Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  10 класс  /  Турактуу электр тогунун закондору - 1

Турактуу электр тогунун закондору - 1

Avatar
09.11.2023. Тест. Физика, 10 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Электр тогу. Ток күчү. Чынжырдын бөлүгү үчүн Ом закону. Өткөргүчтөрдүн каршылыгы темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Электр тогу өтүп жаткан өткөргүчтүн ички энергиясы өзгөрөбү?

Варианты ответов
  • чоңоет
  • азаят
  • өзгөрбөйт
  • эч кандай байланыш жок
Вопрос 2

Эгерде t = 20 с убакыт ичинде өткөргүчтүн туура кесилиши аркылуу 200 Кл заряд агып өтсө, анда бул кесилиштин аянтын тапкыла. Токтун тыгыздыгы j = 2 МА/м2 барабар. Жообун мм2 менен бергиле.

Варианты ответов
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Вопрос 3

Эгерде лампочка күйүп кетсе вольтметрдин көрсөтүүсү өзгөрөбү?

Варианты ответов
  • чынжыр ачык, вольтметрдин көрсөтүүсү 0
  • мурдагыдан аз чыңалууну көрсөтөт
  • мурдагыдан чоң чыңалууну көрсөтөт
  • вольтметр ток күчүн көрсөтөт
Вопрос 4

Өткөргүчтүн кесиндисин тең экиге бөлүп, кесиндилерди жарыш туташтырышты. Бул учурда өткөргүчтүн каршылыгы ....

Варианты ответов
  • 4 эсе азайды
  • 2 эсе азайды
  • өзгөргөн жок
  • 2 эсе көбөйдү
  • 4 эсе көбөйдү
Вопрос 5

Сүрөттөгү вольтметрлердин кайсынысы чоң чыңалууну көрсөтөт?

Варианты ответов
  • V1 вольтметри
  • V2 вольтметри
  • V2 вольтметри V1 вольтметринен 2 эсе чоң чыңалууну көрсөтөт
  • Эки вольтметр тең бирдей чыңалууну көрсөтөт.
  • V2 вольтметри V1 вольтметринен 2 эсе аз чыңалууну көрсөтөт
Вопрос 6

Электр чынжыры ички каршылыгы 2 Ом болгон ток булагынан жана каршылыгы 12 Ом болгон керектөөчүдөн түзүлгөн. Ток булагынын ЭКК канчага барабар? Чынжырдагы ток күчү 6А.

Варианты ответов
  • 72 В
  • 12 В
  • 84 В
  • 60 В
  • 36 В
Вопрос 7

Каршылыгы 1 Ом болгон өткөргүчтү узунунан 3 эсеге чоюшту. Анын каршылыгы ... барабар болуп калды.

Варианты ответов
  • 9 Ом
  • 6 Ом
  • 3 Ом
  • 1 Ом
  • 5 Ом
Вопрос 8

R1 = 2 Ом жана R2 = 4 Ом каршылыктары өз ара жарыш туташтырылган. Эгерде чыңалууну турактуу кармап, бул өткөргүчтөрдү өз ара удаалаш туташтырсак, анда участоктогу токтун күчү кандай өзгөрөт?

Варианты ответов
  • 2,5 эсе чоңоет
  • 4,5 эсе чоңоет
  • 2,5 эсе азаят
  • 4,5 эсе азаят
  • өзгөрбөйт
Вопрос 9

Жез өткөргүчүнүн 150 С температурадагы каршылыгы 10 Ом го барабар. Ток өткөргөндөн кийин анын каршылыгы 1,2 эсеге чоңойду. Өткөргүч кандай температурага чейин ысыды? (жез үчүн каршылыктын температуралык коэффициенти  \(\alpha=4,15\cdot10^{-3}\ С^{-1}\ ,\ \ \) , жездин салыштырма каршылыгы  \(\rho=1,7\cdot10^{-8}\ Ом\cdotм\) )

Варианты ответов
  • \(50^0\)

  • \(58^0\)

  • \(66^0\)

  • \(70^0\)

  • \(76^0\)

