Жалпы биология.(11-кл)
Список вопросов теста
Вопрос 1
18-кылымда "Жердеги тиричилик түбөлүктүү эмес,ал акырындык менен калыптанган" - деген гипотеза кимге таандык?
Варианты ответов
- Карл Линей
- Кант-Лаплас
- Чарльз Дарвин
Вопрос 2
8000ден ашык өсүмдүк түрлөрүнаныктап,бир түрдөштүк терминологиясына айкын түшүнүк берип,тартипке салган окумуштуу.
Варианты ответов
- Чарльз Лайель
- Жорж Кювье
- Карл Линей
Вопрос 3
"Зоология философиясы"-деген эмгек кимге таандык?
Варианты ответов
- Жан Батист Ламарк
- Альфред Уоллес
- Теофраст
Вопрос 4
Жарык көргөнүнө 150 жылдан ашса да,азыркы табият жөнүндөгү илимдерден толуктоолорду гана алып келе жаткан эволюциялык окуу кимге таандык?
Варианты ответов
- Жан Батист Ламарк
- Чарльз Лайель
- Чарльз Дарвин
Вопрос 5
Дарвиндин "түр туруктуу-ал өзгөрбөйт"-деген көз караштан өзгөргүчтүктүн тез жүрүшүн ө ынанышына эмне себеп болду?
Варианты ответов
- өзүнүөн мурунку окумуштуулардын эмгектери менен таанышуусу
- "Бигл"-корабли менен дүйнөгө саякатка чыгышы
- Кембридж университетинин окумуштууларынын таасири
Вопрос 6
Бир түрдүн жандыктарынын арасында айырмалардын келип чыгуу процесси эмне деп аталат?
Варианты ответов
- тукум куучулук
- өзгөргүчтүк
- табигый тандоо
Вопрос 7
Организмдердин бардыгынын дене түзүлүшүнүн жана өөрчүшүнүн белгилерин укумдан-тукумга сактоочу жана өткөрүп берүүчү жалпы касиети эмне деп аталат?
Варианты ответов
- өзгөргүчтүк
- табигый тандоо
- тукум куучулук
Вопрос 8
Казылып алынуучу организмдер жөнүндөгү илим эмне деп аталат?
Варианты ответов
- палеонтология
- эмбриология
- зоология
Вопрос 9
Түзүлүш планы бир,жаныбар денесинен бирдей орун алган, түйүлдүктүн окшош башталмасынан өөрчүгөн органдар эмне деп аталат?
Варианты ответов
- гомологиялык органдар
- эволюциялык окшоштук
- окшош жаныбарлар
Вопрос 10
Түпкү тегинин белгилеринин кайталанышы эмне деп аталат?
Варианты ответов
- рудименттер
- атавизм
- мутация


