Жалпы химия 2
Список вопросов теста
Вопрос 1
Коваленттик байланыш деп …..
Варианты ответов
- жалпы электрондук жуптардын пайда болушунун натыйжасында келип чыккан байланыш
- иондордун ортосундагы байланыш
- атомдордун ортосундагы байланыш
- молекулалардын ортосундагы байланыш
Вопрос 2
Белгилүү бир өлчөмдөгү эриткичти каныктырууга кеткен эриген заттын массалык санын эмне деп атайбыз?
Варианты ответов
- эригичтик
- нормалдуулук
- эритме
- концентрация
Вопрос 3
Эритмелерде электр тогун кайсыл бөлүкчөлөр өткөрөт?
Варианты ответов
- иондор
- атомдор
- молекулалар
- электрондор
Вопрос 4
Хром бирикмелеринде кандай окистенүү даражаларын көрсөтөт?
Варианты ответов
- +2,+3,+6,
- +3,+6
- +2, +6,
- +6
Вопрос 5
Марганец оксиди кислоталарда эрип кандай заттар алынат?
Варианты ответов
- MnO +2HCI =2 MnCI2+ H2O
- MnO +2HCI = MnCI2+H2 +O2
- MnO +2HCI = Mn (HO) 2 + CI2
- MnO +2HCI = Mn+H2O +CI2
Вопрос 6
1л эритмеде эриген заттын молунун саны.....?
Варианты ответов
- Молярдуулук
- Молялдуулук
- проценттик концентрация
- Нормалдуулук
Вопрос 7
Төмөндөгү ажыроо реакцияларынын кайсынысы кычкылдануу – калыбына келүү реакцияларына кирет?
Варианты ответов
- 2KClO3=2KCl+3KO2
- H2CO3= H2O+ CO2
- Сu (OH)2 =CuO+H2O
- NH4Cl=NH3+HCl
Вопрос 8
Төмөндөгүлөрдүн кайсылары начар электролиттер?
Варианты ответов
- Н2СO3, H2S, H2SiO3
- H2SO4, HCl
- H2SiO3, NaOH
- NH4OH, NaOH,
Вопрос 9
Туздардын грамм эквиваленти?
Варианты ответов
- алардын молекулалык массасын металл атомунун саны менен анын валенттүүлүгүнүн көбөйтүндүсүнө болгондон кийинки грамм менен берилген сан.
- анын молекулалык массасын металл менен орун алмашкан суутектин атомунун санына бөлүп табышат
- атомдук массасын валенттүүлүгүнө бөлүп табышат
Вопрос 10
Эритмедеги Na+ натрий иондору 4,6 г болсо, натрий сульфаты (100% диссоциацияланганда) канча моль болуш керек
Варианты ответов
- 0,1 моль
- 0,2 моль
- 1 моль
- 2 моль
Вопрос 11
20г натрийдин гидроксиди (NaOH) туз кислотасы менен өз ара аракеттенишкенде канча грамм аш тузу пайда болот?
Варианты ответов
- 29,25
- 25,29
- 22,29
Вопрос 12
Төмөндөгу кошулуу реакцияларынын кайсынысы кыкылдануу – калыбына келүү реакцияларына кирет?
Варианты ответов
- 2NO+O2=2NO2
- CaO+H2O=Ca(OH)2
- Na2O + CO2 = Na2CO3
- SO2+ H2O= H2SO3
Вопрос 13
Натрийдин туз кислотасы менен аракеттенгендеги реакцияда калыбына келтиргич:
Варианты ответов
- натрий
- суутек
- хлор
- кычкылтек
Вопрос 14
Төмөндөгүлөрдүн кайсылары күчтүү электролиттер?
Варианты ответов
- KOH, NaOH, H2SO4
- H2СO3, H2S
- H2SiO3
- NH4OH, H2СO3
Вопрос 15
Марганец бирикмелеринде кандай кычкылдануу даражаларын көрсөтөт?
Варианты ответов
- +1 ден +7ге чейин
- +3 ден +7ге чейин
- +1 ден +5ге чейин
- +2 ден +3ге чейин
Вопрос 16
Төмөндөгү реакцияда марганецтин кычкылдануу даражасы канчадан канчага өзгөрдү?
HCl + KMnO4 = KCl + MnCl2 + Cl2 + 2H2O
Варианты ответов
- +7ден +2ге
- +4тон -2ге
- +3тон +5ке
Вопрос 17
Жез бирикмелеринде кандай кычкылдануу даражаларын көрсөтөт?
Варианты ответов
- +1, +2 кычкылдануу даражаларын көрсөтөт
- +1 кычкылдануу даражаларын көрсөтөт
- +1, +3 кычкылдануу даражаларын көрсөтөт
- +2 кычкылдануу даражаларын көрсөтөт
Вопрос 18
КMnO4+FeSO4 +H2SO4 = MnSO4+Fe2(SO4 )3+H2O кайсыл элементтердин кычкылдануу даражалары өзгөрөт?
Варианты ответов
- марганец, темир
- темир, күкүрт
- суутек, кычкылтек
- марганец, кычкылтек
Вопрос 19
Айлана-чөйрөнүн таасиринен металлдардын өз алдынча бузулуу процесси эмне деп аталат?
Варианты ответов
- коррозия
- күйүү
- электролиз
- калыбына келүү
Вопрос 20
Жез, күмүш, алтын металлдардын чыңалуу катарында суутектен кийин тургандыктан суу, суюлтулган кислоталар менен реакцияга кирип .... затты пайда кылат.
Варианты ответов
- реакцияга киришпейт
- сууну пайда кылат
- суутекти сүрүп чыгарат
- суутекти, кычкылтекти бөлүп чыгарат
Вопрос 21
Эки же андан ашык компоненттерден турган бир тектүү гомогендик система?
Варианты ответов
- эритмелер
- гидролиз
- эригичтик
- концентрация
Вопрос 22
1мл эритмедеги эриген заттын грамм саны эмне деп аталат?
Варианты ответов
- титр
- молярдуулук
- молялдуулук
- проценттик концентрация
Вопрос 23
Эриткичтин таасири менен электролиттердин иондорго ажыроо процесси электролиттик диссоциация деп аталат. Электролиттик диссоциация теориясына негиз салуучу окумуштуну көрсөткүлө?
Варианты ответов
- С.Аррениус
- Д.И.Менделеев
- И.В.Каблуков
- В.А.Кистяковский
Вопрос 24
Реакциянын керексиз багытын акырындаткан заттар?
Варианты ответов
- ингибиторлор
- катализаторлор
- терс катализаторлор
Вопрос 25
100г эритмеде эриген заттын грамм менен алынган саны эмне деп аталат?
Варианты ответов
- Проценттик концентрация
- Молялдуулук
- Молярдуулук
- Нормалдуулук
Вопрос 26
Химиялык реакциянын жүрүү процессинде атому же иону электронун берген заттар кандай аталат?
Варианты ответов
- кычкылдандыргыч
- калыбына келтиргич
- кычкылдануу калыбына келүү
- кычкылдануу
Вопрос 27
Туздардын гидролизи канча жол менен жүрөт жана кандай болуп?
Варианты ответов
- 3; күчтүү негиз менен начар кислота, начар негиз менен начар кислота жана күчтүү кислота менен начар негиздин ортосунда жүрөт
- 4; күчтүү негиз менен начар кислота, күчтүү негиз менен күчтүү кислота, начар негиз менен начар кислота жана күчтүү кислота менен начар негиздин ортосунда жүрөт
- күчтүү негиз менен начар кислота, күчтүү кислота менен күчтүү негиз жана күчтүү кислота менен начар негиздин ортосунда жүрөт
- 2; күчтүү негиз менен начар кислота жана күчтүү кислота менен начар негиздин ортосунда жүрөт
Вопрос 28
Кислоталардын грамм эквиваленти?
Варианты ответов
- анын молекулалык массасын металл менен орун алмашкан суутектин атомунун санына бөлүп табышат
- атомдук массасын валенттүүлүгүнө бөлүп табышат
- алардын молекулалык массасын металл атомунун саны менен анын валенттүүлүгүнүн көбөйтүндүсүнө болгондон кийинки грамм менен берилген сан.
- алардын молекулалык массасын гидроксид тобунун массанына бөлүп табышат
Вопрос 29
Электролиттик диссоциация даражасына кандай шарттар таасир этет?
Варианты ответов
- эриткич, электролит, температура
- эриткич, электролит
- электролиттин жаратылышы
- эриткичтин жаратылышы
Вопрос 30
Кандай заттар электролиттер деп аталат?
Варианты ответов
- эритмелери жана балкыган эритиндилери электр тогун өткөргөн заттар
- электр тогун өткөргөн заттар
- сууда эригенде иондорго ажыраган заттар
- он кычкылдануу даражасын көрсөтсө


