Жалпы физика курсун окуган студенттер учун арналат
Список вопросов теста
Вопрос 1
Берилген маселеде өлчөмүн эсепке албай коюуга мүмкүн болгон бардык нерселер….деп аталат.
Варианты ответов
- узундук
- траектория
- материалдык чекит
- инерция
Вопрос 2
Убакыт бирдигинде өтүлгөн жол менен мүнөздөлүүчү чоңдук –бул:
Варианты ответов
- ылдамдык
- ылдамдануу
- күч
- импульс
Вопрос 3
Эгерде убакыт бирдигинде ылдамдык вектору бирдей чоңдукка чоңойсо, анда мындай кыймыл … деп ата
Варианты ответов
- жылуулук кыймылы
- түз сызыктуу
- бир калыпта ылдамдатылган
- бир калыпта акырындатылган
Вопрос 4
Убакыт бирдиги ичинде ылдамдык векторунун өзгөрүшү -бул
Варианты ответов
- 1.жол
- которулуш
- ылдамдык
- ылдамдануу
Вопрос 5
Бурулуу бурчунун, ошол бурулуу болуп откон убакытка болгон катышы менен ченелуучу чондук –бул.
Варианты ответов
- ылдамдык
- которулуш вектору
- бурчтук ылдамдык
- механикалык жумуш
Вопрос 6
Эгерде телого сыртан күч аракет этпесе, же аракет эткен күчтөр бири-бирин компенсациялашса, анда тело тынч абалын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймылын сактайт –бул:
Варианты ответов
- Ньютондун 2- закону
- Ньютондун 1-закону
- Ньютондун 3-закону
- Кулондун закону.
Вопрос 7
Телонун инерттүүлүгүн аныктаган физикалык чондук
Варианты ответов
- импульс
- энергия
- инерция
- масса
- жумуш
Вопрос 8
Телонун массасынын анын ылдамдыгына болгон көбөйтүндүсү менен аныкталган физикалык чондук-
Варианты ответов
- импульс
- энергия
- жумуш
- ылдамдык
Вопрос 9
Телолордун оз ара аракеттенишкенге чейинки импульстарынын суммасы арекеттенишкенден кийинки импульстарынын суммасына барабар-бул;
Варианты ответов
- энергиянын сакталуу закону
- импульстун сакталуу закону
- инерция закону
- .Ньютондун закону
Вопрос 10
Телонун жерге тартылуусунун натыйжасында асмага же таянычка аракет эткен күчү -бул;
Варианты ответов
- масса
- тыгыздык
- энергия
- салмак
Вопрос 11
Мезгил-мезгили менен кайталануучу кыймылдар … деп аталат .
Варианты ответов
- резонанс
- термелүүлөр
- жылуулук кыймылы
- импульс
Вопрос 12
Созулбас жана салмаксыз жипке илинген материалдык чекит….деп аталат.
Варианты ответов
- физикалык маятник
- резонанс
- математикалык маятник
- автотермелүү
Вопрос 13
Молекулалык физика предмети…
Варианты ответов
- жылуулук кубулуштарды жана заттардын жылуулук касиеттерин окуп үйрөтөт.
- электромагниттик толкундардын касиеттерин окуп үйрөтөт.
- механиканын негизги маселесин чечет.
- элементардык бөлүкчөлөрдүн толкундук касиеттерин үйрөтөт.
Вопрос 14
Идеалдуу газ – бул …
Варианты ответов
- ички энергияны эске албай коюуга мүмкүн болгон газ
- молекулалардын кинетикалык энергиясын эске албай коюуга мүмкүн болгон газ
- молекулалардын өз ара аракеттенишүү энергиясын эске албай коюуга мүмкүн болгон газ
- кошулмалары жок газ
Вопрос 15
Изотермикалык процесс деп … процесс аталат.
Варианты ответов
- системанын температурасы өзгөрбөй жүрүүчү;
- температура бир калыпта төмөндөгөн;
- сырткы чөйрө менен жылуулук алмашпай турган;
- температуранын басымга болгон катышы турактуу болгон;
Вопрос 16
Элементардык заряд деп … айтабыз.
Варианты ответов
- чекиттик бирдик оң зарядды
- элементардык бөлүкчөлөрдүн эң кичине оң зарядын
- элементардык бөлүкчөлөрдүн эң кичине терс зарядын
- элементардык бөлүкчөлөрдүн эң кичине бөлүнбөс оң же терс зарядын