Турактуу электр тогунун закондору - 2
Список вопросов теста
Вопрос 1
Өткөргүчтөрдү жарыш туташтырганда бардык өткөргүчтөрдө ... бирдей болот.
Варианты ответов
- ток күчү I
- чыңалуу U
- IU көбөйтүндүсү
- I/U катышы
Вопрос 2
Чынжырдын жалпы электрдик каршылыгын аныктагыла. Анын схемасы сүрөттө көрсөтүлгөн. Мында R1 = R2 = R3 = 2 Ом.

Варианты ответов
- 2/3 Ом
- 3/4 Ом
- 4/3 Ом
- 3/2 Ом
- 6 Ом
Вопрос 3
Өткөргүчтөрдү удаалаш туташтырууда бардык өткөргүчтөрдөгү ..... бирдей болот.
Варианты ответов
- ток күчү I
- чыңалуу U
- IU көбөйтүндүсү
- I/U катышы
Вопрос 4
Туура аныктоолорду тапкыла.
Варианты ответов
- Өткөргүчтөрдү удаалаш туташтырган учурда алардагы токтун чондугу бирдей: I1 = I2 = ... = In
- Өткөргүчтөрдү жарыш туташтырган учурда бардык өткөргүчтөрдөгү чыңалуу бирдей: U1 = U2 = ... = Un
- Өткөргүчтөрдү удаалаш туташтырган учурда жалпы ток ар бир өткөргүчтөрдөгү токтордун суммасына барабар: I = I1 + I2 + ... + In
- Өткөргүчтөрдү жарыш туташтырган учурда биринчи өткөргүчтүн башталышы жана акыркы өткөргүчтүн аяккы учтарынын ортосундагы жалпы чыңалуу ар бир өткөргүчтөгү чыңалуулардын cуммасына барабар: U = U1 + U2 + ... + Un
- Өткөргүчтөрдү жарыш туташтырган учурда жалпы ток ар бир өткөргүчтөгү токтордун суммасына барабар: I = I1 + I2 + ... + In
Вопрос 5
Чоңдугу R = 2,5 Ом болгон жалпы каршылыгын алуу үчүн
R1 = R2 = R3 = R4 = 1Ом каршылыктарын (сүрөттү кара) кандай схема менен туташтыруу зарыл?

Варианты ответов
- а
- б
- в
- г
- д
Вопрос 6
Эгерде ички каршылыгы 1 кОм болгон вольтметрге каршылыгы 9 кОм болгон кошумча каршылыкты удаалаш кошсок, анын көрсөтүүсү кандайча өзгөрөт?
Варианты ответов
- 9 эсе жогорлулайт
- 9 эсе төмөндөйт
- 10 эсе жогорулайт
- 10 эсе төмөндөйт
- өзгөрбөйт
Вопрос 7
Каршылыктары R1 = R2 = R3 = R4 = R5 = R6 = 1 Ом болгон өткөргүчтөр чынжырда сүрөттө көрсөтүлгөндөй схемада туташтырылса, анда бул өткөргүчтөрдүн жалпы каршылыгын тапкыла.

Варианты ответов
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
Вопрос 8
Бирдей каршылыктагы эки өткөргүч ток булагына бир жолу удаалаш, кийинкисинде жарыш туташтырылат. Кайсы учурда көп жылуулук саны бөлүнүп чыгат жана канча эсе?
Варианты ответов
- удаалаш, 4 эсе
- жарыш, 2 эсе
- удаалаш, 2 эсе
- жарыш, 4 эсе
- удаалаш, 3 эсе
Вопрос 9
Күчү 25 мА ден ашпаган токту өлчөөгө ылайыкталган амперметрди 1 А ге чейинки токту өлчөөгө колдонуу үчүн, ага кандай шунтту туташтыруу зарыл? Амперметрдин ички каршылыгы 1 Ом го барабар. Жообун мОм менен бергиле.
Варианты ответов
- 12
- 26
- 37
- 48
- 60
Вопрос 10
Эгерде шунтталган амперметр 1 А ге чейинки токтун күчүн өлчөй алса, анда шунту жок ушул эле амперметр өлчөй алчу токтун эң жогорку маанисин тапкыла. Шунттун каршылыгы 0,1 Ом, ал эми амперметрдин ички каршылыгы 1 Ом го барабар.
Варианты ответов
- 0,1
- 0,2
- 0,3
- 0,4
- 0,5
Вопрос 11
Сүрөттө өткөргүчтөр кандай туташтырылган? R1, R2, R3 өткөргүчтөрүн бири бирине туташтыруучу өткөргүчтөрдүн каршылыгын эсепке албагыла.

Варианты ответов
- R1, R2, R3 өз ара жарыш
- R1, R2, R3 өз ара удаалаш
- R1, R2, удаалаш, R3 жарыш R1, R2 ге
- R2, R3 удаалаш, R1 жарыш R2, R3 кө
- R1, R3 удаалаш, R2 жарыш R1, R3 кө


