Меню
Тесты
Тесты  /  Астрономия  /  11 класс  /  Жер тибиндеги планеталар. Гигант планеталар. Астероиддер, метеориттер, кометалар

Жер тибиндеги планеталар. Гигант планеталар. Астероиддер, метеориттер, кометалар

Avatar
13.01.2026. Тест. Астрономия, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Бул тесте 20 суроо берилген. Бардык суроолорго так жана туура жооп берүүгө аракеттенебиз.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Төмөнкү планеталардын кайсы тобу Жер планетасынын тобуна кирет?

Варианты ответов
  • Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун
  • Марс, меркурий, Чолпон, ЖЕР
  • Марс, Юпитер, Чолпон, Уран
  • Ай, Нептун, Жер, Сатурн
Вопрос 2

Жер тибиндеги планеталардын негизги жалпы өзгөчөлүгү кайсы?

Варианты ответов
  • бардыгында шакекчелери бар
  • газдардан турат
  • беттери катуу жана тыгыздыгы жогору
Вопрос 3

Күн системасындагы эң ыссык планета кайсы жана эмне үчүн?

Варианты ответов
  • Меркурий, себеби Күнгө жакын
  • Марс, себеби анда темир кычкылы көп
  • Чолпон, себеби атмосферасындагы көмүр кычкыл газы парник эффектисин пайда кылат
  • Жер, себеби адамдар жашайт
Вопрос 4

Марс планетасынын беттик катмары эмне үчүн кызыл түстө көрүнөт?

Варианты ответов
  • Осүмдүктөр бар
  • топурагында темир кычкылы көп
  • атмосферасы кызыл түстү чагылдырат
Вопрос 5

Меркурий планетасында эмне үчүн атмосфера  дээрлик жок?

Варианты ответов
  • массасы аз болгондуктан
  • Күнгө өтө жакын болгондуктан
  • өтө тез айланат
Вопрос 6

Марстын эки табигый спутникери кайсылар?

Варианты ответов
  • Луна жана Харон
  • Ио жана Европа
  • Фобос жана Деймос
Вопрос 7

Төмөнкү планеталардын кайсылары гигант планеталар тобуна кирет?

Варианты ответов
  • Юпитер, Сатурн, Марс, Жер
  • Жер, Марс, Чолпон, Меркурий
  • Сатурн, Уран, Нептун, Юпитер
Вопрос 8

Гигант планеталардын негизги курамы кандай?

Варианты ответов
  • көмүр кычкыл газы жана азот
  • суутек жана гелий
  • темир жана никель
  • силикаттар жана тоо кендери
Вопрос 9

Күн системасындагы эң чоң планета кайсы?

Варианты ответов
  • Сатурн
  • Уран
  • Юпитер
Вопрос 10

Кайсы планетанын шакектери Жерден жакшы көрүнөт?

Варианты ответов
  • Юпитер
  • Нептун
  • Сатурн
Вопрос 11

"Муз гиганттары" на кайсы планеталар кирет?

Варианты ответов
  • Юпитер жана Сатурн
  • Уран жана Нептун
  • Сатурн жана Уран
Вопрос 12

Күн системасындагы эң чоң спутник- Ганимед кайсы планетага таандык?

Варианты ответов
  • Сатурн
  • Нептун
  • Юпитер
  • Уран
Вопрос 13

Гигант планеталардын ичинен кайсы планетанын өз огунда айлануусу дээрлик горизонталь сызыкта айланат?

Варианты ответов
  • Юпитер
  • Сатурн
  • Уран
Вопрос 14

Астероиддер негизинен Күн системасынын кайсы аймагында жайгашкан?

Варианты ответов
  • Нептун менен Урандын ортосунда
  • Юпитер менен Марстын ортосунда
  • Жер менен Марстын ортосунда
Вопрос 15

Жердин атмосферасына кирип, жарык чыгарган метеориттер кандай аталат?

Варианты ответов
  • кометалар
  • метеорлор
  • болиддер
Вопрос 16

Жерге чейин түшкөн асман телолорун эмне дейбиз?

Варианты ответов
  • болиддер
  • кометалар
  • метеориттер
Вопрос 17

Метеориттер  кандай болуп бөлүнүшөт?

Варианты ответов
  • темирлүү, темир- таштуу, таштуу
  • темирлүү, никелдүү, таш-темирлүү
  • кобольт, никелдүү, темирлүү
Вопрос 18

Кометанын куйругу кайсы тарапты көздөй багытталат?

Варианты ответов
  • Күндү карай
  • Күнгө карама каршы тарапты карай
  • Түндүк уюлду край
Вопрос 19

Галлей кометасы Күнгө канча жылда бир айланып келет?

Варианты ответов
  • 25жылда
  • 50жылда
  • 75жылда
  • 100жылда
Вопрос 20

Кайсы планеталардын жандоочулары жок?

Варианты ответов
  • Уран, Нептун
  • Меркурий, Чолпон
  • Марс, Меркурий
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт