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
- Карга карганын көзүн чукубайт.
- Айланайын ала байтал, акылың болсо сууга чап.
Вопрос 28
“Отуруксуз” маанисин туюндурган фраезологизм?
Варианты ответов
- оту күйүшпөө
- ажыдаардын куйругун басып алуу
- күлү додо болбоо
- кабагына кар жааган
Вопрос 29
Арык бир заматта жылан сыйпагандай болуп калды.
Сүйлөмдөгү фразеологизмдин мааниси?
Варианты ответов
- жылан сойлоп кеткендей
- эч нерсе жок, тыптыйпыл
- дал өзүндөй болуу
- сес көрсөтүү
Вопрос 30
“Жан тартуу” деген туруктуу сөз айкашынын мааниси?
Варианты ответов
- кыйналуу, чаалыгуу
- аянбоо, колунда барын берүү
- колдоо, жактоо
- шашкалактоо, аракет кылуу