Вопрос 10

Эгерде темир өткөргүчүнүн температурасын 200 С ден 2000 С ге чейин жогорулатсак, анда өткөргүчтөгү токтун күчү канча эсеге азаят? (темир үчүн каршылыктын температуралык коэффициенти  \(\alpha=6\cdot10^{-3}\ С^{-1}\ ,\)  темирдин салыштырма каршылыгы  \(\rho=8,7\cdot10^{-8}\ Ом\cdotм\) )

Варианты ответов
  • 0,5
  • 1
  • 1,5
  • 2
  • 2,5
Вопрос 11

Эгерде жез өткөргүчүнүн температурасын 800 градуска жогорулатсак, анда анын каршылыгы канчага өзгөрөт? Өткөргүчтүн  00С температурасындагы каршылыгы 100 Ом. (жез үчүн каршылыктын температуралык коэффициенти  \(\alpha=4,15\cdot10^{-3}\ С^{-1}\ ,\)  жездин салыштырма каршылыгы  \(\rho=1,7\cdot10^{-8}\ Ом\cdotм\) )

Варианты ответов
  • 18,4
  • 25,1
  • 33,2
  • 38,8
  • 45,5
Вопрос 12

Биринчи жана экинчи вольтметрдин көрсөтүүсү, тиешелүү түрдө, 1,5 жана 3 В. Чынжырдагы ток күчү  0,5 А. Эгерде реостаттын ползуногун (жылуучу контагын) солго жылдырсак, приборлордун көрсөтүүсү кандай өзгөрөт? 

Варианты ответов
  • V1 вольтметрдин көрсөтүүсү азаят, V2 чоңоет.
  • вольтметрлердин көрсөтүүсү өзгөрбөйт.
  • вольтметрлердин көрсөтүүсү чоңоет.
  • V1 вольтметриники азаят, V2 өзгөрүүсүз калат
Вопрос 13

Эгерде туура кесилишинин аянты S=0,15 мм2 болгон темир өткөргүчтүн ичиндеги электрондордун ар бирине электр талаасы тарабынан  \(F=5\cdot10^{-20}\ H\)   күчү таасир этсе, анда өткөргүчтөгү токтун күчүн тапкыла (темирдин салыштырма каршылыгы  \(\rho=8,7\cdot10^{-8}\ Ом\cdotм\) ).

Варианты ответов
  • 0,1
  • 0,54
  • 1,5
  • 2
  • 2,55
Вопрос 14

Вольфрам зымдуу лампочканын 200С температурадагы каршылыгы    2 Ом, кызыган учурдагысы 16,6 Ом. Лампанын зымынын температурасы кандай болот?    Вольфрам үчүн каршылыктын температуралык коэффициенти  \(\alpha=4,2\cdot10^{-3}\ град^{-1}\) .

Варианты ответов
  • \(t_2=1000^0\ C\)

  • \(t_2=1900^0\ C\)

  • \(t_2=560^0\ C\)

  • \(t_2=890^0\ C\)

  • \(t_2=1200^0\ C\)

Вопрос 15

Эгерде жез өткөргүчүнүн диаметри 1 мм, ал эми массасы 2 кг барабар болсо, анда бул өткөргүчтүн каршылыгын тапкыла.    Жездин тыгыздыгы 8600 кг/м3 (жездин салыштырма каршылыгы  \(\rho=1,7\cdot10^{-3}\ Ом\cdotм\) ).

Варианты ответов
  • 5
  • 6,3
  • 7,5
  • 8,6
  • 9,8
Вопрос 16

Ток булагына туташтырылган вольтметр 100 В чыңалууну көрсөтөт. Эгерде чынжырга чоңдугу 500 Ом болгон кошумча каршылыкты туташтырсак (сүрөттү кара), анда вольметр 80 Вту көрсөтүп калат. Вольтметрдин ички каршылыгын тапкыла.

Варианты ответов
  • 500
  • 1000
  • 1500
  • 2000
  • 2500
Вопрос 17

Эгерде темир зымынын каршылыгы 10 Ом, ал эми массасы 2 кг болсо, анда бул зымдын туура кесилишинин аянтын тапкыла. Темирдин тыгыздыгы 7900 кг/м3. Жообун мм2 менен бергиле (темирдин салыштырма каршылыгы \(\rho=8,7\cdot10^{-8}\ Ом\cdotм\) ).

Варианты ответов
  • 0,5
  • 1
  • 1,5
  • 2
  • 2,5
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт