Турактуу электр тогунун закондору - 7
Список вопросов теста
Вопрос 1
р-тибиндеги жарым өткөргүчтөрдө негизги зарядды алып жүрүүчүлөр ... болуп саналат.
Варианты ответов
- оң иондор
- терс иондор
- көзөнөкчөлөр
- электрондор
- позитрондор
Вопрос 2
Жарым өткөргүчтөрдүн каршылыгынын температурадан көз карандылыгын кайсы график көрсөтөт? 
Варианты ответов
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
Вопрос 3
Жарым өткөргүчтү жарыктандырганда чынжырдагы ток күчүнүн өсүшү ... менен түшүндүрүлөт.
Варианты ответов
- зарядды алып жүрүүчүлөрдүн концентрациясынын өсүшү
- рекомбинация ылдамдыгынын көбөйүшү
- көлөмдүк заряддын пайда болушу
- электрондордун эмиссиясы
Вопрос 4
Жарым өткөргүчтөрдүн каршылыгы температурадан кандай көз каранды?
Варианты ответов
- Сызыктуу, түз пропорциялаш
- Сызыктуу, тескери пропорциялаш
- Сызыктуу эмес, тескери пропорциялаш
- Сызыктуу эмес, түз пропорциялаш
- Жарым өткөргүчтөрдүн каршылыгы температурадан көз каранды эмес
Вопрос 5
Өздүк жарым өткөргүчтөрдүн өткөрүмдүүлүгү эмнеден көз каранды? Туура аныктамаларды тапкыла.
Варианты ответов
- Температурадан жана чөйрөнүн диэлектрдик өтүмдүүлүгүнөн.
- Рентген нурдануусунун интенсивдүүлүгүнөн жана жарыктаныштан.
- Электомагниттик нурдануунун интенсивдүүлүгүнөн жана температурадан
- Ультра кызгылт көк нурдануусунун интенсивдүүлүгүнөн жана чөйрөнүн магнит өтүмдүүлүгүнөн
- Механикалык таасирлерден жана электромагниттик нурдануунун интенсивдүүлүгүнөн
Вопрос 6
Эгерде германийге кошунду катары беш валенттүү мышьяктын атомун киргизсек, анда жарым өткөргүчтө кандай түрдөгү өткөрүмдүүлүк пайда болот? Германийдин атомдору төрт валенттүү. Туура аныктамаларды тапкыла.
Варианты ответов
- көзөнөктүк
- n-түрүндөгү
- p-түрүндөгү
- электрондук
- акцептордук
Вопрос 7
Өздүк (кошулмасыз) өткөрүмдүүлүккө ээ болгон жарым өткөргүчтө электрондордун n жана көзөнөкчөлөрдүн р концентрацияларынын катышы кандай?
Варианты ответов
- n > р
- n = р
- n < р
- р = 0, n ≠ 0
- р ≠ 0, n = 0
Вопрос 8
Донордук кошулмасы бар жарым өткөргүчтөрдө ... саны өсөт.
Варианты ответов
- көзөнөкчөлөрдүн
- эркин позитрондордун
- эркин нейтрондордун
- эркин электрондордун
- эркин протондордун
Вопрос 9
Акцептордук кошулмасы бар жарым өткөргүчтөрдө ... саны өсөт.
Варианты ответов
- көзөнөкчөлөрдүн
- эркин позитрондордун
- эркин нейтрондордун
- эркин электрондордун
- эркин протондордун
Вопрос 10
Эгерде кремнийге (кремнийдин атомдору төрт валенттүү) кошунду катары үч валенттүү бордун атомдорун киргизсек, анда кандай түрдөгү жарым өткөргүч пайда болот? Туура аныктамаларды көрсөткүлө.
Варианты ответов
- электрондук
- көзөнөктүк
- n-түрүндөгү
- р-түрүндөгү
- донордук
Вопрос 11
Транзистор ... n-р өтмөгүнө ээ.
Варианты ответов
- бир
- эки
- үч
- төрт
Вопрос 12
р-n өтмөгү аркылуу ток өтүш үчүн аны ток булагына кандай туташтыруу зарыл? Туура схемаларды көрсөткүлө.

Варианты ответов
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
Вопрос 13
р-n өтмөгүндөгү контакттык талаанын багыты жана кош электрдик катмардын белгилери кайсы сүрөттө туура көрсөтүлгөн ?

Варианты ответов
- а
- б
- в
- г
- д
Вопрос 14
Сүрөттө көрсөтүлгөн схема үчүн туура аныктамаларды тапкыла.

Варианты ответов
- n тибиндеги жарым өткөргүчтө р-n өтмөгүнүн чегиндеги электрлешкен катмар терс заряддалган
- р тибиндеги жарым өткөргүчтө р-n өтмөгүнүн чегиндеги электрлешкен катмар оң заряддалган
- n тибиндеги жарым өткөргүчтө р-n өтмөгүнүн чегиндеги электрлешкен катмар оң заряддалган
- р-n өтмөгү токту өткөрөт
- р-n өтмөгү токту өткөрбөйт


