Тил адабият тести 2
Список вопросов теста
Вопрос 1
Сөздөрдүн өтмө көп маанилүүлүгү сөздүн кайсы маанисинен пайда болот
Варианты ответов
- Синонимдердин
- Сөздөрдүн маанисинин өзгөрүшүнөн
- Сөздүн түпкү маанисинен
Вопрос 2
Сөздүн өтмө маанисин кандай түшүнөсүң?
Варианты ответов
- Бир эле сөздүн бир нече мааниге ээ болушун
- Сөздөрдүн бири-биринен айырмалап, жалпылап көрсөткөн маанини
- Сөздүн конкреттүү маанисин
- Сөздөрдүн тике маанисинен башка эмоционалдык же контексттеги да мааниде колдонулушун
Вопрос 3
Журт айдоодо жүргөн күнүн эскеришип, Токтогулду аяшты.
-О, кайран булбул, асыл булбул! Нени баштан өткөрбөдү. Сүйлөмдөгү "булбул"деген сөз кайсы мааниде колдонулган?
Варианты ответов
- Тике мааниде
- Өтмө мааниде
- Синоним катары
- Көп маанилүү сөз катары
Вопрос 4
Сөздун көп маанилүүлүгү деген эмне?
Варианты ответов
- Тыбыштык составы ар башка, бирок бир эле түшүнүктү билдирүүчү маанилеш сөздөр
- Тыбыштык түзүлүшү бирдей, бирок мааниси ар башка сөздөр
- Бир эле сөздүн бир нече мааниге ээ болушу
- Бир сөз түркүмүндөгү карама-каршы мааниде колдонулуучу, бирок бири-бирине салыштырмалуу маанидеги сөздөр
Вопрос 5
Кыймыл-аракетти заттын белгиси катарында көрсөтүп, этиштик касиетке да, атооч сымал касиетке да ээ болгоп турган этиш сөздөр кандай деп аталат?
Варианты ответов
- Атоочтуктар
- Чакчылдар
- Кыймыл атоочтор
- Мамиле этиштер
Вопрос 6
Кайсы сүйлөмдө атоочтук заттык мааниде колдонулду?
Варианты ответов
- Көп жашаган адам билбейт.
- Көптү көргөн адам билет.
- Отургандар сууну көздөй басышты.
- Арстан алганына кубанбайт.
Вопрос 7
Курбумдун минтип кара күчкө жаракөрлөнгөнү мага анча жакан жок. Асты сызылган атоочтук түрмөк кайсы сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарды?
Варианты ответов
- Бышыктоочтук
- Аныктоочтук
- Баяндоочтук
- Ээлик
Вопрос 8
Кыймыл атоочторду кайсы мүчөлөр уюштурат?
Варианты ответов
- -оо,-уу,-мак
- -ып,-а,-й
- - ганча, -гыча,- майынча
- - са, -луу,-ла
Вопрос 9
Кыймыл атоочтор сүйлөмдө кандай милдет аткарат?
Варианты ответов
- Аныктоочтук, баяндоочтук, тактоочтук
- Толуктоочтук, бышыктоочтук, ээлик
- Зат атоочтук, чакчылдык, атоочтук
- Эч кандай милдет аткарбайт
Вопрос 10
Бир өңчөй мүчө деген эмне?
Варианты ответов
- Грамматикалык формасы бирдей, бирок синтаксистик функциясы ар башка сөздөр
- Бири-бирине багыныңкы байланышта болуп, синтаксистик функциясы бирдей сөздөр
- Формасы ар башка болгону менен, синтаксистик функциясы бирдей сөздөр
- Формасы бирдей, бирдей милдет аткарган, өз ара тең байланышта туруп, сүйлөмдүн бир гана мүчөсү менен байланыштуу сөздөр
Вопрос 11
Бир өңчөй мүчөлөрдү байланыштыруучу каражаттар кайсылар?
Варианты ответов
- Үтүр белгиси
- Байламталар
- Мүчөлөр жана интонациялар
- Интонация, байламта
Вопрос 12
Татаал сүйлөм кайсы?
Варианты ответов
- Эшикти ачып Асан бөлмөгө кирди.
- Эшик ачылып Асан бөлмөгө кирди.
- Эшикти ачмакка Асан бөлмөгө кирди.
- Эшикти ачканы Асан бөлмөгө кирди.
Вопрос 13
Тең байланыштагы жана багынынкы байланыштагы татаал сүйлөм деген бөлүштүрүү эмнеге негизделген?
Варианты ответов
- Жөнөкөй сүйлөмдөрдогу структурага
- Жөнөкөй сүйлөмдөрдогу баяндоочтук формаларга
- Жөнөкөй сүйлөмдөрдогу ээ менен баяндоочко
- Жөнөкөй сүйлөмдөрдогу маанилик байланышка жана байланышуу өзгөчөлүгүнө
Вопрос 14
Татаал сүйлөмдүн кандай түрлөрү бар?
Варианты ответов
- Баяндоочтору ойду тыянактуу бүтүргөн түрү
- Татаал ойду билдирген түрү
- Тең байланыштагы, багынынкы байланыштагы
- Баш сүйлөм жана багынынкы сүйлөмдүн түрлөрү
Вопрос 15
Тутумундагы түгөйлөрү маанилик жактан бирдей даражадагы сүйлөмдөр эмне деп аталат?
Варианты ответов
- Татаал сүйлөм
- Тең байланыштагы татаал сүйлөм
- Байламтасыз татаал сүйлөм
- Багынынкы татаал сүйлөм
Вопрос 16
Тең байланыштагы салыштырма татаал сүйлөм кайсы?
Варианты ответов
- Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт
- Күз - күрөш, жаз - жарыш.
- Баатыр өлөт артында баркы калат.
- Кармашуу катуу болдуу , көбү өлдү, көбү качып кетти.
Вопрос 17
Багынкы байланыштагы татаал сүйлөм кандай сүйлөмдөрдөн турат?
Варианты ответов
- Эки же андан көп жөнөкөй сүйлөмдөрдөн
- Багыныңкы сүйлөмдөр
- Баш жана багынынкы сүйлөмдөн
- Баш сүйлөмдөн
Вопрос 18
"Илим-элдин көркү, токой- жердин көркү"деген сүйлөмдө багынынкы сүйлөм кайсы?
Варианты ответов
- Андай сүйлөм жок
- Илим-элдин көркү
- Токой- жердин көркү
- Илим - элдин көркү, токой-жердин көркү
Вопрос 19
Багынынкы сүйлөм баш сүйлөмдүн кайсы жагынан орун алат?
Варианты ответов
- Такай баш сүйлөмдөн мурда келет
- Такай баш сүйлөмдөн кийин келет
- Такай баш сүйлөмдүн ортосунан келет
- Баш сүйлөмдөн мурда да, кийин да, анын ортосунда да келе берет
Вопрос 20
Багынынкы сүйлөм эмнени билдирет?
Варианты ответов
- Жөнөкөй сүйлөмдөгү ойдун ар түрдүү кырдаалын
- Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөгү ойдун ар түрдүү кырдаалын
- Багыныңкы байланыштагы сүйлөмдүн ар түрдүү кырдаалын
- Баш сүйлөмдө айтылган ойдун ар түрдүү кырдаалын